Нарышкин: Путин Чалгын кызматынын маалыматтары менен кылдат иш алып барат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПервое заседание Государственной Думы РФ
Первое заседание Государственной Думы РФ  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкиндин айтымында, бардык документтерди президентке жеке өзү берип турат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Чалгын кызматынын маалыматтарына кесипкөйлүк менен мамиле кылат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев менен болгон маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал РФ президенти бул чөйрөнү кылдаттык жана өзгөчөлүктөрүн терең түшүнгөндүгүн белгилейт.

"Президент Чалгын кызматынын маалыматтары менен кылдат иш алып барат. Кесипкөйлүк менен иштейт, тигил же бул маалыматтын канчалык маанилүү экенин белгилейт. Биз анын айткандары боюнча иш алып барабыз, айрымдарын тактайбыз, мамлекет башчынын суроолоруна жооп беребиз. Албетте, биздин иштин өзгөчөлүктөрүн терең билген жетекчи менен иштөө зор рахат", — деген Нарышкин.

Анын айтымында, Тышкы чалгын кызматы өлкө башчысын эс алуу жана майрам күндөргө карабай маалыматтар менен камсыздап турат, анткени маалыматтар дүйнөнүн дээрлик бардык континенттеринен келип турат.

Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

"Тышкы чалгын кызматынын бардык маалыматтары менен документтерин жеке өзүнө билдиребиз", — деп белгиледи ал.

Владимир Путин 1985–1990-жылдары Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) Биринчи башкы башкармалыгынын линиясы (советтик тышкы чалгын) боюнча Дрезденде (ГДР) жергиликтүү Достук үйүнүн директору катары иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0