Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

© Фото / пресс-служба посольства КР в РоссииРайондук оорукана
Райондук оорукана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн айрым бейтаптар райондук ооруканаларга тик учак менен жеткирилген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москва облусунда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган.

Кырсыктан жапа чеккен мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

"Элчиликтин кызматкерлери менен "FM LOGISTIC" компаниясынын жетекчилиги сүйлөшүп, жыйынтыгында компания кырсыктаган бардык КР жарандарына материалдык жактан колдоо көрсөтүп, медициналык камсыздандыруу алып берүүнү убадалады. Азыркы тапта тиешелүү тараптардын өкүлдөрү оор абалдагы бейтаптардан кабар алуу үчүн Красногорск жана Солнечногорск шаарларындагы ооруканаларга чыгып кетишти. Медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн айрым бейтаптар ооруканага тик учак менен жеткирилген",— деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар мындан тышкары Ступино, Чехов, Серпухов, Подольск, Коломна, Домодедово райондук ооруканаларына да жаткырылганы кошумчаланды.

Окуя болгон жерде элчиликтин консулу Россиянын прокуратура, тергөө комитети жана Москва РИИБ өкүлдөрү менен жолугуп, ишти объективдүү иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Мындан сырткары, элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине атайын каттарды жибергени кабарланды.

Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0