Алдыга арыш жасаган Россиянын аскер техникасы: 2020-жылдын жыйынтыгы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКомандно-штабные учения "Кавказ-2020"
Командно-штабные учения Кавказ-2020 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын коргоо-өнөр жай комплекси жана РФтин Коргоо министрлигинин кайра куралдануу программасы узап бараткан экономикалык жактан олку-солку, глобалдуу кооптуулугу күч болгон жылда туруктуулугун көрсөттү.

Коронавирус пандемиясы шарттаган быйылкы экономикалык каатчылык Россиянын куралданууну өнүктүрүү мамлекеттик программасына (ГПВ) жана курал-жарактын дүйнөлүк рыногундагы РФтин позициясына эч кандай доо кетире алган жок. Россиялык күчтөргө курал-жарак жеткирүү 11 пайызга жогорулады. Ал эми чет өлкөгө 10 миллиард доллардык аскер продукциясын жөнөтүп, буюртма портфелин 50 миллиард доллар чегинде кармап туруу мүмкүн болду. Мындан тышкары, 9 миллиард долларга жаңы келишимдер түзүлгөн.

С-400 Триумф зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суверенитетти коргоо: россиялык С-500 абадан коргонуу тутумун кимдер сатып алат?
Курал жарышынан оолак болуп эле армия менен флоттун жабдуусун жаңылоого Россия 2019-жылы 1,5 триллион рублден ашуун каражат сарптады, мунун 70 пайызы заманбап техника алууга жумшалган. Бир жыл ичинде Куралдуу күчтөр жаңы курал-жарактын 2 300 бирдигине ээ болду.

Россия флоту 35 субмарина, кораблдер менен толукталды, алты ракеталык корабль Балтика флотуна берилди. Мындан тышкары, "Триумф" С-400 ракета системасынан төртөө, "Панцирь" деп аталган зениттик ракета-замбирек комплектисинен алтоо кошулду.

ГПВ-2020ны аткарууда армия менен флотто заманбап курал-жарактын деңгээли 70 пайызга, стратегиялык өзөктүк күчтөрдө 83, Аба-космостук күчтөрдө 75 пайызга жетип жатты. Жалпысынан 2011-2020-жылдарга түзүлгөн мамлекеттик программа биринчи жолу толугу менен ишке ашкан, Куралдуу күчтөрдү башынан аягына чейин камсыздаган иш-чара болуп калды. Аракеттер уланууда, жаңырган жылы армия аскердик техниканын 3 400 бирдигине ээ болот, 2022-жылга карата камсыздалуунун деңгээли 71 пайыздан ашары болжолдонууда.

Көйгөйлөр

Россияга каршы жарыяланган санкциялар жана Батыштагы "өнөктөштөрдүн" акылга сыйгыс атаандаштыгына кошулуп пандемия да курал-жарак экспортуна тоскоол болду. Ковидге байланыштуу дүйнөлүк соода 2020-жылы 10 пайызга төмөндөгөнү маалым, анткен менен Россия бул багытта лидерлигин сактап калды. Ушу тапта орус куралы дүйнөлүк рыноктун үчтөн бирин ээлейт (АКШдан кийинки экинчи орунда).

Бешинчи муундагы Су-57 көп функционалдуу истребители - Sputnik Кыргызстан
Россия жаңы Су-57син биринчилерден болуп кимге сатат?
Аскердик-техникалык кызматташуусу тууралуу маалымат көп ачыкка чыкпаса да Россия менен Түркия ЗРС С-400 боюнча экинчи келишимге кол койгону белгилүү. Египет 500 Т-90МС танкасына буюртма берди, Ми-38Т тик учактарына да заказ түшкөнү маалым. Индия Россиянын Миг-29 жана Су-30 истребителдери үчүн 2 миллиард доллар коротууга даяр турат. Ушу тапта бешинчи муундагы Су-57Э истребителдеринин, Ми-28НЭ жана Ка-52К тик учактарынын экспорттук потенциалы жогору. Суроо-талап "Антей-4000" деп аталган С-300В4 зениттик-ракеталык комплекстерге, "Армата" сооттолгон машиналарына да андан кем эмес. Россиянын курал экспортунун 45 пайызга жакыны — авиация. Ал эми истребителдердин дүйнөлүк экспорту 2020-2023-жылдар аралыгында 110,7 миллиард, аскердик тик учактардыкы 65,3 миллиард доллар болот деп боолголонууда.

Жогорку технологиялар

Узап бараткан жылы орус куралы саны жагынан да, сапаты жагынан да алдыга арыш жасады. Сөз ырааты менен кетсин.

Заманбап, универсалдуу деп эсептелген чалгындоочу жана сокку уруучу "Аллигатор" аталышындагы Ка-52 тик учагы Сириядагы кандуу кагылышууда сыналып, 2,8 тонна жүк алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бүгүн 100 чакырымга жетчү "канаттуу" ракеталарды алып жүрө алары текшерилип жатат. Азыркы тапта Россиянын аскерий-космостук күчтөрүнүн мындай 140 машинасы бар.

"Панцирь" комплекси 2020-жылы биринчи жолу аскердик кораблге чыкты. Абадагы мүмкүнчүлүктөр тез алмашып жаткандыктан каршылаштын арзан учкучсуз аппараттарына С-300 же С-400 сыяктуу баасы жогору ракеталарды пайдалануу максатка ылайык келбей калды. "Панцирдин" 20 чакырым аралыктан тарта бардык бутаны жок кылууга дарамети жетет.

Россиянын Аба-космостук күчтөрү "Витязь" деп аталган жаңы зениттик-ракеталык системаны Ленинград облусунда пайдалана баштады. Бул курал Батыш стратегиялык багытта ПВОну бекемдөөгө чоң өбөлгө болору айтылып келет. Дивизионго 12 түзүлүш орнотулган, ар биринде 12ден ракета бар. 120 чакырым аралыктагы жана 30 чакырым бийиктиктеги аба бутасын жок кылууга даяр 1 728 ракета турат. Сыноолор 553 чакырым аралыктагы бутаны жок кылган "Прометей" аталышындагы С-500 ракета системасы менен аяктады. Кара деңиз багыты боюнча С-500 системасы Крымдан Бухарест, Анкара же Киевге чейинки истребителдерди жана стратегиялык бомбардировщиктерди жок кыла алат.

Америкалык көп багыттуу F-35 бомбалоочу истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты
Россиянын Аскер-деңиз күчтөрү быйыл 28 жылдан бери биринчи жолу суу алдынан жүрүүчү алты кайыкка ээ болду. Анын төртөө 955А жана 885М долбоорундагы өзөктүк болсо, экөө 636,3 жана 677 долбоорундагы дизель-электрондук кайыктар. Төртүнчү муундагы суу алдында жүрүүчү стратегиялык 10 крейсер Россиянын өзөктүк триадасынын негизи болуп, радиусу 8000 чакырымга жеткен 160 "Булава" ракетасын алып жүрүүгө жөндөмдүү экени айтылды. Россия Дүйнөлүк океандын бардык жеринен өлкө кызыкчылыгын коргой алчу суу алдындагы флотун кынаптап келе жатат.

Бүгүнкү күндө бешинчи муундагы Су-57 истребителдери чыгарылууда. Жаңы авиатехника абада да, жерде да 400 чакырымга чейинки бутаны аныктап, 62 объектини коштоп жүрө алат.

Планетанын эки уюлунда тең жүрө ала турган континенттер аралык баллистикалык "Сармат" ракетасы сыноодон өтүп бүттү. Айырмачылыгы — өзөктүк эмес курал катары Ю-71 тибиндеги гиперүндүү блоктор менен чогуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү. Атмосферадагы 15 Мах ылдамдыгы менен жүргөн блоктун кинетикалык энергиясы бутаны өзөктүк соккудай эле кыйрата алат, бирок радиоактивдүү таасири болбойт.

Суунун тереңинде жүрүүчү "Посейдон" аппаратын сыноо анын артыкчылыгы менен бирге учкучсуз эле чексиз аралыкка чейин жүрө аларын көрсөттү. Бул стратегиялык аппарат 1000 метрлик тереңдикте 10 миң чакырымга чейин жүрө алат. 24 метрлик аппарат кадимки же мегатонналык термоядролук ок-дары жүктөп, суу алдында жүрүүчү стратегиялык кайыктардын базаларын, каршылаштын жээктеги инфраструктурасын кыйратууга жөндөмдүү.

Россия ушу тапта гиперүндүү "Циркон" ракетасын да сыноодон ийгиликтүү өткөрүп алды. Бир да өлкөдө мунун аналогу жок. Октябрда Ак деңизде "Адмирал флота Советского Союза Горшков" фрегатынын бортунан түшүрүлгөн "Циркон" 4,5 мүнөттө 450 чакырым аралыкта жайгашкан Баренцово деңизиндеги бутаны жок кылып, РФтин арктикалык жана Түндүк деңиз багытындагы күч-кубаты өз деңгээлинде экенин тастыктады. Мында ылдамдыгы 8 Махтан жогорулап, 28 чакырымга чейин көтөрүлдү.

Россиянын Коргоо министрлигинде Куралдуу күчтөргө минадан зыянсыздандыруучу "Уран-6" роботторун жеткирүү чечими кабыл алынган. Көп функционалдуу комплекс мина коюлган жерлерден кыйгап өтүүчү жол ачып, аймакты минадан арылта алат (буга чейин Сирияда сыналган).

Жаңылыктар түрмөгү
0