БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россия Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөштөрүнө колдон келген бардык жардамын берүүгө даяр. Бул тууралуу РФтин өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
Ал Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сүйлөп жатып, учурда коронавируска каршы күрөшүү боюнча маселелер орчундуу бойдон турганын айтты.
"Биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн аймагында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү күн тартибиндеги биринчи маселе. Биз өнөктөштөргө бул жаатта колдон келген жардамды аябай, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, биргеликте иш алып барууга даярбыз", — деди Мишустин.Ошондой эле ал пандемияны ооздуктоо максатында "COVID-19суз саякаттайм" долбоору ишке кирип, атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкканын кошумчалады. Аны 1-февралдан тарта Россия, Армения жана Беларустун жарандары колдоно алат.
Бул тиркемени уюлдук телефонго жүктөп алган соң COVID-19ду аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин жыйынтыгы тиркемеге аркылуу алып, телефонго сактап жүрсө болот.
Мындан тышкары, өкмөт башчы айрым өлкөлөр пандемиядан пайда табууну көздөп жатканын, бул нерсе абдан кооптуу экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Евровидение-2021" сынагына Россиянын атынан Manizha аттуу ырчы катышат.
Маалым болгондой, ал көрүүчүлөрдүн көп добушун топтоп жеңишке жеткен. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 8-март күнү Биринчи каналдан айтылган. Аталган сынакка катышуу үчүн "2Маши" жана Therr Maitz топтору да ат салышкан.
"Евровидение" сынагы былтыр коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Быйыл эл аралык сынак 18-22-майда Роттердамда (Нидерланд) өтүп, ага 41 өлкөнүн өкүлү катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кадимки тартипте өтөт. Бирок делегация курамы менен журналисттердин саны кыскартылат. Ошондой эле шоуга көрүүчүлөр кирер-кирбеси азырынча белгисиз.
Мансур аттуу бул жаныбардын уйкулуу көздөрүн жана өзүнүн жыгач үйүнүн эшигин ичинен кадимки кишилерге окшоп жаап алганга аракет кылып жатканын көрөбүз. Бир нече ирет кылган аракетинен майнап чыкпагандан кийин 300 кг салмакка жакын аюу карды аралай эшикке чыккан.
Видеодон 20 күндүк уйкудан ойгонуп, чээнден чыккан Мансур кадимки жаш балага окшоп кар баскан таңгак чөптү чачып, ага оонап ойноп жаткандыгын көрүүгө болот. Вольерди аралап чуркап, бакка жөлөнүп, андан соң үйүлгөн карды алдыңкы эки буту менен шилеп жатканы кадрга түшүп калган.
Мансур - интернет жылдызы. Ал учурда Калуга облусундагы Орешково аэродромундагы вольерде жашайт. Facebook тармагындагы баракчасындагы маалыматта аюунун беш жашта экендиги, аны учкучтар өзүнүн камкордугуна алып багып келгендиги айтылат.
Мамалак кезинде белгисиз бирөөлөр аэродромго таштап кетип, аны Ил-14 учагын калыбына келтирүү менен алектенген авиаторлор багып алышкан.
Учурда Мансур жарым эркиндиктеги вольерде жашайт. Ага кам көрүп бүтүндөй бир команда иштесе, жырткычтын турган жайына Андрей Иванов аттуу учкуч гана кооптонбой кирип, карап турат.
Sputnik буга чейин да Мансурдун таңгак чөптү тажабай тоголоткон видеосун жарыялаган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.