Кыргызстандыктар РФте жол кырсыгына кабылган чет элдиктердин алдыңкы сабына чыкты

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын ИИМи чет өлкөлүк жарандардын айынан катталган жол кырсыктарынын статистикасын биринчи ирет жарыялады. Анда Кыргызстан алдыңкы үчтүккө кирди.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россияда чет өлкөлүк айдоочулардын айынан катталган унаа кырсыгы боюнча статистикада алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы билдирди.

Статистиканы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги чыгарган. Ага ылайык, ушул жылдын тогуз айында эле катталган жол кырсыктарынын үч пайызга жакыны мурдагы СССРден тараган мамлекеттердин жарандарына туура келет.

Антирейтингде Кыргызстан экинчи орунду ээлеген. Өзбекстан биринчиде, ал эми үчүнчүгө Тажикстан чыккан. Кыргызстандыктар 701 жол кырсыгына себепчи болсо, анын отузу адам өлүмү менен коштолгон.

"Адистер айдоочулардын көп иштеп чарчагандыгы кырсыктын келип чыгышына себеп болгонун айтышат. Мындан тышкары, адистер бир катар өлкөлөрдө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз алынганын, жергиликтүү автомектептерде айдоочулукка даярдоо жетиштүү деңгээлде жүрбөгөнүн болжолдошот", — деп белгилейт канал.

Мындан сырткары, аталган үч өлкөнүн жарандары көбүнесе тейлөө чөйрөсүндө, анын ичинде такси кызматында иштегендиги буга кошумча болгону белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0