Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабота приемной комиссии в московских университетах
Работа приемной комиссии в московских университетах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын жогорку окуу жайларында жакынкы чет өлкөлөр менен Балтика боюндагы республикалардын абитуриенттеринин бекер билим алуу системасын реформалоо керектигин Россотрудничество агенттигинин жетекчиси Евгений Примаков билдирди.

Алексей Стефанов

РФтин Мамлекеттик думасынын депутаты Евгений Примаков быйылкы жылдын июнь айында Россотрудничество агенттигинин жетекчилигине дайындалган. Ал дароо эле россиялык бул агенттикте олуттуу өзгөрүүлөр болорун убада кылган. Жаңы жетекчи аталган уюмдун талылуу темаларынын бири – чет элдик жарандардын россиялык ЖОЖдорго квота бөлүү системасы экендигин айтты. 

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРФтин Мамлекеттик думасынын депутаты Евгений Примаков
Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот - Sputnik Кыргызстан
РФтин Мамлекеттик думасынын депутаты Евгений Примаков
"Квотанын саны көбөйөт, президент (РФ президенти Владимир Путин – ред.) алардын арбый тургандыгын айтты. 2023-жылга карата эки ирет көбөйөт. Бирок биз Россиянын Жогорку билим берүү жана илим министрлигиндеги, Мамлекеттик Думадагы кесиптештерибиз менен квота тарыхы майнаптуу болбой келгенин талкуулап жатабыз", — деп айтып берди Россотрудничество уюмунун жетекчиси Евгений Примаков Sputnik агенттигине.

ЖОЖдорго көп орун бөлгөн Беларусту мисал катары келтирип, бирок Россиянын "ал тургай Польша менен теңтайлашканы оор" экендигин билдирди.

Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

"Поляктар билим алууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, студенттер үчүн гранттарды, стипендияларды чектейт. Биз атаандаша албайбыз. Биз болгону студенттерге келип, окуганды гана сунуштай алабыз. Квоталардын жок дегенде бир бөлүгүндө стипендия менен гранттар пайда болгондой системаны өркүндөтүшүбүз керек. Келип, окугула гана дебестен, учуп кеткенге билетиң мына, а бул — жатакана же баш калкалай турган жайга мүмкүнчүлүк беришибиз керек", — деди Примаков.

Россотрудничество Россияга билим алам деп келген чет элдик студенттер окуган тармагында мыкты адис болуп чыгышына кызыкдар экендигин айтты. Окуудан кийин алар мекенине кайтып, маанилүү деген позицияны ээлеп, жакшы ишке орношуусу керек. Бирок азыркы системада бул пландар ишке ашпай жатат.

"Россияга келип, кыйын кырдаалга тушуккан балдар бар, алар короо шыпырып же такси айдап иштеп жатышат. Биздин бюджеттик акчаны ал студенттердин окуусуна чыгымдаган учурду эске алганда да такыр туура эмес көрүнүш", — деп түшүндүрдү Россотрудничество жетекчиси.

Азырынча квота бөлүү системасын реформалоо боюнча так пландар болбогонун, аталган жааттагы көйгөй учурда талкуулануу стадиясында экендигин кошумчалады. Примаков анткен менен реформасыз мындан аркы кадамдар болбой турганын белгиледи.

"Росскызматташтыктын" деңгээлин көтөрүү керек. Жаңы жетекчи Примаковдун пикири

Чет элдик студенттер үчүн бюджеттик орундарга бөлүнгөн квотаны 15 миңден 30 миңге чейин көбөйтүү Мамлекеттик Думада 2020-жылдын башында бир топ талкууланган. Анда Думанын КМШ иштери, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников 15 000 орун Россиянын гуманитардык күчүнө жана эл аралык ролуна туура келбей тургандыгын айткан. Беларусь жарандары үчүн 10 миң бюджеттик орун бөлгөн Польшаны мисал келтирип, Румыния жыл сайын Молдованын 5000 атуулун бекер окутуп жаткандыгын кабарлаган. Ал учурда Россияда билим алуу ниетинде арыз берген чет элдиктердин саны 100 миңге чукулдап барган. Жыйынтыгында Россиянын Жогорку билим берүү жана илим министрлигинин планында чет элдик студенттерге каралган квотаны 30 миң орунга көбөйтүү планы коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0