Бул машиналардын ордун ыраак авиациянын келечектүү авиакомплекси басат. РФ Коргоо министрлиги анын тышкы көрүнүшүн аныктап алды, ал эми кыймылдаткычын сыноого 2021-жылы киришет. Жаңы "стратег" кандай болору туурасында РИА Новости агенттигине жарыяланган Николай Протопоповдун макаласынан окуңуздар.
Россиянын Коргоо министрлигиндегилер ыраак авиациянын келечектүү авиакомплекси куралданууга азыркы программанын алкагында, башкача айтканда, 2027-жылдын аягына чейин кабыл алынат. Аскерлер жаңы учактын эскизин бекитип, анын мүнөздөмөлөрүн макулдашып, өндүрүшкө зарыл болгон контрактылык документтердин баарына кол коюшкан. Бомбалоочу учактын сынамык үлгүсүнүн курулушунун башталышы жөнүндө былтыр май айында жарыялашкан, ал эми декабрда ал үчүн чогултулган биринчи кыймылдаткыч тууралуу белгилүү болгон. "ОДК-Кузнецов" ишканасынын башкаруучу директору Алексей Соболев "Изделие РФ" индекстүү күч орнотмосу "темирде" жасалып, жыл башына пландалган стенддик сыноолорго даярданууда.
Ага катар эле дагы бир нече кыймылдаткычты чогултушат, аларды жогорулатылган бийик шарттардагы стендде да, учуучу лабораторияларда сынашат. Долбоор жашыруун, ачык булактарда маалымат азырынча аз. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн учакта стелс-технологиялар кеңири колдонулганы белгилүү. Кубаттуу, жемиштүү жана үнөмдүү кыймылдаткычтар учуш узактыгын 30 саатка (Ту-160 — 25 саат) узартат.Конструкторлор фюзеляждын бөлөк схемасын тандап алышкан, ыраак авиациянын келечектүү авиакомплекси (ПАК ДА) "учуучу канат" принциби боюнча жасалууда. Бул аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, маневрдүүлүгүн жакшыртат. РФ эмгек сиңирген аскердик учкучу Владимир Попов мындай компоновкасы анча байкалбас кыларын боолголойт.
"Фюзеляжы деле жок, жүгү канаттарына тегиз бөлүнөт, — дейт ал. — Илгичтүү жабдыгы болбойт, аба алуучулары ичине терең жашырылат, ал эми канатынын арткы кең бөлүгү ысык түтүндөрүн жабат. Мындан сырткары, конструкция көбүрөөк күйүүчү май, ок-дары жана радиоэлектрондук жабдуу жүктөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Ыраак авиациянын келечектүү авиакомплексин эң акыркы үлгүдөгү электроника, болгондо да он жылга алдыга карай заманбапташтырылган электроника менен жабдылган.
"Мурда да ушундай болчу, биздин Ту-95 "стратегдер" жарым кылымга толду, бирок алар алдына коюлган бардык маселелерди алигүнчө аткарып келишет", — деп белгилейт Попов.
"Кезегинде англичандардын "Вулкан" аттуу стратегиялык бомбалоочусу болгон, ал дагы "учуучу канат" схемасы боюнча курулган, — деп эске салат Попов. — Бирок аны айдоонун татаалдыгынан улам андан баш тартышкан. Себеби ошол убакта кол менен айдоо ыкмасы гана болгон. Ал эми ыраак авиациянын келечектүү авиакомплексинде операциялардын көпчүлүгүн автоматика аткарат".
Фюзеляжды жасоодо жаңы эритмелер жана композиттер пайдаланылат. Соңку он жылдыктарда окумуштуулар өтө байкалбаган жана абдан бекем авиациялык материалдар жаатында кыйла алдыга озуп барат. Абага жүздөгөн тонна металлды көтөрүп чыгып, бурулуп, чоң жүктөр менен учууда бул абдан маанилүү. Ошол эле убакта эксперттер келечектүү бомбалоочу учак үнгө чейинки, болду-болбоду саатына миңдеген чакырымдагы, максималдуу – үн тездигинчелик бар крейсердик ылдамдыкта жасаларын болжошот.
"Стабилизатор жок учурда ар кандай чумкуу жана бийикке көтөрүлүү учурлардын ордун толтуруу татаал, — деп түшүндүрөт Попов. — Бирок конструкторлор кандайдыр компромисске келишкен. "Учуучу канаттын" кеңдиги чакан бийиктиктерде учууга, жерде маневрдүүлүктү сактоого, ал эми аба сейрек кездешкен 20 чакырымда канат жетишерлик өйдөлөөчү күчтү берет. Бомбалоочу учак жерден болушунча жапыз учуп, "буктурмадан" сокку уруп, ошондой эле стратосфердик эшелондон душманга натыйжалуу чабуул кое алат".
