"Спутник V" вакцинасы: The Lancet үчүнчү баскычтын жыйынтыгын жарыялады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүBIOCAD компаниясынын кызматкерлери. Архив
BIOCAD компаниясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
The Lancet илимий журналы коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын клиникалык изилдөөлөрүнүн үчүнчү баскычынын жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу Россиялык түз инвестициялар фонду маалымдады.
РФтин Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" препаратын 2020-жылдын августунда каттоодон өткөргөн. Вакцинаны Россиялык түз инвестициялар фондунун колдоосунда Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борбору иштеп чыккан. Аны тыкыр изилденип чыккан аденовирустук вектордук платформада түзүшкөн. Бул дүйнөдө биринчилерден болуп катталган COVID-19дун алдын алуучу препарат болуп саналат.
"Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борбору жана Россиялык түз инвестициялар фонду дүйнөнүн эң аксакал, абройлуу медициналык The Lancet басылмасында "Спутник V" вакцинасынын майнаптуу жана коопсуздугун тастыктаган клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү баскычынын жыйынтыктары жарык көргөнүн кабарлайт", — дешет аталган фонддогулар.
Фонддун башкы директору Кирилл Дмитриев вакцина туурасындагы макаланы пандемияга каршы күрөштө орчундуу окуя катары баалайт. "The Lancet журналындагы маалыматтар "Спутник V" — дүйнөдө алгачкылардан болуп катталган эле эмес, мыкты вакциналардын бири экенин айгинелейт. Көз карандысыз эксперттер тарабынан топтолуп, баага татып жана басылмада жарыяланган маалыматтарга ылайык коронавирус илдетинин оор учурларына каршы толук коргойт", — деп белгилейт ал.

Адамзатка арналган вакцина

Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбургдун айтымында, "Спутник V" вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына эл аралык эксперттик баа берилиши боюнча макала пандемияга глобалдык каршы турууда ири ийгилик болуп саналат.
"Россиялык вакцинанын коопсуздугу жана жогорку майнаптуулугу так илимий маалыматтар менен тастыкталып турат. Гамалея атындагы борбордун жалпы жамаатын бул чоң жетишкендиги менен куттуктап турганыма кубанычтамын. Адамдын аденовирустарынын негизинде бир нече вакцина даярдалды. Бул келечекте жаңы препараттарды чыгаруу үчүн кыйла перспективдүү инструменттердин бири болуп берет", — деп ишенет Гинцбург.
"Дүйнөдө үч вакцина, анын ичинде "Спутник V" 90 пайыздан ашуун натыйжалуулукка ээ. Ошону менен бирге эле "Спутник V" коопсуздук жана текшерилген платформа, температуралык режиминен (+2 – +8 градус) улам ташуунун жеңилдиги жана баасынын да бир топ арзандыгы менен бул категориядагы вакциналардан айырмаланат. "Спутник V" — бүтүндөй адамзаттын вакцинасы", — деп кошумчалады Дмитриев.
"Спутник V" азыр 16 өлкөдө, атап айтсак, Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина, Боливия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы, Тунис жана Арменияда катталган.
Ошондой эле вакцинаны каттоо процесси Дары-дармек боюнча европалык агенттик (ЕМА) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан демилгеленген.

III фазанын жыйынтыгы

Клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү баскычынын жүрүшүндө "Спутник V" жогорку майнаптуулук, иммуногендик жана коопсуздук боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн көргөзө алды. Вакцина же плацебонун биринчи жана экинчи ийнеси сайылган 19 866 ыктыярчынын анализдеринин негизинде вакцинанын натыйжалуулугу 91,6%ды түздү. Соңку көзөмөл чекитинде коронавируска кабылган 78 учур тастыкталган. Ошол эле убакта AstraZeneca вакцинасынын майнаптуулугу — 62,1%, Sinovac — 50,4%, Sinopharm — 79,3%. Ушул тапта "Спутник V" вакцинасынын компоненттеринин бирин кошуу комбинациясы AstraZeneca компаниясына өз препаратынын натыйжалуулугун 62,1%дан жогорку деңгээлге чыгарууга жардам берүүдө.
Вакцина сайууга даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Казакстан: башкы санитардык врач менен вице-министрлер "Спутник V" вакцинасын алды
Изилдөөнүн маанилүү фрагменти 60 жаштан улуу ыктыярчылардын катышуусу болду. Вакцинаны сыноодо эң карыя катышуучу 87, ал эми плацебо тобунда эң улуу ыктыярчы 84 жашта эле. Карыялар үчүн коопсуздук көрсөткүчү да жогору экени айкындалды. 60 жаштан өйдөңкү 2 144 ыктыярчы үчүн майнаптуулугу 91,8%ды түзүп, статистикалык жактан 18-60 жаш аралыгындагылар тобундагы маалыматтан айырмаланган деле жок.
"Плацебо алган ыктыярчылар арасынан коронавируска катталган 20 оор учур катталса, вакцина менен эмделгендер тобунан бир да ноокас чыккан эмес", — деп белгилешет фонддогулар. Вакцина алган топтогу ыктыярчылардын 98 пайызында гуморалдык иммундук жооп, ал эми 100 пайызында клеткалык иммундук жооп пайда болгон.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, вирусту жок кылуучу антителолордун деңгээли "Спутник V" препараты менен эмделген ыктыярчыларда ооруп айыккандарга караганда 1,3-1,5 эсе көбүрөөк болгон.
"Спутник V" коопсуздук боюнча жогорку көрсөткүчтөрү менен да айырмаланды. Жагымсыз көрүнүштөрдүн көпчүлүгү (94 пайыз) жеңил формада өткөн. Күчтүү аллергиялык реакциялар жана анафилактикалык шок катталган эмес. Ошону менен бирге эле олуттуу жагымсыз көрүнүштөрдүн деңгээли башка вакциналарга караганда бул препарат менен эмделгендер тобунда бир топ төмөн: "Спутник V" — 0,27% (эмделгендердин саны боюнча пайызда), AstraZeneca — 0,66%, Pfizer — 0,58%, Moderna — 0,97%.
Маалыматтарды талдоо боюнча көз карандысыз комитеттин корутундулары эмдөөгө байланышкан жагымсыз көрүнүштөрдүн жоктугун далилдеди.

"Спутник V" вакцинасынын артыкчылыгы

"Спутник V" — дүйнөдө майнаптуулугу 90 пайыздан ашуун үч вакцинанын бири.
Ошондой эле бир катар артыкчылыктарга ээ:
  • ондогон жылдар бою коопсуздугу тастыкталып келген аденовирустук (адамдын) векторлорунун жакшы изилденген жана жогорку натыйжалуу платформасы;
  • башка платформадагы вакциналарга салыштырмалуу наркы төмөн (бир ченеми он долларга жетпеген баада, майнаптуулугу 90 пайыздан жогорку вакциналарга караганда эки-үч эсе арзан;
  • ташууда катуу талаптар жок, анткени температуралык режими (+2 – +8 градус Цельсия) бүт дүйнө боюнча жөнөкөй логистиканы камсыз кылат.
Адамдын аденовирустарынын негизиндеги вакциналардын коопсуздугу 75тен ашуун эл аралык макалаларда жана дүйнөдө жыйырма жыл аралыгында жүргүзүлгөн 250 клиникалык изилдөөдө тастыкталган (адамдын аденовирустарын вакциналардын курамында пайдалануунун тарыхы 1953-жылдары эле башталган).
Аденовирустук векторлор — бул кадимки суук тийгизүүдөгү генетикалык модификацияланган вирустар, алар адам организминде көбөйүүгө жөндөмсүз.
Спутник V вакцинасына чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Пресс-борбор
Россия Кыргызстандын аймагында "Спутник V" вакцинасын чыгарууга даяр
"Спутник V" вакцинасын пайдаланууда коронавирус организмге түшпөйт, вакцина анын тышкы белоктук челинин бөлүгүнүн генетикалык маалыматын ("таажы" формасын түзгөн "тикендери") гана камтыйт. Ad5 жана Ad26 стереотибиндеги адамдын аденовирустарына негизделген эки бөлөк векторду пайдалануу эки ийне үчүн тең бир эле векторду колдонгон вакциналарга салыштырмалуу коронавирустан бир топ натыйжалуу коргоого, ошондой эле узак жана кыйла узак иммундук жоопту түзүүгө мүмкүндүк берет.

Эксперттер үчүнчү баскычтын жыйынтыктарын кубаттайт

Батыш мамлекеттериндеги эксперттердин көпчүлүгү The Lancet илимий журналындагы жыйынтыктарды жылуу кабылдап, россиялык вакцинанын майнаптуулугун, коопсуздугун жана логистикада жеңилдигин белгилешкен.
"Мындагы жыйынтыктар болушунча так, ал эми илимий принциптер ынанымдуу берилген. Демек, бул дагы бир вакцина жаалданып турган коронавирустук инфекцияга каршы турууда катарга кошула аларын билдирет", — дешет британиялык окумуштуулар – Гигиена жана тропикалык медицина боюнча Лондон мектебинен Полли Рой жана Рединг университетинен Иан Жонс.
"Вакцина илдеттин оор учурларынан же өлүмдөн сактоодо 100%га натыйжалуу, бул бир топ маанилүү фактор. Мурдубуз бүтсө, биз баарыбыз илдетти жеңил эле жеңе алабыз, башкысы ооруканага жатып же өтүшүп кетчү формасына кабылбоо", — деп билдирет АКШдагы Вистер институтунун Вакцина жана иммунотерапия борборундагы медицина илимдеринин доктору Хильдегунд Эртл.
Спутник V (Гам-КОВИД-Вак) вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
"Спутник V" вакцинасын кайсы оорусу барлар этияттык менен алышы керек? Инструкция
Эртл "Спутник V" вакцинасынын биринчи ийнесинен кийин эле илдеттен коргоо деңгээли 87,6%ды түзгөнүн белгилейт. Ушундай көрсөткүчү менен ал AstraZeneca же Johnson&Johnson компанияларынын вакциналарына караганда бир топ майнаптуу. Окумуштуунун айтымында, ушундай эле натыйжалуу Pfizer жана Moderna РНК-вакциналарынан айырмаланып "Спутник Vти" муздаткычта сактоого болот. Бул COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөшүүдө эбегейсиз мааниге ээ.
"Бул жакшы кабар экени шексиз, анткени эки формулалуу бул вакцинаны өндүрүү жана глобалдык тартыштык жана логистика көйгөйлөрү шартында пайдалануу салыштырмалуу жеңил", — дейт Франциядагы Inserm саламаттык сактоо жана медициналык изилдөө улуттук институтунун изилдөөлөр боюнча директору Сесил Черкински.
Чыгыш Англия университетинин медициналык микробиология профессору Дэвид Ливермор "Спутник V" адамдын аденовирустук векторунун негизинде түзүлүп, 90 пайыз натыйжалуулукка жеткен алгачкы вакцина экенин баса белгилейт. "Ушул тапта дүйнөгө COVID-19га каршы бардык жакшы вакциналар керек", — деп жыйынтыктаган Ливемор.
Жаңылыктар түрмөгү
0