Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери иш учурунда. Архив
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0