Москвада 13-январда жарандардын жаңы тобу үчүн COVID-19га каршы эмдөө башталат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүВакцина сайып жаткан дарыгер. Архив
Вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда коронавируска каршы жарандык вакцинация декабрдын башында башталган. Жарандар "Спутник V" каражаты менен эмделүүдө.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 13-январдан тарта Москвада жарандардын жаңы тобу үчүн COVID-19га каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин билдиргенин РИА Новости жазды.
Вакцина алуу үчүн төмөнкү багыттарда эмгектенгендер жазыла алышат:
  • илимий изилдөө жана өндүрүш;
  • маалыматтык технологиялар тармагы, Телекоммуникация жана байланыш;
  • жеке жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүү;
  • кыймылсыз мүлк тармагы;
  • мейманкана жана туристтик индустрия.
Россияда коронавируска каршы жарандык вакцинация декабрдын башында башталган. Учурда жарандар Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борбору тарабынан чыгарылган "Спутник V" вакцинасын алышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0