Кадыры кетип баратат. Симоньяндын Навальный тууралуу билдирүүсү

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүRT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив
RT жана Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Маргарита Симоньян 9 жыл мурункуга салыштырмалуу Навальныйды колдогондордун саны өтө эле аз экенин айтып, муну анын аброюнун төмөндөшү менен байланыштырган.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. RT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян "Россия-1" каналынын эфиринде акыркы 10 жыл ичинде Алексей Навальныйдын кадыр-баркы төмөндөгөнүн жар салды. Бул тууралуу РИА новости жазды.
Несанкционированные акции сторонников А. Навального - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2021
Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары
RT телеканалынын башкы редактору мындай көрүнүштү "таң калычтуу" деп атап, көпчүлүк Навальныйдын камалышын күткөндүгүн белгилеп өттү. Анткени Россиянын Жаза аткаруу мекемеси бир убакта тиешелүү билдирүү жасаган.
"Токтотууга кыйын катуу толкун болот деген сезим болду... Бирок ошол 50 миллион кайда? Фильмдин 100 миллион көрүүчүсү кайда? Алар көчөдө 5 миң адамга кантип айланышты? Навальный 9-10 жыл мурун атактуу болчу, азыр ал өзүнүн кадыр-баркын түшүрдү", — деди Симоньян.
Белгилей кетсек, ишемби күнү Россиянын борбор калаасы Москва баш болгон бир катар шаарларда Навальныйды колдогон нааразычылык акциялары өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0