11 күйөөгө тийип, байлыгын алып, жерге берип... Россиялык аялдын окуясы

Кишенделген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Иш козголгон аял пенсияга чыккан жалгыз бой кишилерге турмушка чыгып, аларга тиешелүү мүлктү сатып, акчасын алып турган.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Краснодар крайынын полиция кызматкерлери Россиянын Армавир шаарынын тургунуна козголгон кылмыш иши боюнча иликтөөнүн аягына чыгышты.
РИА Новости билдиргендей, иш козголгон аял пенсияга чыккан жалгыз бой кишилерге турмушка чыгып, аларга тиешелүү мүлктү сатып, акчасын өзүнө алып турган. Ал эми күйөөлөрү белгисиз себептерден улам көз жумушкан.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Тогуз ай калп айткан. Жигитинен ажырап калуудан корккон британиялык кыздын кылыгы
Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, 53 жаштагы аял кыздары менен атайын жалгыз жашаган эркектерди издеп, ал адамдарга турмушка чыкчу. Ал эми кыздары улгайган кишилердин ишеничине кирип, мүлкүн — жер, үй, Армавир, Краснодар жана Сочидеги батирлерин алып калууга аракет кылышкан.
Башка учурларда аялдын кыздары жабыркагандардын тууганы, мураскору болуп калабыз деп көндүрүшкөн.
Шылуундардын шериги Новокубанск шаарында риелтор болуп иштеген 57 жаштагы аял экени да маалым болгон.
"Алар келтирген чыгымдын жалпы суммасы 21,7 миллион рубль болуп чыкты. 2013-жылдан 2019-жылга чейин бул аялдар 12 кылмыш ишин жасап, жабыркаган 11 адам көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жыйынтыгы жазылган корутунду сотко жөнөтүлгөнү айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0