РФтин Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев. Архивдик сүрөт

Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады

67
(жаңыланган 16:12 24.10.2020)
Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында бир нече олуттуу маселелерди көтөргөн. Анын ичинде өзөктүк курал боюнча тема бар.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россия БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу беш мүчө өлкөнүн жеке саммитин өткөрүп, өтө курч маселелерди талкуулап, өзөктүк куралды колдонуу темасы боюнча диалогду улантууну ойлонуштуруп жатат. Бул боюнча РФтин Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында айткан.

Макала менен RT телеканалынын сайтынан таанышууга болот.

БУУнун баш катчысы ааламды аңтарып жиберет деген төрт кооптуулукту атады

"БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында 1978-жылы түптөлгөн куралсыздануу боюнча Конференциянын аянтчасында эл аралык бир катар негиз салуучу макулдашуулар иштелип чыгып жана кабыл алынган. Ал дүйнө элдеринин коопсуздугун камсыздоого, эл аралык деңгээлдеги чыңалууну жумшартууга жана өзөктүк куралды пайдаланууда мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө багытталган. Бул процессте СССР өзгөчө ролду ойногон. Бүгүн ошол багыттагы ишти токтоосуз улантыш керек. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Россия сунуштаган "өзөктүк бештик" болгон өлкөлөрдүн адамзаттын курчуп турган маселелерин чечүү үчүн маңдайлаша отуруп, уюштурулган саммитин өткөрөт деп ишенебиз. Тез арада чечүүнү талап кылган дагы бир маселе бар. Ал — Стратегиялык куралдуу кол салууну чектөө жана кыскартуу чаралары боюнча келишимди (СНВ-3) узартуу", — деген Медведев.

Ал маанилүү бул документти узартуу боюнча позицияларды Россия иштеп чыгып, түзүп койгондугун кошумчалаган.

67
Белгилер:
саммит, өзөктүк курал, Дмитрий Медведев, БУУ, СССР, Россия
Тема боюнча
Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин "Валдай" клубундагы сөзү
"Жок дегенде аракет кылып көрүш керек". СНВ-3 макулдашуусун узартуу боюнча пикир
Россиянын азык-түлүк жардамы

Россиянын азык-түлүк жардамын 125 миң кыргызстандык алат

152
(жаңыланган 15:33 25.11.2020)
Россия өлкөгө 9 миң тоннадай тамак-аш жөнөтөт. Аз камсыз болгон үй-бүлө алты мүшөк ун жана жыйырма литр өсүмдүк майын алмакчы.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу 125 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли билдирди.

  • Россия Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу 125 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берет
    Россия Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу 125 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли билдирди
    Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли билдирди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Буга чейин Россия өлкөгө 9 миң тоннадай тамак-аш жөнөтөрү айтылган болчу
    Буга чейин Россия өлкөгө 9 миң тоннадай тамак-аш жөнөтөрү айтылган болчу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мындай жардам социалдык жумушту аткаргандарга берилет
    Мындай жардам социалдык жумушту аткаргандарга берилет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоордук бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Темишевдин айтымында, алгач айыл тургундары жолугушуп, абалды жакшыртууну сүйлөшүшөт
    БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоордук бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Темишевдин айтымында, алгач айыл тургундары жолугушуп, абалды жакшыртууну сүйлөшүшөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ошондой эле ал Россия Федерациясы республиканын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча дагы башка долбоорлорду каржылоону улантарын кошумчалады
    Ошондой эле ал Россия Федерациясы республиканын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча дагы башка долбоорлорду каржылоону улантарын кошумчалады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Россиянын азык-түлүк жардамы
    Россиянын азык-түлүк жардамы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Россия Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу 125 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берет

Буга чейин Россия өлкөгө 9 миң тоннадай тамак-аш жөнөтөрү айтылган болчу.

"Учурда дүйнө жүзү коронавирус пандемиясына кабылганда мындай колдоо өзгөчө мааниге ээ. Россиянын 8 миллион долларлык каржылоосу менен алыскы айылдарда жакырчылыкта жашаган 125 миң адам 9 миң тоннага жакын азык-түлүк жардамын ала алышат. Жашоочуларга ун жана өсүмдүк майы берилет", — деген Баньоли.

Мындай жардам социалдык жумушту аткаргандарга берилет. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоордук бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Темишевдин айтымында, алгач айыл тургундары жолугушуп, абалды жакшыртууну сүйлөшүшөт.

"Маселен, жер көчкүнү алдын алуу үчүн токой бактарын тигүү керек болсо, айыл өкмөтү социалдык жумушчулардын жардамы менен аз камсыз үй-бүлөдөгү ыктыярчылардын тизмесин түзөт. Жумушчулар долбоор бүткөндөн кийин 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден май алышат", — деди Темишев.

Ошондой эле ал Россия Федерациясы республиканын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча дагы башка долбоорлорду каржылоону улантарын кошумчалады.

