Медицина кызматкери COVID-19га каршы Спутник V вакцинасын кармап турат

"Спутник V" вакцинасы мусулмандар үчүн адал экени айтылды

126
(жаңыланган 16:46 04.02.2021)
Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препараттын эмнеден жасалары ойлондурган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиялык "Спутник V" вакцинасынын курамында мусулмандар үчүн тыюу салынган кошулмалар жок. Бул тууралуу Россиянын муфтийинин орун басары Ильдар Аляутдинов билдиргенин РИА Новости жазды.

Муфтий мындай бүтүмгө вакцинаны иштеп чыккандардын берген маалыматынын негизинде келген.

Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препаратты даярдоо учурунда чочконун желатини колдонулган-колдонулбаганы ойлондурган.

"Вакцинаны жасагандардан жооп келди. Препаратта чочконун желатини же кандайдыр бир адамга тийиштүү компоненттер (клеткалык линиялар) жок. Исламдын көз карашы менен алып караганда курамында тыюу салынган эч нерсе жок", — деди Аляутдинов.

Ал ошондой эле вакцинанын түзүүчүлөрүнө тактоочу суроолор жиберилгенин айтты.

"Бул боюнча фатва чыгарганы жатабыз", — деди муфтий.

Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин "Спутник V" вакцинасы менен эмделгени айтылган.

126
Белгилер:
курамы, препарат, мусулман, Спутник V, вакцина, Россия
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (88)
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы: The Lancet үчүнчү баскычтын жыйынтыгын жарыялады
Дарыгер эмдөөнүн кыйыр таасири эмнеден пайда болорун айтты
Президент Садыр Жапаров Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Садыр Жапаров Москвада белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Сүрөт

9
(жаңыланган 19:37 25.02.2021)
Делегация Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго бир мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.

Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

9
Белгилер:
сүрөт, мүрзө, жоокер, Россия, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Кыргызстан президенти менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Москвада эмнени талкуулады
АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

75
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, парламент аралык мамилени талкуулады.

Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.

"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.

Аны менен катар Мамдуманын төрагасы март айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Душанбеде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин алкагында жолугушаары пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.

75
Белгилер:
Вячеслав Володин, Мамлекеттик Дума, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео