Россия ТИМи Кабулдагы элчилигинин жардырылган унаасы боюнча үн катты

© AFP / -Нападения террориста-смертника в Афганистане
Нападения террориста-смертника в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия афган тараптан окуяны тыкыр иликтөөнү, Россиянын Афганистандагы мекемелеринде иштегендердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чара көрүүнү талап кылган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кечээ, 1-декабрда, Афганистанда Россия элчилигинин автоунаасы жардырылды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын билдирүүсүндө айтылат.

Венадагы атышуудан кийин полиция кызматкерлери бара жатат - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети"* тобу Венадагы жардырууга жоопкерчилик алды
Маалым болгондой, Россиянын Кабулдагы элчилигинин имаратынан анча алыс эмес жерде дипмиссиянын автоунаасы колго жасалган түзүлүш менен жардырылган.

Транспорттун ичиндеги кызматкерлер жеңил жаракат алганы белгилүү болду.

Захарованын айтымында, террордук чабуул элчиликтин автоунаасынын алдында аскер кызматкерлерин жүктөп бара жаткан Афганистандын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн жүк ташуучу унаасына жасалышы керек болчу деген божомол бар.

Анткен менен Захарова теракт Россиянын жарандарына деле каршы жасалышы мүмкүн деген оюн айткан.

"Афган тараптан окуяны тыкыр иликтөөнү, Россиянын Афганистандагы мекемелеринде иштегендердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чара көрүүнү талап кылабыз", — деди ТИМ өкүлү.

Ал Кабулдагы элчилик дипөкүлчүлүктөрдүн имараттарын жана кызматкерлерин коргоону күчөтүү үчүн кошумча чараларды көрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0