152
Белгилер:
каржылоо, азык-түлүк, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү кайра жандантмай болду
Россиянын желеги. Архив

Россия кимге кандай гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Маалымат картасы

295
(жаңыланган 00:05 24.11.2020)
Карта расмий маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Базадагы 65 мамлекеттин ичинде Кыргызстан да бар.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. КМШ, чет жакта жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык жардам боюнча федералдык агенттик (Россотрудничество) Россия кимге кандай жардам көрсөткөнү тизмектелген маалымат базасын түздү. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Жетекчиси Евгений Примаков Россиянын башка мамлекеттерге гуманитардык колдоо көрсөтүү жаатында кандай иштерди жасап жатканын чет жактын тургундары билбей каларын белгилеген.

“Ал жакта ким кимге канча бергенин билишпейт. Чет жактагы иштерибиз тууралуу маалымат жок”, — деди Примаков.

Долбоорду түзүүчүлөрдүн бири Михаил Петросян гуманитардык карта ЖМК, элчилик жана башка уюмдардан чогултулуп бир жерге топтолгон база экенине, мындай аракет Россияда биринчи жолу ишке ашып жатканына токтолду. Анын айтымында, долбоордун алкагында краудсорсинг, башкача айтканда, маалыматка эгедер кишинин тизмени толуктоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Карта менен шилтеме аркылуу таанышууга болот. Кыргызстанды басып, Россия республикага саламаттык сактоо жаатында жардам бергени айкын көрүнөт.

Жыл башынан бери өлкөгө көрсөтүлгөн колдоо:

  • 4-февралда коронавирусту аныктоо үчүн 500 тест-система келген;
  • 3-15-март күндөрү Россиядан 7 600, ал эми 21-мартта Роспотребнадзордон 10 миң кишинин диагнозун аныктоого жеткидей тест-системалар жеткирилген;
  • 6-апрелде Роспотребнадзор тест-системанын 256 топтомун жөнөткөн;
  • 10-апрелде Роспотребнадзор өткөрүү пунктуларын жабдуу үчүн 10 инфракызыл термометр менен камсыздаган;
  • 14-апрелде Бишкекке эпидемиологиялык кырдаалды баалоо үчүн Роспотребнадзор менен РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин адистери келип, Кыргызстандын медициналык мекемелеринде консультация беришкен. Россия тарап кошумча дагы 20 миң тест тапшырган;
  • 3-июлда Бишкекке Роспотребнадзордун адистери келип, Саламаттык сактоо министрлигинде сүйлөшүүлөр жүргөн. Мындан тышкары, алар Улуттук госпиталь жана башка ооруканаларга барып, коронавирусту аныктоого 30 миң тест-система алып келишкен;
  • 22-июлда РФ Коргоо министрлиги Кыргызстанга алты медицина бригадасын (19 киши), жабдуу, жеке коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражат, дары-дармек жөнөткөн;
  • 23-июлда РФтин ӨКМинен Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун 49 адиси келген. Алардын курамында анестезиолог-реаниматологдор, инфекционисттер, терапевттер, кардиологдор, пульмонологдор болгон. Россиялык делегация 50 миң изилдөөгө жеткидей ПЦР-тест жана реагенттерди тапшырган;
  • 26-июлда РФтин ӨКМи көчмө рентген аппараттары, керебеттин жанына коюлуучу мониторлор, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек жана хирургиялык бет каптардан турган гуманитардык жүк жөнөткөн;
  • 2-августта “Фармстандарт” компаниясы Кыргызстан менен Россиянын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында 51 миллион рублдик жардам көрсөткөн. Анын ичинде 100 коргоочу комбинезон, 24 729 үч кат бет кап, 5 248 коргоочу көз айнек жана башка жабдуу бар.

Бүгүнкү күндө маалымат базасында Россия колдоо көрсөткөн 65 өлкө бар. Берилген 220 жардам катталган. Маалыматтар 400дөн ашуун булактан чогултулууда.

295
Белгилер:
Кыргызстан, маалымат, карта, коронавирус, Россия, жардам
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү кайра жандантмай болду
Баткенде Өзбекстандын жардамы менен жугуштуу илдеттер ооруканасы курула баштады
Мамлекеттик кызматкерлер жыйын учурунда. Архив

Конституциялык кеңешменин курамы өзгөрдү. Жаңы кошулган 10 адамдын тизмеси

94
(жаңыланган 21:48 25.11.2020)
Кеңешменин курамына жаңы киргендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, коомдук ишмер, юрист жана укук коргоочулар бар. Ал эми кеңешмедеги ЖК депутаты Канат Керезбеков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу чыгарылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 10 адам кошулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешменин курамы мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык өзгөргөн.

"Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгү эске алынды. Ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартып, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелери жетекчиликке алынды", — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, кеңешмеден үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ЖК депутаты Канат Керезбеков чыгарылган.

Кеңешме курамына 10 киши кошулду. Алар:

  • Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  • Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  • Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Төлөйкан Исмаилова — "Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору;
  • Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору;
  • Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  • Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  • Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  • Таалайбек Шамурзаев — Кыргыз-орус славян университетинин Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.
94
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт