Киши кол чатыр менен ЕБ флагдын фонунда. Архив

Европа РФ менен мамилесин жана өз келечегин сактоого тырышат. Сереп

(жаңыланган 09:50 29.01.2021)
Жакында эле Италия Алексей Навальныйдын ишинен улам Россияга каршы койгон санкцияларын кайра карап чыгууга даяр экенин жар салды. Андан мурдараак Москвага каршы "таасирдүү санкциялар" демилгесин Франция, Польша, Чехия жана башкалар да колдоп чыккан.

Мындан тышкары, чехтер Тышкы иштер министрлигине Прагадагы россиялык элчини чакыртышкан. Бирок Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин чогулушунун жыйынтыгы боюнча европалык дипломатия жетекчиси Жозеп Боррель жаңы антироссиялык чаралар жөнүндө так бир сунуш түшпөгөнүн маалымдаган соң андай шыктана биригүүдөн эч нерсе чыккан жок.

Мындай ыңгайсыз жагдайды Словакиянын тышкы иштер министри түшүндүрүүгө аракет кылган. Анын айтымында, Европа биримдиги санкциялар саясатына таяна берүүнү каалабаганын далилдөөгө ниеткер, ага кошумча "адилеттүү соттук жараянга орун бергиси келет" (блогерге карата — ред.)".

Ошондой эле Иван Корчок 5-февралда Жозеп Боррель Москвага Сергей Лавров менен кезигүүгө барарын эске салды. Словакиялык саясатчы бул жолугушуунун негизги темасы болууга тийиштигин айтат. Жалпысынан, дипломатиялык сыпайылыкты жалпы тилге которсок, Европа биримдиги Москва менен курчуп бараткан жагдайда артка кетенчиктегендей.

Бирок мындай кадамга карата келтирилген аргументтер, жумшартып айтканда, ынандырарлык эмес. Жети жыл ичинде (жети жыл болуп кетиптир!) Москванын дарегине капыстан жакшы ниет көрсөтүү менен Россия менен тирештерде бир да жолу мынчалык көз көрүнөө чегинген эмес.

Дегеле санкциялардын өздөрү эбак курулай ырым-жырымга айланып калды, себеби эски рестрикциялар узартылып, жаңылары киргизилип, анан да бул эки тараптуу мамилелерге да, ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорго да анчалык таасир этпейт. ЕБдин күтүүсүз кадамынын артында эмне турат деген суроо жаралбай койбойт. Бул окуялардын айынан Европага карата Москванын жумшарбаган позициясынан издеген оң. Навальный окуясынын маанилүү өзгөчөлүгү анын Европа биримдигинин активдүү колдоосу менен Германия демилгелеп аткарганында. 2016-2017-жылдардан баштап батыш биримдиги антироссиялык саясат маселеси боюнча көбүнесе формалдуу болуп калган, Евробиримдик жөн гана АКШ жана Улуу Британия тарабынан таңууланган багытта келет.

Дал Вашингтон менен Лондон РФке каршы эң ыплас операцияларды уюштурган. Европа трансатлантикалык шериктештикти көрсөтүү үчүн тийиштүү ишараттарды жасап, маңызында Россия менен кызматташууну калыптандырууга багыт алды.

"Новичок" менен блогердин ууланышы туурасындагы үрөй учурган оюнду баштоо аркылуу Берлин дал эмнени көздөгөнүн талкуулап, талашып-тартышууга болот. Бирок алардын арасында Москва менен кызматташууну бузуу ниети болбогону эбак айдан ачык.

Брюсселдин колдоосунда ФРГ дал ушул тушта "Түндүк агым – 2" долбоорунун курулушун аяктап, ишке берүүгө жан үрөп жатканы муну айгинелеп турат.

Болду-болбоду, немецтер Скрипаль, Сириянын Дума шаарындагы "химиялык чабуул" жана башка Кремлдин "кылмыштары" боюнча иштерде англиялык жана америкалыктар тарабынан түптөлгөн ыкмаларды учурдагы кандайдыр тышкы саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууну чечкен.

