Путин Давос форумунда сүйлөп, ааламдын орчундуу маселелерине токтолду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүү Россиянын президенти Владимир Путин
 Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды өткөн кылымдын 30-жылдары менен салыштырууга болорун белгиледи.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 12 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы ирет Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Иш-чара дүйшөмбү күнү башталып, коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн-форматта өтүп жатат. Россия лидери пандемия маалында дүйнө кандай өзгөргөнү боюнча айтып, бардык өлкөлөрдү болушунча бири-бирине жакын ымалада болууга чакырды.
Путин дүйнөдөгү кырдаалды өткөн кылымдын 30-жылдары менен салыштырууга болорун белгиледи.
“Мындай абал менен макул болсо да, ага көнбөсө да болот. Бирок бир топ параметрлер – масштабы, комплекстүүлүгү, чакырыктардын системалык мүнөзү, ойлондурган кооптуулук — баары бир ага кандайдыр бир окшоштук чыгып калып жатат. Биз экономикалык өнүгүүнүн мурдагы ыкмалары менен инструменттеринин каатчылыгын көрүп турабыз. Социалдык катмарга бөлүнүү күчөп кеткен. Бул ааламдык деңгээлде да, бир катар өлкөлөрдүн мисалында да көзгө дароо урунат. Бул тууралуу мурда деле айтып келгенбиз, бирок бүгүн коомдо пикирлердин арбындыгын жаратып жаткан учур. Популизмдин, оңчул жана солчул радикализмдин, дагы башка чекке жеткендиктин өсүшүнө түрткү болууда. Ички саясий абалдын курчушу менен айыгышкан тирешүүлөр бир топ алдыңкы өлкөлөрдө арбыды", — деди Путин.
Россиянын башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду?
Россия президенти мунун кесепети эл аралык мамилелерди дагы кыйгап өтпөй, туруксуздукка жана күтүлбөгөн окуяларга кептеп жатканын белгиледи. Эл аралык институттар алсырап, регионалдык жаңжалдар көбөйүп, глобалдык коопсуздук системасы деградацияланып жатканын айтып өттү.
Путин өзүнүн сөзүндө эл аралык мамилелерди чыңалуулар, глобалдуу чатактар, адамзаттын жашоо деңгээли, кирешелердин бөлүнүшү, жакырчылыктан чыгуу жана азыр ааламды силкинтип жаткан коронавирус пандемиясы, ага каршы туруучу вакциналардын жеткиликтүү болбой жатышы тууралуу кеп козгогон.
Россия президенти эмнеден кеп салганы боюнча бул жерден кеңири окуй аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0