Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүү"Посейдон" көп буталуу океандык тутуму. Архив
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын багыттагы суу түбүндөгү атомдук кайыктын курулушу аяктап барат, жакында гидравликалык сыноолору башталат. Россиялык Аскер-деңиз флоту бул кемеге 2027-жылга чейин ээ болот.
09853 долбоорундагы "Ульяновск" субмаринасы 2017-жылы Севмашта курула баштаган, 09851 долбоорунун "Хабаровск" кемеси сымал эле негизги өлчөмдөргө ээ, бирок курулушунда заманбап тутумдар жана механизмдер пайдаланган. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу "Посейдондордун" артыкчылыгына токтолду.
Military Watch Magazine маалыматтарына таянсак, бул кемелер стратегиялык багыттагы суу түбүндөгү "Борей" ракеталык крейсерлеринин кичирейтилген конструктивдүү мураскерлери болуп саналат.
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
"Ульяновск" субмаринасынын "Хабаровск" жана "Белгороддон" (949А долбоорунун сынамык ташуучусу) принципиалдуу айырмасы – жаңы субмаринанын РФтин Аскердик-деңиз флотунун катарына бортундагы "Посейдон" уникалдуу термоөзөктүк торпедалары менен кошула турганында. Россия жакынкы келечекте Түндүк жана Тынч океан флотторунун аскердик курамында экиден "Посейдонго" ээ болууга ниеттенет.
"Посейдон" көп буталуу океандык тутуму – НАТОнун кеңейишине жана Чыгыш Европада АКШнын абадан коргонуучу глобалдык системасын түзүүгө Пентагондун сокку уруучу потенциалын топтогонуна РФтин асимметриялык жообу. Ал тутумду россиялык коргонуу дараметин алдын ала талкалоо үчүн пайдаланууга болот.
"Посейдон" – Россиянын Аскердик-деңиз флотунун эң купуя долбоорлорунун бири. Антсе да мурда жарыяланган орточо мүнөздөмөлөрү (адистердин баасы) өзөктүк ооздуктоонун уникалдуу системасынын өзгөчөлүктөрүн толук элестетүүгө мүмкүндүк берет.
"Ульяновск" сериялык субмаринасы – "Хабаровск" концепциясынын уландысы жана өркүндөтүлүшү, ошондой эле эки корпустук түзүлүшкө ээ. Узундугу – 113 метрдин тегерегинде, толук сыйымдуулугу – болжол менен 10 миң тонна, жумушчу сууга чумкуу тереңдиги – 500 метрге чейин, суу алдындагы ылдамдыгы – 30дан ашуун узел. Автономдуулугу – 120 сутка.
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
Чектөөсүз ыраактыгын принципиалдуу түрдөгү жаңы өзөктүк энергетикалык орнотмосу камсыздайт. Экипаж – 100 чакты киши. Ага "Посейдон" алты термоөзөктүк торпедасы "Ульяновскинин" тумшук бөлүгүнө жайгаштырылышы мүмкүн. Мындан сырткары, субмарина "Калибр-ПЛ" канаттуу ракеталарын, гипер үндүү "Циркон" жана "Пакет-ПЛ" (душмандын торпедалык чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн) коргонуу комплексин алышы ыктымал.
Океандык көп буталуу система болжолдуу душмандын сокку уруучу авиаташуучуларын, ири аскердик базаларын жана жээктеги райондордогу экономикалык стратегиялык объектилерин кыйратуу, ошондой эле агрессор өлкөнүн кеңири аймагына орду толгус зыян берүү үчүн багытталган.

Путинден "Матрешка"

