БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. БУУдагы Россиянын атайын өкүлчүлүгү жана Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын бет ачарын өткөрөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Иш-чарага Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, БУУдагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя, Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриев катышат", — деп билдирген өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Федор Стржижовский.Ал "Спутник V": COVID-19га каршы вакцина" деп аталган виртуалдык иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында өтөрүн кошумчалады. Отурумда россиялык бул препарат боюнча кенен маалымат берилери айтылды.
Министрлик быйылкы жайдын аягында дүйнөдө биринчи жолу COVID-19га каршы вакцинаны каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунда иштелип чыгып, "Спутник V" деп аталган. Анын негизги артыкчылыгы коопсуз, майнаптуу жана узакка созулган терс кесепети жок ыкмаларсыз жасалгандыгында экендигин айтышкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан.
"Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди. Вячеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш болгондуктан диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мамдума төрагасы Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгилеген.
Ал эми президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген. Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалаган.
"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, эки тараптуу байланыштардын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров Кыргызстан менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын белгилеген.
Ал Татарстандын Россиянын өнүккөн аймактарынын катарына киргендигин, андагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын айткан.
"Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз", — деген Жапаров.Президент Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланышын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана жалпы байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин белгилеген.
"Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта жолугушуу ачык, жылуу маанайда өткөндүгү айтылган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болот деген кептер чындыкка дал келбей турганын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Текебаев элчилик кызматты аркалай турганы жөнүндө маалыматтар тараган.
"Мага мурунку бийликтин учурунда дагы, азыркы бийликтин учурунда дагы андай сунуш түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык. Ошондуктан талкууга алуунун зарылдыгы жок. Ким эмне себептен жайылтканын билбейм", — деди Текебаев.
Саясатчыдан алдыдагы пландары тууралуу да сурадык.
"1,5 жылдан бери бүтпөй жаткан сот иштери менен алекмин. Алгач сот иштерин бүтүрүшүм керек, пландарым ошондон көз каранды болот", — деди Текебаев.
Былтыр "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Ошентип ал соттолгон деген статустан кутулган.