Россиядан Ысык-Көлгө учак каттай баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековВ селе Тамчи, Иссык-Кульской области открылся международный аэропорт
В селе Тамчи, Иссык-Кульской области открылся международный аэропорт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Бул жолу аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту S7 авиакомпаниясынын "Новосибирск — Тамчы — Новосибирск" багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Бул жолу аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.

"Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүү максатында жогоруда аталган каттамдын ачылышы үчүн тиешелүү органдар аракет кылды. Чет өлкөлүк жарандардын КРге киришине чектөөлөрдүн алынгандыгы туристтик сезонду жандандырууга түрткү болмокчу", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле "Манас" аэропорту пандемия маалында оорунун тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык санитардык эрежелердин сакталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0