Домодедово аэропортундагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт

Чет элдик студенттерге Россияга кирүү шарттары түшүндүрүлдү

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Россия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдик студенттер өлкө аймагына кирүүгө чектөө алынгандан кийин гана бара алышат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Билим берүү жана илим министрлигине таянып кабарлады.

"Россияда билим ала турган чет өлкөлүк студенттердин кирүүсүнө уруксат берүү чектөөдөн көз каранды. Башкача айтканда, кайсы мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берилсе, ошол өлкөнүн гана студенттери Россияга кире алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Россия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган. Ал эми 27-сентябрдан тарта түштүк кореялыктарга уруксат берилген.

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

Россиянын билим берүү жана илим министри Валерий Фальков 12-сентябрга карата коронавирустан улам жогорку окуу жайларда билим алчу 100 миңге чукул чет элдик студент өлкөгө кире электигин айткан.

Белгилер:
чектөө, кирүү, студент, окуу, ЖОЖ, Россия
Тема боюнча
Чет элдик биринчи курстун студенттери Россияга сентябрда кире алышат
Россия: чет элдик студенттердин окуганга киришине уруксат берилиши мүмкүн
Аткаминерлер. Архив

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

(жаңыланган 22:44 14.04.2021)
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:

  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.

Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.

Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.

16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.

Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.

Белгилер:
Россия, маселе, жыйын, төрага, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы
Тема боюнча
ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга учат

(жаңыланган 19:46 14.04.2021)
Иш-чаранын катышуучулары коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелерин талкуулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин делегациясы төрага Талант Мамытовдун жетектөөсү менен Санкт-Петербургга учат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, төрага КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышат.

Пленардык жыйында коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Мамытовдун бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Белгилер:
Россия, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы, Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек