Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

© Фото / ГУ МЧС по Московской области / Медиабанкка өтүүМосква облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгы
Москва облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москва облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгына жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскирип калышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу облустун Тергөө башкармалыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себеп болчу бир нече версия каралып жатат. Мисалы, жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскилиги себеп болушу ыктымал”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ишкананын документациясы алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, Кыргызстандын 49 жараны жабыркаган. Жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

Аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты. Элчилик жабыркаган кыргызстандыктарга материалдык компенсация төлөтүп берүү боюнча иштеп жатат. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0