БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам жаралган кырдаал — экономиканын төмөндөшү бардык мамлекеттерди баалуулуктарды кайрадан карап чыгып, алдыңкы орунга адам ден соолугун, жашоосун, укугун коргоону коюу зарылдыгын көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында айткан.
"Глобалдуу пандемиядан келип чыккан учурдагы экономикалык төмөндөө адамдардын татыктуу жашоосуна мамлекеттердин кепилдик берип, камсыздоосун кароого мажбур кылууда. Алар биринчи орунга адамдын ден соолугун, жашоосун, укугун коргоо милдетин коюп, баалуулуктарды кайрадан карап чыгуусу зарыл", — деген Медведев.
Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады
Ал планетаны каптаган оору адамзаттын баарынын башына бирдей түшкөндүгүн айткан.
"COVID-19 эпидемиясы саясий эркиндиктер адамдын өмүрүн өзүнөн-өзү эле коргоп жибербестигин көрсөттү. Ал үчүн майнаптуу жана элдин бардыгы колу жетип, дарылана ала тургандай медициналык система менен социалдык коргоо керек. Санитардык коопсуздукту камсыздай алган мамлекеттик жалпы программалар жана бардык деңгээлдеги бийликтин иши так жөндөлүп турушу зарыл", — деп кошумчалаган Медведев.
Анын пикиринде, экономикасын мобилизация жасай алуучу дал ошол күчтүү мамлекеттер менен пандемияга каршы иштеген саясий институттар тумоонун кесепети менен натыйжалуу күрөшүп, миллиондогон өмүрлөрдү сактап калды.
БУУ пандемия учурунда байыган миллиардерлерди элге жардам берүүгө чакырды
"Цивилизациялуу элдин атынан түптөлгөн БУУ 1940-жылдын аягында 1950-жылдары пайда болгон, бул сыяктуу башка эл аралык уюмдарга Дүйнөлүк экинчи согуш сыяктуу алааматтардын кайталанышына жол бербөө чакырыгы ташталган. Алар көптөрдүн жүрөгүн үшүткөн геноцид, аскердик кылмыш, адам баласынын укугу менен эркиндигин тепсөө, кишилерди мазактоо, басынтуу эле. Бул максатка жетүү үчүн ири алдыда мамлекеттин социалдык өнүгүүгө киришүүсүн чектөө, жеке эркиндиктин абсолютташтырылышы, коомдук кызыкчылыгына таасирин тийгизүү менен субъективдүү укуктардын үзгүлтүксүз кеңейип турушу болгон. Бир эле учурда улуттук мамлекеттерге "позитивдүү милдеттер" алкагында бир топ милдеттер конкреттүү бир адамдын укугун бузуудан алыс болуу максатында эле жүктөлбөстөн, аны менен камсыздоону, мамлекеттик "туура" башкарууга кепилдик берүүнү сактап турат", — деген Медведев.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынын таап, таанышууга болот.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиялык "Мешок" интернет-аукционунда юбилейлик 100 сомдук купюра сатыкка коюлду.
Анын баштапкы баасы 2,2 миң рубль (2,5 миң сом) деп коюлду.
Бардыгы болуп мындай банкнотадан 3 миң даана чыгарылган. Бардыгы Кыргызстанда төлөм каражаты болуп эсептелет.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.