Россиянын курулуш компаниялары мигранттарга муктаж болууда

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМосквадагы турак-жай комплексинин курулушунун жумушчулары. Архив
Москвадагы турак-жай комплексинин курулушунун жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-мартка карата Россия президенти Владимир Путин Россия өкмөтүнө курулуш тармагына мигранттарды алууда талаптарды жөнөкөйлөтүү маселесин кароого тапшырма берген.
Пандемиядан улам чек аралар жабылып, Россиядагы курулуш тармагында акыркы жылы жумушчу күч тартыш болду. Анткен менен курулуш компаниялары бул көйгөйдү бир катар өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору менен биргеликте мигранттарды топтоп, кабыл алып чече баштады.
Sputnik РФтеги курулуш тармагында жумушчу орундар маселеси кандай турарын, эмне үчүн чет элдик жумушчулар россиялык иш берүүчүлөр үчүн маанилүү экендигин иликтеп көрдү.

Мигранттар эмгекчил жана чыр-чатактан оолак

Россиялык "ПИК-Индустрия" жана "ТехСтрой" курулуш компаниялары Өзбекстандын тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги менен аталган республикадан жумушчуларды алуу ишин баштады. Бул система мигранттар үчүн да, иш берүүчүлөр үчүн да ишенимдүү, мыйзамдуу жана коопсуз.
Россиянын кыймылсыз мүлк жаатындагы ишкерлери Москвага, Подмосковьеге 14 миңге чукул курулуштун ар кыл багытындагы мигранттарды тартуу ниетинде. Алар монтаждоочу-сантехник, электр ширетүүчү, электр монтаждоочу, кыш кыноочу, арматура боюнча иштегендер, калыпка салгандар, курулуш иштеринде жүктү көтөрүп, түшүрүү боюнча иштегендер, шыбакчы-түздөөчүлөр.
"ТехСтрой" компаниясынын долбоорунун жетекчиси Николай Попов эмне үчүн алар өзбекстандыктарга басым жасагандыгын төмөнкүчө түшүндүрдү. 2020-жылдын декабрь айында 472 кишини курулушка алышкан. Азыр алар жумушка кирүү боюнча уруксат берген документтерди толтуруп, ишке кирүү алдында турушат.
"Аталган республиканын жарандары кыш кыноочу, ширетүүчү, жыгач уста, бетонду жакшы куйган адистер катары өздөрүн көрсөтө алышты", —  деген Попов Sputnik кабарчысы менен сүйлөшкөн учурда.
Курулуш компаниялары январдын аягына чейин Өзбекстандын үч шаарында — Фергана, Самарканд жана Үргөнчтөгүлөрдөн жумушка тартуу ниетинде. Россиялык фирмаларды 21ден 50 жашка чейинки кеминде бир жылдык тажрыйбасы бар, орус тилин билгендер кызыктырууда. Тандоодон өткөндөрдө 60-100 миң рублдин тегерегинде айлык алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Аларды жатакана, атайын кийимдер, алгачкы айда тамак-аш менен камсыздап турушмакчы.
Россия Федерациясынын курулуш тармагындагы кадрлык абал
Кадровая ситуация в строительной отрасли РФ - Sputnik Кыргызстан
Россия Федерациясынын курулуш тармагындагы кадрлык абал

