Элчилик россиялык хакерлер чабуул койду деген АКШнын айыптоосуна жооп берди

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүХакердик чабуул. Архив
Хакердик чабуул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Батышка киберкоопсуздук боюнча диалогду жандандырууну сунуштаганы менен "таптакыр баш тарткан" кескин жооп алган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчилиги ЖМКлардын Москваны Американын мамлекеттик органдарына хакердик чабуул жасады деп күнөөлөгөнүн негизсиз деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Выборы  президента США  - Sputnik Кыргызстан
Орус хакерлери бери жакта эле калат: АКШда чыныгы бийликти ким ээледи?
Буга чейин Рейтер агенттиги маалымат булактарына таянуу менен чет элдик өкмөт каржылаган хакердик топтор АКШнын Финансы министрлиги менен Телекоммуникация боюнча улуттук башкармалыктын системасына кирип кетти деп жазган.

Бул абдан олуттуу маселе болгондуктан ишемби күнү АКШнын Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулган. Мындай кабарды ишенимдүү маалымат булактары айтып берген. Washington Post аталган ишке россиялык хакерлердин күнөөлөнүп жаткандыгын жазган. Бирок кабарда далилдүү фактылар айтылган эмес.

"Америкалык ЖМКлардын россиялык хакерлер АКШнын мамлекеттик органдарына чабуул койду деген негизсиз айыптоолоруна көңүл бурулду. Жоопкерчилик менен билдирүү жасайбыз: маалымат айдыңындагы күнөөлүүлөр биздин сырткы саясий принциптерибизге, улуттук кызыкчылыгыбызга карама-каршы келет. Россия виртуалдык чөйрөдө "чабуул койгон" операцияларды жасабайт", — деп айтылган Россия элчилигинин Facebook баракчасында.

Россиянын киберкоопсуздук жаатында эки жана көп тараптуу макулдашууларды колдоп келгени айтылган. Мындан сырткары, элчиликтен президент Владимир Путиндин эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча россия-америкалык алакаларды калыбына келтирүү демилгесинин негизинде комплекстүү программаларды ишке ашыруу чараларын эске салышкан.

"Эки өлкө ортосунда конструктивдүү жана бирдей деңгээлдеги диалог жүргүзүү, ошондой эле башка сунуштар боюнча Вашингтондон жооп ала алган жокпуз", — деп айтылган билдирүүдө.

Москва россиялык хакерлердин ар кыл чабуулдарга катыштыгы бар деген Батыштын айыптоолору негизсиз экендигин бир эмес, бир канча жолу айтып келет. Муну менен катар эле Россия Батышка киберкоопсуздук боюнча диалогду жандандырууну сунуштаганы менен "таптакыр баш тарткан кескин" жооп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0