РФте жүргөн мигранттар 15-мартка чейин документтерин иретке келтириши керек

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМасочный режим в Москве
Масочный режим в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары коюлган талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
  • ID-card же жалпы жарандык паспортту жарактуу мөөнөтү бүткөн соң өз убагында алмаштыруу;
  • Россиянын аймагында жүрүү үчүн документтерин (убактылуу жашоого уруксат, мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу белгиси менен миграциялык карта, каттоосу) Россиянын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирүү;
  • зарыл болгон учурда жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин жана контрактыларын узартуу;
  • административдик укуктарды бузгандыгы үчүн салынган айыптарын жоюу;
  • Россиянын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү (эгер мурда өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган болсо).
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0