Өз аракеттеринин чындап масштабдуу кесепеттерин күтпөгөн көрүнөт. Москванын абдан кескин реакциясы да аларга күтүүсүз болду. АКШ жана Британия тек гана Россиянын геосаясий душмандары болуп саналат, бул өлкө аталган державаларды стратегиялык өнөктөштүк байланыштырбайт. Айрыкча, Германия үчүн Россия менен кызматташуу абдан маанилүү, болгондо да анын мааниси күн да эмес, саат сайын жогорулоодо. Ушундай жагдайда алар Навальныйдын тегерегинде оюн курушту. Анан да Москва мындан улам катуу кыжыры кайнап, ачуусу таркай элек.

Кырдаал АКШнын Ак үйүнө жаңы администрациянын келиши менен Батыш Европасы океандын ары жагынан көзөмөлдөөдөн арылуунун оор жана кооптуу баскычына кириши менен курчуйт. Болгону Навальный окуясынан улам анын Россия менен болгон мамилесинде олуттуу көйгөйлөр жаралды. Болбосо мурда Россия сөз түрүндө да, иш жүзүндө да Европа биримдигинин геосаясий көз карандысыздыгына болгон багытты ар качан колдоп келген.

Москванын көмөгүсүз бул ишкананын ийгиликтүү болору күмөн, ал эми процесс алда канча түйшүктүү жана кымбат болчудай. Россия менен алакасын калыптандыруу Батыш Европа үчүн актуалдуу маселесине айланды. Ошону менен бирге эле өз жүзүн сактап калууга да далбас урат. Бирок өздөрү дүрбөткөн чууну эске алсак, бул оңой-олтоң эмес.

Брюсселдин соңку чечимдери дал ушул маселелерге багытталган. Жаңы санкциялар темасы белгисиз мөөнөткө жылдырылып, ал эми башкы евродипломат көйгөйлөрдү жымсалдоо жана тил табышуу ниетинде Москвага сапар алганы турат. Бирок биринчи кезекте Берлин чалмакейди чалганын эстен чыгарбоо абзел. Андыктан ал бул процесске өз салымын кошууга даярданганы дурус.

Белгилер:
курулуш, долбоор, Түндүк агым - 2, АКШ, келечек, мамиле, Россия, Европа
Тема боюнча
Демократияны алгачкылардан болуп Европа кыйратабы? Абалга сереп
Кара деңиздеги РФтин Каспий флотилиясы

Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

(жаңыланган 22:31 20.04.2021)
Түштүк-батыш стратегиялык багытка карата кандай коркунуч болбосун ыкчам чара көрүүгө даярдыгын Россия Кара деңиздеги кадамы менен көрсөттү.

РФтин Каспий флотилиясы, Балтия жана Түндүк флотторунун ракеталык, артиллериялык жана десанттык кемелери аталган чөлкөмгө жеткирилди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Россиянын ушул аракетине баам салган.

Каспий флотилиясынын 15 кемесинен турган топ 17-апрелдин таңында Керчен кысыгы аркылуу Крым көпүрөсүнүн алдынан сүзүп өтүп, Кара деңизге карай багыт алды. Ошол эле күнү Босфор булуңунан Кара деңизге РФтин Түндүк флотунун ири десанттык кемелери – "Александр Отраковский" жана "Кондопога", андан соң Балтия флотунун ушундай эле "Калининград" жана "Королёв" кемелери жөнөдү.

Жети десанттык ири кемени кошкондо Кара деңизде россиялык мындай жети бирдик бар, штаттык курал жана зооттолгон техника (100 танктан өйдө) үч миң чакты деңиз пехотачыларын бортуна жайгаштыра алат. Ошону менен бирге эле десанттык катерлерди да унутта калтырган болбойт.

Каспий флотилиясынын, Балтия жана Түндүк флотунун күчтөрү Кара деңиз флоту менен биргеликте жоопкерчилик жүктөлгөн аймактагы катаал жагдай эске алынып уюштурулган ири машыгууларга катышат. "Калибр" канаттуу ракеталары менен 2000 чакырымдык радиустан "ливиялык сценарийди" же "чөлдөгү бороонду" уюштуруп, башкача айтканда, европалык өлкөлөрдүн аймагындагы агрессорду кыйратып коё алчу дараметке ээ.

