БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде Шериктеш мамлекеттердин лидерлерине Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү чындыкты коргогону үчүн ыраазычылык билдирди.
"Уюмдагы өнөктөштөрүбүз Россиянын тарых чындыгын сактоо үчүн эл аралык аянтчаларга сунуштаган демилгелерин жана ар кандай өңүттөгү улутчулдукту актоого каршы күрөшүн колдогонуна ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да элибиздин эрдигин түбөлүккө сактоо үчүн ушундай тилектештик менен иш алып барышыбыз керек", — деди Путин.
Ошондой эле ал Улуу Жеңиш тынчтыкты эле алып келбестен, дүйнөгө тартиптин пайдубалын орнотконун белгиледи.
Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.
Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.
Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.
Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.
Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.
Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.
Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.
РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.
Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.
Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.
Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.
Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.
Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.
Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту:
Эмне үчүн дал азыркы убакта ушундай кадамга барышты? Ушул тема тегерегинде Наталья Дембинская ой учугун чубаган.
АКШ Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, дал ушул тапта Россиянын 6,011 миллиарддык америкалык мамлекеттик облигациялары бар. Алардын ичинен 1,2 миллиарддык облигация – узак мөөнөттүү, ал эми 4,8 миллиарды — кыска мөөнөттүү баалуу кагазга салынган. Декабрда анын запасы миллиард долларга толукталган.
Бул кагаздарды сатуу менен АКШ өкмөтү бюджеттин таңсыктыгын жана башка чыгымдарын жабат. Америкалык мамлекеттик карыз дээрлик 28 триллионго чыккан.
2010-2013-жылдары россиялык салымдын көлөмү 170 миллиарддан ашкан. Москва ири трежерис ээлеринин катарына кирет. Бирок 2014-жылдын апрелинде Вашингтон санкция киргизген соң, аталган мамлекет облигациялардан кутула баштаган.
2018-жылы РФ Борбордук банкы АКШнын казыналык милдеттенмелер топтомун дароо эки эсе кыскартуу менен ири сатыкты уюштурган. Эл аралык резервдердеги америкалык баалуу кагаздардын үлүшү болушунча азайган. Аларга салынган каражатты РФ башкы банкы алтын, евро жана юанга жумшаган.
Америкалык мамлекеттик карыз АКШнын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаз болуп саналат. Вексель жана мамлекеттик облигацияларды жеке жана юридикалык тараптар, штат жана мамлекеттердин бийлиги сатып алышат.
Бул кагаздардан түшкөн киреше анчалык жогору эмес, эки жарым – үч пайыздын тегерегинде. Бирок европалык жана япониялык карыздар боюнча киреше дээрлик жок же терс пайдага ээ. Анткен менен кеп башкада: Кошмо Штаттардын мамлекеттик облигациялары дүйнөдөгү эң ынанымдуу жана акчага тез айланчу инструменттердин бири болуп саналат. Аларды сатып алуу жана сатуу жеңил.
"Убактылуу бош (ашыкча болуп) турган каражаттарды АКШнын мамлекеттик карызына салуу пайдалуу. Жылдык эки-үч пайыз – миллиарддар сөз болуп турганда кыйла көлөмдүү акча. Ушул учурда саясат экономикалык чечимдерге таасир этпөөгө тийиш", — дейт РФ Мамлекеттик думасынын каржылык рынок комитетинин мүчөсү Дмитрий Скриванов.Ошентип, трежеристин көлөмүн көбөйтүү менен Москва рыноктон орун алышын белгилегендей болду. Бул эл аралык резервдерди диверсификациялоо үчүн керек. Азыр Россиянын 590 миллиард доллары бар, анын ичинен алты миллиарды түздөн-түз АКШнын мамлекеттик карызына салынган. Талдоочулар муну Москва жалпы дүйнөлүк тенденциялар менен кадамдаш экендигин түшүндүрөт. Долларга суроо-талап өсүп келет, анткени бул валюта өзгөрүлмөлүүлүккө жана инфляцияга анча дуушар болбойт.
"Миллиард доллар — кыйла ири сумма, муну активдердин кыйла чектелген тобуна салууга болот. Алтынга суроо-талап өтө жогору, евро менен юанда ансыз деле резервдин үлүшү чоң.
Америкалык мамлекеттик карызга салым салуу — бул диверсификациялоо элементи", — деп тактайт Өнөр жайчылар жана ишкерлердин орус-азиялык союзунун президенти Виталий Манкевич.
Былтыр декабрдын аягында Кошмо Штаттардын мамлекеттик баалуу кагаздарынын ири көлөмдөгү ээси Япония болгон (1,2 триллион доллар). Андан мурда бул багытта Кытай биринчи орунда эле, азыр Пекин 1,06 триллион доллар менен экинчи сапка түшкөн. Үчтүктү 428,9 миллиард доллар менен Улуу Британия жыйынтыктайт.
Соода согушунун айынан кытайлыктар 200 миллиарддан ашуун көлөмгө кыскартуу менен бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келген. Анткен менен Пекиндин колундагы эбегейсиз америкалык карыз — Вашингтонго кысым көрсөтүүнүн күчтүү рычагы.
Уланып келе жаткан жаңжал кокус АКШнын экинчи ири чет элдик кредитору трежеристи масштабдуу сатууну уюштурушу ыктымал деген чочулоолорду күчөтөт. Андай көрүнүштүн кесепети оңдурбайт. Биринчиден, кыска убакытта 100-200 миллиарддык облигацияларды сатуу алардын баасын түшүрөрү турулуу иш.Натыйжада Кытайдын өзүнүн тышкы актив жана резервдеринин наркы арзандаган трежеристи сатуудан түшкөн пайда сымал эле бир топ төмөндөйт. Ал аз келгенсип доллардын куну түшөт, ал эми Пекинге андай жагдайдын зарылдыгы жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытай экспортун кымбаттатат.
Бир нече жылдан бери россиялык Борбордук банк доллардан кутулуп, алтынга басым жасап келет. 2020-жылы резервдердеги баалуу металлдардын үлүшү алгач ирет америкалык валюталардын көлөмүнөн ашкан, ал эми февралда монетардык алтын кору 136,7 миллиардга жеткен.
РФтин алтын кору жыл ичинде дээрлик 28 тоннага өстү. Универсалдуу акчалай эквивалент деп эсептелген баалуу металл пайыздык киреше алып келүүчү активдерден да пайдалуулугу артып, санкциялык тобокелдиктердин бардык түрүнөн сактап келет.
Bloomberg белгилегендей, Россия дүйнөгө экономикасы үлкөн жана алтын валюталык резервдери көп өлкө доллардык активден арылып, андан кылы кыйшайып да койбосун көрсөттү.