Анткен менен келечектүү "стратегдин" сериялык өндүрүшү жана бөлүктөрдү жапырт жабдуу жөнүндө кеп козгоо али эрте. Ракета ташуучуларды өркүндөтүү азырынча уланып келет. РФтин Аба-космостук күчтөрүн терең заманбапташтырылган Ту-160М бомбалоочу учагы менен жабдуу быйыл башталууга тийиш. Жакынкы жети жылда мындай машиналардын авиапаркы бир жарым эсеге көбөйөт.
Жаңыртылган "Ак куулар" 1970-жылы америкалык үндөн ыкчам B-1 Lancer бомбалоочусуна жооп катары иштелип чыккан Ту-160 дүйнөдөгү эң кубаттуу жана үндөн ыкчам ири учагынын негизинде жасалууда. 1992-жылы СССРдин Аскердик аба күчтөрүндө мындай машинадан 35 бирдик болгон.
Стратегиялык авиациянын дагы бир "аксакалы" — Ту-95 бомбалоочу учагы. Ага НАТОдогулар "Медведь" деген ат койгон, ал 1950-жылдардын ортосунда катарга алынган. Заманбапташтырылган Ту-95МСти 1981-жылдан тарта чыгарып келишет, бул дүйнөдөгү жападан жалгыз жана эң ылдам турбовинттик учак болуп саналат.
Ракета ташуучунун максималдуу ылдамдыгы — саатына 830 чакырым. Бортуна 20 тонна аскердик жүк батырып, аны он миң чакырымдык аралыкка жеткире алат. Жайында заманбапташтырылган "Медведь" Ту-95МСМ алгач ирет көккө көтөрүлгөн. Үндөн ыкчам "жүз алтымыштардай" эле Ту-95 да эң акыркы үлгүдөгү курал комплекси жана борттук жабдыктар менен жабдылмакчы.
Учак ресурсу кеңейтилген кубаттуу күч орнотмолоруна ээ болушат. Иштеп чыгуучулардын маалыматына таянсак, заманбапташтырылгандан кийин Ту-95тин аскердик мүнөздөмөлөрү эки эсеге жогорулайт.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Гам-КОВИД-Вак" вакцинасын колдонуудагы инструкциянын жаңы редакциясында "Спутник V" вакцинасын рак оорусу бар бейтаптар өтө этияттык менен алышы керектиги жазылган. Документ РИА Новостиге жарыяланган.
Мындай алдын алуу препараттын онкологиялык ооруларга карата таасири боюнча маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүлгөн.
"Эмдөө боюнча маалыматтын жетишсиздиги аутоиммундук патологиясы барларды жана рак илдетине кабылгандарды тобокелчиликке салышы ыктымал", — деп жазылат инструкцияда.Белгилей кетсек, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын 2020-жылдын август айында каттоого алган. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея улуттук борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.
Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы дүйнөдө биринчи болуп эсептелет. Белгилей кетсек, "Гам-КОВИД-Вак" деген аталыштагы россиялык вакцина кийин "Спутник V" деп өзгөртүлгөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. ДССУ адиси Любовь Ерофеева коронавирус жүрүп жаткан учурда балалуу болууну каалагандар эмнени эске алуусу керектигин Sputnik радиосуна маек берип жатып айтты.
Адистин айтымында, эгер аял киши коронавируска каршы эмделсе, анда жарым жылга чейин бойго бүтүрбөө сунушталат. А эгерде аял кош бойлуу болсо, эмдөөдөн баш тартканы оң.
"Кош бойлуу аял эч качан вакцина албайт. Бул эне, баланын экөөнүн тең ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат. Эгер эмделген аял балалуу болууну пландап жатса, анда акушер-гинеколог менен кеңешип, жок дегенде алты айга чейин баланы пландабай кое турганы жакшы", — деди Ерофеева.
Адис балалуу болууну каалагандар коронавирус менен ооруган учурда да антителого анализ тапшырып коюшу керек дейт.
"Көпчүлүк коронавирустун жеңил формасы менен ооруп, иммунитет 3-6 айга чейин эле жетиши ыктымал. Бойго бүтүрүүнүн алдында антителого анализ тапшырып, ал канчага чейин организмди вирустан коргой турарын текшертип алууну сунуштайм", — деди адис.
"Сырткы чыкканда көпчүлүк менен байланышты азайтуу кажет. Коомдук жайларга, медициналык мекемелерге барганды болушунча кыскартыш керек. Бирок бойго бүтөрү менен дарыгер-акушер-гинекологдун көзөмөлүндө болуу сунушталат", — деди ДССУ адиси.
Төрөйм деген аялдар эмдөөнү канчалык эрте алса, алар ымыркайды ошончо эрте пландай ала турганын адис кошумчалаган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.
Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.