COVID кайдан чыкты? РФтин Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси жооп берди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүИнтервью директора СВР С. Нарышкина РИА Новости
Интервью директора СВР С. Нарышкина РИА Новости - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча 48,7 миллион адам коронавирус илдетине кабылды. Алардын ичинен 32,2 миллиону айыгып, 1,2 миллиону көз жумду.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү күндө коронавирус адам тарабынан атайылап жайылтылганын далилдеген маалыматтар жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин билдирди.

Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Ал "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин директору Дмитрий Киселевго интервью берген. Журналист COVID-19 илдетин кызыкдар тараптар атайын жайылтышы мүмкүн деген божомол көптөрдү кызыктыраарын айтып, "Тышкы чалгын кызматында так маалымат болсо керек" деген суроосун узатты.

"Бул продукция адам колу менен жасалганын далилдеген бир дагы маалымат жок. Биздин оюбузча, вирус табигый түрдө пайда болгон", — деди Нарышкин.

Акыркы маалыматтар боюнча, 48,7 миллион адам коронавирус илдетине кабылды. Алардын ичинен 32,2 миллиону айыгып, 1,2 миллиону көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0