Россия лидери Владимир Путин

Вакцинаны чет өлкөдө чыгаруу пландалууда. Путин БРИКС саммитинде жарыя кылды

114
(жаңыланган 21:31 17.11.2020)
Путин россиялык адистер иштеп чыккан вакцинанын майнаптуу жана коопсуздугун, кеп азыр аны жапырт чыгарууда тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы Кытай менен Индияда чыгышы мүмкүн. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин айткандыгын РИА Новости жазды.

Бүгүн, 17-ноябрда, БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) саммити видеоконференция форматында өттү. Быйыл бул уюмга Россия төрагалык кылууда, келерки жылы ал Индияга өтөт.

"Россиянын түз инвестициялар фонду индиялык, бразилиялык өнөктөштөр менен "Спутник V" вакцинасын клиникалык жактан сыноо боюнча келишим түздү. Ал эми Кытай, Индия фармацевтика компаниялары менен алардын аймагында биздин вакциналарды чыгарган борбор ачуу боюнча макулдашты. Препарат өздөрүнүн гана калкы үчүн эмес, үчүнчү өлкөлөргө да чыкмакчы", — деди Путин.

Россия лидери бул өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

"Россиялык вакциналар бар, алар иштейт, алар майнаптуу, коопсуз. Кеп азыр аларды жапырт өндүрүүдө болуп турат. Бул жерде аталган продукцияны кеңири айлантууга салууда массалык түрдө чыгаруу үчүн күчтөрү бириктирүү өтө маанилүү", — деди Путин.

Россия президенти жакын арада коронавируска каршы россиялык үчүнчү вакцина даяр болорун белгилеген.

"Аларды чыгарууда жана колдонууда БРИКС боюнча өнөктөштөр менен иш алып барууга биз даярбыз", — деген Россия лидери.

БРИКСке мүчө-өлкөлөрдүн жетекчилери коронавирустан башка глобалдуу жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

Иш-чаранын катышуучулары саммиттин жыйынтыгы менен үч документ кабыл алышты. Алар: Москва декларациясы (дүйнөдөгү жалпы кырдаалга берген бааны чагылдырат), террорчулукка каршы стратегия жана 2025-жылга чейинки экономикалык өнөктөштүктүн жаңыланган стратегиясы.

114
Белгилер:
саммит, вакцина, коронавирус, Владимир Путин, БРИКС, Россия
Тема боюнча
ДССУ коронавирустун вакциналарын тарата турган болжолдуу датаны айтты
Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин "Валдай" клубундагы сөзү
Россия ТИМи. Архивдик сүрөт

Россия ТИМи Латвияда Sputnik журналисттеринин кармалышын сындады

18
(жаңыланган 10:36 04.12.2020)
Журналисттерге Европа биримдигинин (ЕБ) санкциялар режимин бузду деп айып тагылууда. Алар сурактан кийин эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып беришкен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Baltnews жана Sputnik Латвия агенттиктеринин орус тилдүү журналисттеринин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу Латвия бийлигин сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Буга чейин Sputnik Жакынкы чет өлкөлөр агенттиги аталган агенттиктердин журналисттерине Европа биримдигинин (ЕБ) санкциялар режимин бузду деп айып тагылып, суракка чакырылганын жазган. Ошондой эле ар биринен эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат алышкан. Латвиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 84-беренесине ылайык, журналисттерге айып пулдан тарта эркинен ажыратууга чейин жаза каралган.

"Латвиянын Улуттук коопсуздук кызматынан орус тилдүү журналисттерге карата мындай мамилесин сөз эркиндигин жана демократия принциптерин бузуу деп баалайбыз. Журналисттерди кылмышка күнөөлөп, кармашты. Үйлөрүн тинтип, өздөрүн суракка алууда", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ведомстводон билдиришкендей, Sputnik Латвия агенттигинин журналисттерин ЕБ санкцияларын бузду деп айыптоого мүмкүн эмес.

"Бул чектөөлөр бир гана "Россия сегодня" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго тиешелүү. Медиахолдинг менен кызматташкан башка адамдарга таасир этпеши керек. Ошол эле учурда Baltnews агенттигинин орус тилдүү журналисттерин "тынчытуу" аракети болууда", — дешти тышкы саясат ведомствосунан.

Ошондой эле Россия ТИМи бул маселе Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ОБСЕ) көтөрүлүшү керектигин кошумчалады.

"ОБСЕ төрагасы жана ЕБ сөз эркиндигине болгон мындай кысымга көңүл кош карабай, тиешелүү баасын берет деп үмүт артабыз", — дешти министрликтен.

Өз кезегинде RT жана "Россия сегодня" агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян Telegram каналы аркылуу Россия бийлиги Baltnews жана Sputnik Латвиянын журналисттерине карата куугунтук боюнча жооп берет деп ишенерин айтты.

Ушундай эле кырдаал былтыр Эстония мамлекетинде жаралган. Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым жасап, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе, кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкан.

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

ЕККУнун өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигинин ЕБдин жеке санкцияларын Sputnik Эстония жамаатына колдонушу ЖМК эркиндиги жаатында көйгөй жаратарын айткан. Таллинди журналисттердин ишин керексиз чектөөдөн алыс болууга чакырган. Дезир Sputnik Эстония Евробиримдиктин санкцияларынын тизмесинде жок экендигин баса белгилеген.

Ал эми РФ президенти Владимир Путин Россия Sputnik агенттигинин башка өлкөлөрдөгү кызматкерлеринин ишин толугу менен колдой турганын айткан.

18
Белгилер:
журналист, кылым, сөз эркиндиги, ЖМК, Sputnik
Тема боюнча
Twitter РИА Новостиге санкция киргизди. "Россия сегодня" үн катты
COVID-19га каршы эмдөө . Архивдик сүрөт

Москва: COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн электрондук кезекке жазылуу башталат

29
(жаңыланган 10:07 04.12.2020)
Эмдөө өнөкөт оорусу жок, 18ден 60 жашка чейинки, клиникалык сыноого катышпаган, акыркы бир айда сасык тумоого каршы вакцина албаган адамдарга жасалат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн Москвадагы медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана шаардын социалдык кызматтарында иштегендердин электрондук кезекке жазылуусу бүгүн-эртең менен башталат. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Ал үчүн эртең мененки саат сегизден тарта жогорудагы саналып кеткен кызматкерлер mos.ru порталы аркылуу жазылса болот.

Шаршемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин вице-премьер Татьяна Голиковага келерки аптада россиялыктарды вакцинациялоо боюнча масштабдуу ишке киришүүнү тапшырган. Анын айтымында, 2 миллион доза вакцина жакынкы күндөрү даяр болот.

Эмдөөнү кимдер ала алат?

Учурда коронавируска каршы вакцина москвалыктарга, анын ичинен өтө тобокел тобунда тургандарга гана салынат. Алар — күнүгө көп сандаган адамдар менен байланышта болгон шаардыктар. Булардан сырткары медициналык кызматкерлер, педагогдор, шаардык социалдык мекемелерде иштегендер эмделет.

Препараттын келип түшүшүнө карата азырынча айтылган категориядагылар, андан кийин акырындап бардык шаардыктар алса болот.

Эмдөө өнөкөт оорусу жок, 18ден 60 жашка чейинки, коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноо иштерине катышпаган, акыркы бир айда сасык тумоого каршы вакцина албаган адамдарга жасалат. Андан сырткары, Москвадагы бейтапканаларда катталган болууга тийиш. Кош бойлуулар менен бала эмизгендерге эмделүүгө болбойт.

Эмдөөнү кайдан жасатса болот

Москванын мэри Сергей Собянин бул үчүн шаарда атайын чынжырча сымал технология түзүлгөндүгүн айтты. Атайын кампалар тандалып, муздаткычтар коюлуп, вакцинаны муздак алып келүү үчүн да шарттар каралган. Эмдөөнү атайын окуудан өткөн адистер жасамакчы.

Учурда Москвада шаардык бейтапканалардын базасында вакцинация жасай турган 70 жай ачылган. Алар эртеңден, 5-декабрдан тарта, саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп баштайт. Эмдөө алчулар эки апта мурда жазылып койсо болот.

Эмдөө кандай жасалат?

COVID-19га каршы эмдөө эки ирет жасалат. Негизи биринчи вакцинацияга гана жазылуу керек, ал адам экинчисине автоматтык түрдө катталып калат. Экинчисин жасоого бир сутка калганда ага эстеткен СМС келет.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Эмдөөнү алууга бир саатка чукул убакыт бөлүш керек. Анын ичинен 10 мүнөт вакцинация алдында дарыгердин кароосуна, 15 мүнөт преапаратты даярдоого, жарым саат вакцина салгандан кийинки жалпы абалды байкоого алууга кетет.

Бул процедурадан өткөн москвалыктарга эки ирет эмделди деген сертфикат берилет.

Эмдөө алганга бара жатканда паспорт, Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисин, тиешелүү жерде иштегенин тастыктаган документти кошо алып алуу керек.

29
Белгилер:
медициналык кызматкерлердин Күнү, мугалим, кампания, коронавирус, вакцина, Россия
Тема боюнча
Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү
Биолог: коронавирустун жеңил формасынын да кесепети оор болот
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

0
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

0
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт