Геленджиктеги хан сарай

Геленджиктеги "хан сарай" чындыгында кандай көрүнөт. Видеорепортаж

1298
(жаңыланган 01:02 30.01.2021)
Курулушчулардын баамында, имаратты беш-алты жылдан кийин колдонууга берүүгө болот. Журналисттер Геленджиктин ээсинен үн катып коюуну суранышты.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Mash Telegram-каналынын журналисттери "хан сарайга" барып репортаж жасап келгендигин РИА Новости жазды.

Журналисттерди ал жерден сарайдын салынышына техникалык жактан алты жылдан бери көзөмөл кылып келе жаткан өкүл коштоп жүрдү. Алексей Навальный жазган имараттын курулушу жаңы башталгандыгын көрүүгө болот.

"Келгендерди дарбазасы жок кире бериш тосуп алат. Бул жерде падышалык бүркүттүн таажысы көчүрмөлөнгөн кышкы сарай жок. Болгону көлөмдүү бетон турат. Мындайча алып караганда, курулуштун этабын нөлдө десек болот", — деп айтылат видеороликте.

Кабарчылар видеого окшош 16 кеңсени тартышкан. Алар "бири-бирине уланган бетон бөлмөлөр" болгон. Ал эми Навальныйдын "иликтөөсүнө" караганда, кальянкана болушу керек эле. Журналисттер түтүн түтүгүнүн ордуна каскаларды, курулушчулардын алмаштырып кийген кийимдери менен бут кийимдерин көргөн.

"Таза эмес бөлмө" курулуштун алгачкы этабында болсо, курулушчулар "аквадискотека" деп фонтанды аташкан. Анысы да иштей элек.

Тактадагы жазуудан чырмалышкан түтүк зымдарды, бетон блокторун аңдоого жана "розеткалар иштебейт" деген сөздү окууга болот.

"Айланада көп жумушчулар жүрөт. Кадам сайын курулушчуларды кезиктиресиң. Биз курулушту карап чыкканча алар тешип, казып, айтор, өз иштери менен алек болуп жатышты... Чынын айтканда, кишини жанданткан деле көрүнүш жок экен. Кеп-сөз болгон хан сарайды көрө алган жокпуз", — деди журналист.

Курулушчулардын баамында, имаратты беш-алты жылдан кийин колдонууга берүүгө болот. Журналисттер анын ээсин үн катып коюуну суранышты.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин YouTube каналдагы Геленджиктеги хан сарай боюнча үн каткан.

Путин Россиядагы студенттердин күнүнө арналган онлайн-жолугушууда Алексей Навальный даярдаган "иликтөө" тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тема көптөн бери апыртылып келе жатканын, ага азыр элдин башын айлантууга ыңгайлуу учур экенин билдирген.

РФ лидери убакыттын тардыгынан тасманы толук көрбөгөнүн, жардамчылары даярдап берген видео топтомдорго көз чаптырганын айткан.

Путин анда жазылган мүлктөр өзүнө да, туугандарына да тиешеси жок экендигин билдирген.

Кагаз жүзүндө ыйгарылган нерселердин дагы далили жоктугун кошумчалаган.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Геленджиктин кожоюну бир же бир нече ишкер экендигин айткан. Бул туура эмес болгондуктан Кремль ысымды ачык атабай тургандыктарын кошумчалаган. Президенттик администрациядан жалган фактылар жана маалыматтык чабуул даярдалып жатканы туурасында мурда эле кабардар болгондуктарын айтышты.

1298
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Алексей Навальный
Тема боюнча
Путин Геленджиктеги хан сарай жана макулдашылбаган акциялар тууралуу үн катты
Аэропрттогу жүргүнчү. Архив

Ансыз РФке кире албайсың! "COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси кандай иштеп жатат

68
"COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Тажикстан Республикасы дагы туташтырылган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарында коронавирусту аныктоо боюнча ПЦР-тест тапшыруучу жайлар бар. Тесттин жыйынтыгын "COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси аркылуу билсе болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

Эске салсак, ЕАЭБдин жарандары 25-июлдан баштап Россияга кириш үчүн дал ушул тиркемеден ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Министрдин орун басары "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесинин ЕАЭБ өлкөлөрүндө колдонулушу боюнча Москва — Бишкек — Ереван — Минск —Нур-Султан шаарларынын ортосундагы видео көпүрөгө катышты.

"Кыргызстанда бул долбоорго тогуз лаборатория катышууда. Өлкө боюнча анализ алуу үчүн 160 пункт уюштурулган. Бул кызматты колдонууну каалагандар көбөйүүдө. Мисалы, апрель айында күнүнө орто эсеп менен 800 киши тесттин жообун тиркеме аркылуу билгиси келсе, учурда алардын саны 2-2,5 миңге жетти", — деди Жангазиев.

Ошондой эле ал жарандар арасында маалымат башка өлкөгө берилип жаткандыктан коопсуздук маселесине кызыккандар бар экенин кошумчалады.

"Жарандар тууралуу маалымат башка өлкөлөргө берилбейт. Жеке маалыматтар тест кайсы өлкөдө алынса, ошол мамалекетте сакталып кала берет", — деди ал.

"COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Тажикстан Республикасы дагы туташтырлган.

68
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Евразиялык экономикалык биримдик, тиркеме
Тема боюнча
Россияга "COVID жок саякаттайм" тиркемеси жок бир эле учурда кирүүгө болот. Түшүндүрмө
Кенжематова: ички туризмди өнүктүрүү үчүн кызуу аракеттер көрүлүүдө
COVID жок саякаттайм тиркемеси. Архив

Россияга "COVID жок саякаттайм" тиркемеси жок бир эле учурда кирүүгө болот. Түшүндүрмө

47
(жаңыланган 16:53 04.08.2021)
Тигранян тиркемени оңой эле көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк барын жана андан жакынкы лабораториянын дарегин билип ПЦР-тест тапшырса болорун белгиледи.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россияга келген дээрлик бардык чет өлкөлүктөр "COVID жок саякаттайм" тиркемеси аркылуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер дирекциясынын директору, аталган тиркеменин долбоорунун куратору Тигран Тигранян билдирди.

Ал ЕАЭБ өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан "COVID жок саякаттайм" тиркемесин талкуулаган Москва — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүнө катышты. Иш-чара Sputnik аянтында өттү.

Тигранян тиркемени оңой эле көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк барын жана андан жакынкы лабораториянын дарегин билип ПЦР-тест тапшырса болорун белгиледи. 

Эске салсак, 25-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган жарандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүшү керек. Бул — милдеттүү норма.

"Мындай тартип биримдикке кирген өлкөлөр үчүн эле эмес, башка мамлекеттердин жарандары үчүн дагы иштейт", — деди Тигранян.

Ошондой эле ал Россиянын аймагына ЕАЭБ мамлекеттери аркылуу кирген үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн тиркеме кереги жоктугун, бирок бир шарт бар экенин белгиледи.

"Алар өзүнүн өлкөсүнөн берилген маалым катты колдоно алышат. Бирок анын мөөнөтү 72 сааттан ашпашы керек. Эгер өтүп кетсе, анда ЕАЭБ мамлекеттеринен тест тапшырып, жыйынтыгын биздин тиркеме аркылуу алышы керек", —  деди Тигранян.

Долбоордун куратору өзү дагы бул тиркемени колдонорун жана ал абдан ыңгайлуу экенин кошумчалаган.

47
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, тиркеме, Россия
Тема боюнча
Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп
Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова

Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

0
(жаңыланган 22:42 04.08.2021)
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ичинде эмоция кайнап турганын жашырган эмес. Ошол эле учурда ал калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин жазган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиадада финалдык беттештен кийин алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады.

Спортчу колдоо көрсөткөн кыргыз элине рахматын айткан.

"Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам. Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", — деп жазган ал.

Тыныбекова калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин белгилеген.

"Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" — деген спортчу.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан баш-аягы үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

0
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, билдирүү, олимпиада, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео