Россиянын Тергөө комитети. Архивдик сүрөт

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

151
(жаңыланган 10:38 28.09.2020)
Тергөө комитетинин алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда көпүрө урап, 51 кыргызстандык жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

"Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ступиного борбордук аппараттын криминалисттерин жиберди. Жакынкы аралыкта окуя болгон жерди текшерип башташат. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыкмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

151
Белгилер:
тергөө, кылмыш иши, кырсык, көпүрө, Москва
Тема боюнча
Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды
Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти
Мужчина демонстрирует модель разбившегося самолета, найденную на месте крушения лайнера Boeing 777 Малайзийских авиалиний в районе села Рассыпное Донецкой области.

Өз ара сый диалогго чакырып... Европалыктар Россияны сыйлоого аргасыз

97
(жаңыланган 19:10 21.10.2020)
MH17 каттамы кабылган кырсыктын чоо-жайы боюнча Нидерланды жана Австралия менен үч тараптуу консультациядан Россия Федерациясынын чыгуу чечимине байланыштуу Европа бир топ ызы-чуу салды.

Анын өңүтү жана жогорку кызматтагы өкүлдөр айткан калп маалыматтар деле ал апааттын чыныгы себептерин аныктоо боюнча Батыштын ниетинин жалгандыгын тастыктап турат. Мындай ойдун учугун чубаган Владимир Корниловдун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Нидерландынын тышкы иштер министри Стеф Блоктун расмий билдирүүсүн эле карайлычы. Ал: "Бүгүн Россия Федерациясы MH17 каттамынын кыйрашына өз жоопкерчилиги боюнча сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуу жөнүндө жарыялады", – деди. Көрсө, кайдадыр "Россиянын жоопкерчилиги тууралуу" сүйлөшүүлөр жүрүп, Россиянын андан кабары жок тура. 2014-жылы июлда кыйроого учураган малайзиялык "Боинг" кырсыктын жагдайы боюнча биринчи консультациялар былтыркы жылдын башында башталган.

РФ: "Алардын көңүл чордонунда кырсыкка Россиянын юридикалык жоопкерчилигин таануу" эмес, кырсыкка байланышкан жана чыныгы себептерин аныктоо үчүн маанилүү суроолордун тобу болот", – деп дароо айткан. Ошону менен бирге эле Москва дагы бир негизги маселени – согуштук аракеттер жүргөн аймактын үстүндөгү өз аба мейкиндигин жаап койбогону үчүн Украинанын жоопкерчилигин кароону баса белгилеген. Албетте, Блоктун мындан кабары бар. Бирок чындыкты атайын бурмалоого барып жатышат.

Бул чечим үчүн Москваны жабыла айыптоого киришкен батыш ишмерлери кырсыктан жабыр тарткандар темасы менен да кызыл кулактык кылууга аракет кылышууда. АКШнын Нидерландыдагы элчиси Пит Хукстра Россиянын үч тараптуу консультациядан чыгышын "кырсыктын курмандыктарынын жакындарына жана адилеттүүлүккө умтулууга кезектеги сокку" деп атады.

Айрым голландиялыктардын реакциясына таңгалып болбойт, алар расмий бийлик тарабынан кандай айтылса, ошол калыбында кабыл алышат эмеспи.

Мисалы, Блоктун окурмандарынын бири Россияга ызырына: "Нидерландыдан тезинен бардык орустарды чыгаргыла, элчиликти жапкыла, Россия менен тышкы сооданы токтотуп, россиялык газды сатып албагыла. Биздин флотту Крымга жөнөткүлө", – деп жазган. Пикирин жазгандардын дээрлик эч кимиси көңүлү сууган голландиялыктарга Москванын бул кадамынын себептерин так түшүндүргөн жок.

Кулаган MH17 учагынын иши боюнча интернетте жаңы документтер пайда болду

РФ Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, эгер голландиялыктар Адам укуктары боюнча европалык сотуна Россияга каршы доо арыз менен кайрылуудан башка жолду тандаган болсо, анда консультацияларды чын дилден улантмак.

"Нидерландынын мындай касташкан аракеттеринен кийин үч тараптуу консультацияны улантуунун, ага биздин катышуубуздун кажети жок. Үч тараптуу консультацияларды үзгүлтүккө учуратууга жоопкерчилик толугу менен расмий Гаагада", – деп айтылат РФ ТИМинин билдирүүсүндө.

Мындай ыңгайсыз учурду батыш басма сөзү көп узартып баяндагысы жок же дегеле андан кеп козгошпойт. Дал Гааганын Адам укуктары боюнча европалык сотуна доо арыз берүү менен кырсыкта набыт болгондордун жакындарына зыян келтиришкен. Алардан жеке доо менен да аталган сотко кайрылгандар болгон. Мындай биринчи арыз 2016-жылдан тарта каралып келип, кийин жаңы доо менен толукталган. Башкача айтканда, MH17 боюнча иш кызуусунда.

Быйыл 10-июлда Нидерланды өкмөтү мамлекеттер аралык доо арыз менен ошол эле сотко кайрылуудан бөлөк түзүгүрөөк эч нерсе таба алган эмес. Анан да эки жүздүүлүк менен доо ал жакта кароодогу иштерди колдоо иретинде берилди дешет. Бул – голландиялык тараптын айдан-ачык калпы.