Жумушчулар жетишпей жатат

"Инград" компаниясынын курулуш департаментинин директорунун орун басары Светлана Бабкина учурда курулуш фирмаларга эмгек мигранттар жетишпей жаткандыгын жашырган жок. Анын айтымына караганда. чет элдик жумушчулар баа-барктуу. Себеби алар тартиби, ишке болгон мамилеси жана чыдамкайлыгы менен айырмаланып турушат.
"Чек аралар жабылып, жакынкы чет өлкөлөрдөн жаңы жумушчу күчтөрүнүн агымы азайып, кыйналдык. Бизде Армения, Беларусь, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары эмгектенишет. Объектилерибизде иштеп жаткандардын 60 пайызы чет элдиктер", — деди Бабкина.
Россиянын курулуш рыногунда иштей турган жумушчулардын таңкыстыгы туурасында адамдарды жумушка алгандар боюнча HeadHunter деп аталган кызматынын маалыматтары да айтып турат.
Реконструкция Центрального стадиона в Екатеринбурге к ЧМ-2018 - Sputnik Кыргызстан
Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды
2020-жылы марттан тарта курулуш тармагындагы орундардын дээрлик үчтөн бири кыскарып кеткен. Бул, албетте, экономикалык белгисиздик жана чектөөлөрдөн улам жаралды. Анткен менен бир аз убакыттан кийин баары калыбына келе баштады. Июнь айына карата маалыматтарда РФтеги курулуш тармагындагы вакансияга муктаждык орточо эсеп менен алганда 38 пайызга жогорулап, ал 2020-жылдын февраль айындагы коронавируска чейинки көрсөткүчтү ашып түштү. Жумуш орундарынын керектелүүчү чеги 2020-жылдын сентябрь айына туш келди. Бул айда иш берүүчүлөр курулушчулар керек деген 70 миңден ашуун жарыя берген. Бул 2020-жылдын январь айына караганда 64 пайызга көп болду.
"Августтан тарта курулуш тармагында бир вакансияга эки гана киши туура келип жатат. Муну эмгек ресурстарынын жетишпестиги деп түшүнсөк болот", — деп Sputnik радиосуна айтып беришти hh.ru порталынан.

Кээ бир объектилерде курулуш иштери дээрлик токтогон жок

Мамлекет каржылаган курулуш объектилеринде абал бир топ эле жакшы болду. Иш негизинен токтогон эмес. Муну тажикстандык 31 жаштагы куруучу Ахлиддин Саидов тастыктады. Ал Москва шаарында бригадир болуп эмгектенип, учурда оорукана куруп жатышат.
"Пандемия учурунда курулуш эки аптага гана токтоду. Кудайга шүгүр, азыр андай болгон жок. Кээ бир мигранттар кыйналды, ал эми биз мамлекеттик объектини салгандыктан, ишибизди уланта бердик", — деп эстеди ал кезди куруучу.
Саидов аны менен иштегендер жатакана менен камсыз болгондугун, иш берүүчү документтерин мыйзамдаштырууга жардам берип турарын кошумчалады. Айтымында, иши сааты менен эсептелип, 180ден 220 рублге чейин жетет. Жөнөкөй жумушчу орто эсеп менен айына 40 миңден 50 миң рублге чейин айлык алат.
Россия Федерациясынын курулуш тармагында эң көп талап кылынган кесиптер
Самые востребованные профессии в строительной отрасли РФ - Sputnik Кыргызстан
Россия Федерациясынын курулуш тармагында эң көп талап кылынган кесиптер

Куруучудан курьерге өткөндө

Бир топ компаниялар кыйынчылыкка туш болгондуктан, ал жумушчуларга да кедергисин тийгизди. Тажикстандагы Турсунзаде шаарынан келген Абдумалик Каримов курулушта бригадир болуп иштеп, кыскартууга туш болгон.
"Мен резервде турган топто элем. Бизди каалаган ишке учурунда чакыргандыктан, туруктуулук жок болчу. Декабрда эч нерсе түшүндүрбөй эле бардык жумушчуларды таратып жиберишти", — деп айтып берди тажикстандык мигрант.
Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп
Бирок ал кол куушуруп отуруп калбай, курьер болуп иштеп кеткен. Абдумалик бул иште мурдагы жумушуна караганда акчаны көбүрөөк табарын жашырган жок. Орточо эсеп менен айына 70 миң айлык алат. Мурдагы жеринде 60 миң рубль колуна тийчү экен. Бирок бул иште 12-14 саат иштегенге туура келерин айтты.
Ар кайсы тармакта иштеп жүрүп жумушун жоготкон мигранттар курулуш фирмаларына орношкон тенденция да бар. Тажикстандык Тимур Зафаров Самара шаарында кафеде иштеп келген. Пандемия аны жумушунан ажыратып, бир жарым ай үйдө отуруп калган. Тобокел деп Москвага келип, маляр болуп иштей баштаган.
"Айлык акы ортомчунун колунун ачыктыгына жараша болот", — дейт ал.
Зафаров бир күндө 1800дөн 3000 рублге чейин иштеп табууга болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0