Россияда COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланууда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПоезд вагонундагы медициналык маскадагы жүргүнчү. Архив
Поезд вагонундагы медициналык маскадагы жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин COVID жуктурган чет элдиктер Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар учурда гана акысыз же жеңилдиктер менен дарылана алчу.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Россиянын көпчүлүк аймактарында COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланып жатат. Бул тууралуу Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментине шилтеме берип Sputnik радиосу жазды.

Буга чейин COVID жуктурган чет элдиктер Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ММК полиси) бар учурда гана акысыз же жеңилдиктер менен дарылана алчу. Анткени камсыздандырылган же акысыз дарыланууга укук берген ММК полиси Россияда убактылуу же туруктуу жашоого уруксат берилген чет элдик жарандарга, качкындарга жана эмгек келишими аркылуу иштеген ЕАЭБ мамлекеттеринин атуулдарына берилет.

Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда

"Бирок бийлик коронавирус бардык адамзатына коркунуч алып келген оору экенин эске алып, полиси жок мигранттарды дагы акысыз дарылоонун жолун тапты. Негизи Тажикстан, Өзбекстан, Украина сыяктуу өлкөлөрдөн келип, аталган полисти ала албаган жарандарга күтүлбөгөн кырсыктан улам жаракат алып, өмүрүнө коркунуч жаралып турган учурда гана акысыз тез жардам көрсөтүлөт. Эми өлкө бийлиги коронавирусту дагы ушул категорияга кошуп койду", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов Sputnik радиосуна айтканына караганда, бул нерсе мигранттарга чоң жардам болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0