Гаагада, глобалдык юридикалык калаада Адам укуктары европалык сотуна мамлекеттер аралык доо арыз тапшырылганда ошол эле иш боюнча териштирилип жаткан жеке иштердин баары өлкөлөр арасындагы талаш аяктаганча дароо токтотуларын билишпестигин элестетүү кыйын. Бул Адам укуктары боюнча европалык конвенциясынын (2018-жылы Европа кеңешинин мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган) тутумунун реформасы жөнүндөгү Копенгаген декларациясынын 45-пункту менен даана бекитилген. Башкача айтканда, Гаага MH17 курмандыктарынын туугандарына жамынып, бирок, өзү алардын доо арыздары боюнча соттун чечимдерин бир нече жылга создуктуруп келет (мамлекеттер аралык иштердин каралышы өтө узак жүрүшү мүмкүн). Голландиялык басма сөз, албетте, мындан кеп салбайт.

Аталган сотко Нидерландынын доо арызы башка юридикалык органдар – БУУнун Эл аралык соту менен кызыкчылыктар кагылышын потенциалдуу түрдө түзөт. Анда Россияга каршы Украинанын иши эбак каралып жатат.

Европалык сот (Евробиримдиктеги жогорку соттук инстанция) 2014-жылы эле Адам укуктары боюнча европалык сотунда каралган эл аралык иштер башка эл аралык соттук органдардын юрисдикциясына жолтоо болбоого тийиштиги туурасында пикирин билдирген. Башкача айтканда, Нидерланды өкмөтү жеке арыздарды кароону гана создуктурбастан, ар кандай инстанциялар ортосунда кызыкчылыктардын кагылышын жаратууда.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

Быйыл март айында көп күттүргөн сот процесси Схипхолл аэропортунун аймагында ызы-чуу, шаан-шөкөт менен башталган. Бул процесстин уюштуруучулары күткөндөй болбогону дароо түшүнүктүү болгон. Биринчиден, белгиленген төрт "айыпталуучу" MH17нин кыйрашына эч кандай тиешеси жок (бул процесс улам өрчүгөн сайын баарына бул даана түшүнүктүү болуп баратат). Экинчиден, россиялык атайын кызматтардын офицерлерин процесске байланыштыруу боюнча ушундай эле ызы-чуу менен коштолгон аракеттери текке кеткен.

"Боинг" кыйраган күн жакындаганы анын курмандыктарынын жакындары иш оңунан чыкпай турганын түшүнүп калышты. Алар америкалык элчи Хукстрага жолдогон катта да алар муну ачык көрсөтүшкөн.

Алар АКШны ошол убактагы мамлекеттик катчы Жон Керри айтып чыккан спутниктен алынган сүрөттөрдү сотко көрсөтүүгө үндөшкөн. Бирок баары көрүп тургандай эч кандай сүрөт болгон эмес. Хукстра эми ошол кырсыкта набыт болгондордун жакындары үчүн санаа тартып, Россияны айыптап жатат. Иш сотто утуларын, ал эми Гаага алты жылдан бери коомчулукка эч нерсе көрсөтө албаганын түшүнүп, Адам укуктары боюнча европалык сотко доо арыз менен кайрылууга барган.

Иш боюнча ыңгайсыз суроолордон качуу, коомчулуктун көңүлүн жаңы ишке буруу үчүн атайын дал ушул убак тандалган. Сотто бул иш оңунан чыкпай турганын, ал эми Гаага MH17нин кыйрашынын алты жылдыгына деле Нидерланды менен формалдуу топтун алкагында болсо да кандайдыр бир диалог баштоого үмүт арткан Россия анан кандай кылууга тийиш? Экинчи тарап эбак өзү үчүн чечип алган болсо, кайсы диалог туурасында сөз болсун?

Мында Сергей Лавровдун жакындагы эле: "Батышта тышкы саясатка жооп берген адамдар өз ара сый сакталган сүйлөшүүнүн зарылдыгын аңдай албай турушат. Балким, кайсы бир мезгилге дейре алар менен сүйлөшүүнү токтотууга тийишпиз", – деген сөздөрүн кантип эстебей коебуз?

Россиянын MH17 боюнча консультациядан чыгуу тууралуу чечими – министрдин сөздөрүнүн жүзөгө ашырылышына алгачкы кадам. Биринчи, бирок акыркы эмес. Өз ара сый диалогго европалыктарды мажбурлоого Россиянын жолу башталды дей бериңиздер. Анан да кыйла узак болот.

97
Белгилер:
АКШ, диалог, Россия, Европа
Тема боюнча
Лавров европалык лидерлер менен сүйлөшүүнү токтотууга сөз берди. Себеби
Лавров ЕБдин Россияга киргизген санкцияларына АКШнын катыштыгын айтты
ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев. Архивдик сүрөт

ТИМ жетекчиси Казакбаев Россияга иш сапар менен барат

94
(жаңыланган 13:38 21.10.2020)
Министр Казакбаев менен россиялык кесиптеши Сергей Лавровдун жолугушуусунда эки өлкөнүн алака маселелери каралат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 22-24-октябрда КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапары менен Россия Федерациясына барарын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш сапардын алкагында министр Казакбаевдин россиялык кесиптеши, РФдин тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө жана коопсуздук жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын өз ара кызыкчылыкты камтыган ар тараптуу алака маселелери тууралуу сөз болору айтылган.

94
Белгилер:
жолугушуу, Кыргызстан, Руслан Казакбаев, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот