Путин аралыктан иштөөгө көнүп калганын айтып, оң жактарын санап берди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ
Президент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери видеобайланыштар жумушту үзгүлтүккө учуратпай жана кызыкдар тараптарды көбүрөөк чогултаарын белгилеген.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин аралыктан иштөөнүн оң жактарын атап, мындай режимге көнүп калганын билдирди. Бул тууралуу “Россия 1” телеканалы жазат.

“Россия зовет!” форуму учурунда ВТБ банкынын жетекчиси Андрей Костин Россия лидеринен “видеобайланыш аркылуу коммуникация түзүү кыйынчылык жараткан жокпу” деп сураган. Анда Путин буга көнүп калганын айткан.

Россия аралыктан иштөө мыйзамын кабыл алууда

“Аудитория менен кызыктуу жана жандуу болот. Мындай мүмкүнчүлүктөр бар экени да жакшы”, — деди президент.

Ошондой эле Путин видеобайланыш кызматкерлердин жумушун көп убакытка үзгүлтүккө учуратпай жана кызыкдар тараптарды көбүрөөк чогултууга шарт түзөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0