09851 жана 09853 долбоорлорунун өзөктүк "Тозок оту торпедаларын" суу алдында ташуучулары – жашыруун, кубаттуу, өтө тереңдикте (өйдө көтөрүлбөстөн) аскердик кызматтын милдеттерин төрт айга чейин өтөй алат. Алар дүйнөлүк океандын каалаган бурчунда иш алпара алат. Өз кезегинде "Посейдон" учкучсуз аппараттары согушта колдонууда бышыгыраак, автономдуураак, таптакыр кыйрагыс.
Жалпысынан көп буталуу океандык бул тутум – бортундагы атомдук субмарина жана термоөзөктүк трансконтиненталдык торпедалар орус матрешкасын элестетет, бул учурда РФтин тынчын албай эле койгон оң. Жүйөлүү себеп болбосо, "Посейдон" эч качан ишке кирбейт. "Посейдон" өзөктүк кыймылдаткычтуу учкучсуз аппаратынын узундугу  20 метрдин тегерегинде, диаметри – 1,8 м, салмагы 100 тоннаны түзөт.
Аракет этүү алыстыгы чектелген эмес, сууга чумкуу тереңдиги – 1000 метр, ылдамдыгы – 100 узел (185 км/час), параметрлери болжолдуу душмандын заманбап торпедаларынын дээрлик баарына жеткиликсиз. Мындан тышкары, термоөзөктүк учу бар суу түбүндөгү аппарат компьютердик интеллектиге ээ, ташуучусунан миңдеген чакырым аралык ыраактыктан өз алдынча аракет этүүгө жөндөмдүү. Максималдуу ылдамдыгы кандай гана коркунуч болбосун буйтап кетүүсүнө жол берет. Гидроакустикалык каражаттар менен мындай бутанын изине түшүү дээрлик мүмкүн эмес. "Посейдон" 10 миң чакырымга чейинки аралыктан деңиз түбүнүн рельефи боюнча кыймылдай алат. Ал эми багытталган чекитинде согушта колдонуу же базага кайтуу сигналын деңиз топурагында айлап күтүп жата алат (узун толкундары суунун катмарына туруштук берет).
"Посейдондун" ок бөлүгүнүн кубаттуулугу – тротилдик эквивалентте 100 мегатонна. Анан калса кобальттык секциялуу ок учу аймакты максималдуу радиоактивдүү булгоо үчүн түзүлгөн.
МиГ-31 истретибели. Архив - Sputnik Кыргызстан
6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?
Мындай ачык мүнөздөмөлөрү Россия менен "күч позициясынан" сүйлөшүүгө ниеттенген "өнөктөштөрү" үчүн атайын ачыкталган. Атомдук субмарина-ташуучулар жана стратегиялык торпедалардын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү узак келечекте болжолдуу душман кургакта жана деңизде ракетага каршы коргонуучу "ок өткөрбөс купол" жасай алса да, кыйратуучу сокку менен тосуп алуусун кепилдейт.
Пландалган төрт субмарина-ташуучу – бул дүйнөлүк океанда жайгаштырылган 24 "Посейдон" учкучсуз аппараты. Forbes берген баа боюнча, алар кандай гана душман болбосун жээктеги коргонуу тутумун "жокко чыгарып", Аскердик-деңиз флотунун авиаташуучу сокку уруучу топторун кыйратып, Кошмо Штаттардын чыгыш жана батыш жээктерине орду толгус зыян келтирүүгө жөндөмдүү. Ал эми башка аскердик-деңиз флоттору мындай аппарат жаратары да арсар.

Флот стратегиясындагы орус революциясы

Вашингтон өзүнүн жетишерлик агрессивдүү тышкы саясатында аскердик-деңиз күчтөрүнө чоң басым жасайт, чет өлкөлүк базалардын ири түйүнүнө таянуу менен планетаны көзөмөлдөөгө умтулат.
Россия асимметриялык чара көрүп, бүгүн деңизде стратегиялык жана көп буталуу субмариналар менен гана коргонуп тим калбайт. Чындыгында америкалык эксперттер да "Посейдон" АКШнын ракетага каршы тутумдарын жана 2500 чакырымга чейинки аралыкка атылуучу "Томагавк" канаттуу ракеталары менен куралданган крейсерлери, эсминецтери, суу түбүндөгү кайыктардын бүтүндөй армадасын түзүүгө болгон жооп экенин түшүнөт.
Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
Америка тарап россиялык "Посейдондордун" пайда болушуна катуу тынчсызданат, согуштук жаңжал маалында бул курал эл аралык укук ченемдерине шайкеш колдонулуп-колдонулбай турганына түйшөлөт. Россиялык "Посейдондор" АКШнын эки океан менен "кепилденген" коопсуздук жана жазасыз калуу артыкчылыгынан ажыратат.
Термоөзөктүк "аргументтери" бар суу алдындагы "акылдуу" дрондор өзүнүн жаралышы менен эле тынчтыкка мажбурлайт, америкалыктардын сүйлөшө билүү жөндөмүн жогорулатат. Вашингтондун "Тозок отунун торпедаларына" каршы туруучу жаңы система түзүүгө сарптаган эбегейсиз чыгымдары гана бул аппаратка альтернатива боло алышы ыктымал. Бирок бул багытта да АКШ технологиялык жактан РФтен артта калгандыктан, аскердик тармакта ийгилик жарата алары күмөн. Ал эми келечегинде суудагы ири, тагыраак, аскердик же гидрографикалык, соода-сатык деп жашырылган кемелер өзөктүк торпедаларды ташуучу боло алышат.
"Посейдон" системасы куралданууну чектөө жөнүндөгү келишимге туш келбейт, ири экспорттук дараметке ээ, конвенциялык ок-дары бөлүгү менен эл аралык рынокто сатууга болот. Индия жана Кытай аны көпкө ойлонбостон сатып аларын боолголоого болот.
Кытайлык адистер мындай технологиялардын терең суулардагы изилдөөлөр үчүн төп келет. Чындап эле "Посейдон" корпусунун бышыктыгы ага 14 чакырымга чейинки тереңдикке чөмүлүүгө мүмкүндүк берет.
Кандай болгон күндө да өзөктүк энергетикалык орнотмосу бар континенттер аралык терең сууга ылайыкталган россиялык стратегиялык аппараттын келечеги кең. Ал эми гуманисттик "күч позициясындагы" Москва эң ыңгайсыз өнөктөштөрү менен тең укукта жана тынч сүйлөшүүлөргө дайым даяр.
Жаңылыктар түрмөгү
0