БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бере аларын РФтин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында жазды.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынан таанышууга болот.
Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү
"Глобалдуу маалымат айдыңында коопсуздукту камсыздоо принципиалдуу мааниге ээ болуп бара жатат. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек", — деп айтылат макалада.
Медведев бул боюнча кылмыштардын арбып бара жаткандыгын да жазган.
"Санариптин өнүгүшү, тилекке каршы, маалыматтык айдыңда кылмыштардын арбышын жаратат (анын пандемия учурунда көбөйүп кеткендигин байкоого болорун белгилей кетели)", — деген ал.
Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалыматтык айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.
Ал БУУнун Башкы Ассамблеянын 73-сессиясында көпчүлүк добуш менен россиялык резолюция кабыл алынгандыгын эске салды.
Медведев пандемия маалындагы мамлекеттердин башкы милдети тууралуу айтты
"Аталган резолюциянын зарылдыгы улут аралык мүнөздөгү чакырыктар эл аралык коомчулуктун жапа тырмак катышуусунда гана майнаптуу болот. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бериши мүмкүн. Ал эл аралык укуктун ченемдерине, принциптерине таянат, маалымат тармагындагы жалпы кызыкчылыктарга жооп берет", — деп айтылган макалада.
Медведевдин айтымына караганда, мындай нерсе "эл аралык тынчтык менен коопсуздукту колдоону арттырып, аны менен катар эле эл аралык укукта макулдашылбаган технологияларды колдонууга жол бербейт".
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду.
Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту.
Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов Россия менен Кыргызстанды эзелтеден берки жакындык, достук мамилелер байланыштырып келе жаткандыгын айтты.
"Кыргыз ССРинин жашоочулары фашизмди жеңүүгө абдан зор салымын кошкон. Бүгүн кайрадан жалпы душманга – коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн биригүү зарылдыгы пайда болду. Россия Кыргызстанга медициналык каражаттар, медициналык жабдуулар жана дарыгерлерди жөнөтүп, жардам берүүдө", — деген ал.
Монументке гүл коюлгандан кийин концерт болду.
Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон. Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет.
1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүп салынган.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөн.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.
Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.
Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.
"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.
Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.
Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.