Ошондой эле Кара деңиз флоту жана Каспий флотилиясынын деңиз пехотасы жана жээктеги күчтөрүнүн бөлүктөрү да тартылган. Россиянын түштүк-батыштагы чек араларына аталган мамлекеттин жалпы күчтөрүнүн эки армиясы жана аба-десанттык күчтөрдүн үч дивизиясы, Түштүк аскердик округунун сокку уруучу авиациясы да жеткирилген. Крым тобу кургакта, деңизде жана абада болжолдуу душмандын деңиз жана аба десанттары менен "айыгышкан кармашка" машыгууда.

Батыштын кысымына жооп

Чыгыш Европада 26 өлкөдөн 30 миң жоокер катыша турган Defender Europe 21 машыгуусунун Кара деңиздеги активдүү фазасы май айына коюлган. Ал убакка дейре британ аскердик кемелери, атап айтканда, эсминец жана кайыктарга каршы фрегат келет. Негизинен алар ракетага каршы коргонуучу америкалык "Гарпун", аэродинамикалык бутасын 80 чакырымга чейинки аралыктан кыйратуучу Sea Wolf зениттик ракеталык комплекстери менен жабдылган. Кара деңиз акваториясында британиялык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери Жер ортолук деңиздеги "Королева Елизавета" авиа ташуучусунун бортунан көп буталуу F-35 истребитель-бомбалоочуларын колдойт.

Донбасста курчуп турган абалдан улам РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ жана анын союздаштары Украинаны Крымга карата чагымчылыкка шыкактап жатканын билдирген эле.

Россиянын быйыл 21-апрелден 31-октябрга чейин пландалган аскердик окуулары Кара деңиздеги бир нече районду чет өлкөлүк аскердик-деңиз күчтөрү үчүн жабат. Кеме өтүүчү үч тилке, атасак, Крымдын түштүк жээги (Севастополдон Гурзуфка чейинки), Керчен жарым аралындагы жээктеги жана Крымдын батышында деңизге малынып турган чакан тилкеде ушундай бөгөт коюлган. Эске салсак, бардык чектөөлөр РФтин территориалдык сууларынын ичинде гана, ошону менен бирге эле эл аралык эрежелерге шайкеш, Керчен кысыгындагы жарандык кемелердин өтүшүнө жолтоо болбойт.

Украинанын куралдуу күчтөрү жана НАТОнун стандарттык окууларына Россия Крымдын жээктериндеги таамай тийчү канаттуу ракеталар менен сокку уруучу күчтүү кеме тобун, Кара деңиз флоту жана Түштүк десанттык округдун "аба армадасын" түзүү менен жооп кылып, жабдылбаган жээкке жеткирүү менен өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Мурдараак Кара деңиз акваториясын Түштүк аскердик округунун авиациясынын жана Кара деңиз флотунун Деңиз авиациясынын биргелешкен ири машыгуулары башталып, анда фронттук Су-24М жана Су-34 бомбалоочу учактары, көп буталуу Су-27СМ жана Су-30СМ болушунча пас бийиктиктеги деңиз буталарын карай ракета кое берүү жана бомбалоого машыгып, ошондой эле Кара деңиз флотунун кемелерин калкалап жана коштоо менен алек болушат.

Кара деңиздеги Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катаал үстөмдүгү шартында "Европанын коргоочулары" күч жана каражаттардын машыгуусунда кескин түрдө чектелген. Defender Europe 21 окуусунун пландарына түзөтүү киргизилери шексиз, антсе НАТО боюнча "улук өнөктөштөрдүн" кадыр-баркы түшөт. Пентагондун "кеме өтүүдөгү эркиндиктин" кыйрашы жөнүндөгү кооптонгон билдирүүлөрү ушундай жагдайдан улам экени түшүнүктүү. Кантсе да октябрь айында аймактагы кырдаал калыбына келип калары айкын.

Белгилер:
десант, НАТО, Россия, аскер-деңиз флоту, Кара деңиз
Тема боюнча
"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив

Дональд Трамп: Путин мага, мен ага жакчумун

(жаңыланган 12:56 20.04.2021)
АКШнын экс-президенти убагында Россиянын лидери менен жакшы мамиледе болгонун айтып, бул жаман эмес көрүнүш экенин белгилеген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.

Трамп Путинге жагарын белгилеген.

"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.

Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.

Белгилер:
Дональд Трамп, президент, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги