БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Евробиримдик Жозеп Боррелдин Москвага болгон сапары учурунда эл алдында Россиянын "абийирин ачайын" деген. Бирок ал максаты ишке ашпай калды. Бул тууралуу РФ ТИМинен билдиришти.
Европа биримдигинин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Москвада 4-6-февраль күндөрү болгон. Сапарынын соңунда ал 22-февралда өтө турган европалык ТИМ башчыларынын жолугушуусунда катышуучулар Россияга каршы санкцияларды кабыл алуу чечимин чыгарышы мүмкүндүгүн айткан.
"Батыштагы өнөктөштөрүбүздүн сырын ачып коёюн. Алар биздин "абийирди" ача албай калса эле туталанып баштайт. Анын (Боррель — ред.) максаты — эл алдында бизди уяткаруу эле, менимче, алар муну дыкаттык менен пландашкан. Максат мындай болгон: митингдер, журналисттер тууралуу сүйлөшүп, Навальныйды башкы тема кылгылары келген. Мунун баарын бир дөңгө үйүп, канааттануу менен кетип калгысы келген", — деди РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова.
Анын айтымында, Россия тарап көйгөйлөрдөн тарта өнүгүү перспективаларына чейинки реалдуу маселелерди талкуулоону сунуштап койгондуктан алардын "абийир төгүү" планы ишке ашпай калган.
Буга чейин Россия ТИМи Боррель Брюсселге учуп баргандан кийин Россия тууралуу айткандары Москвадагы сөздөрүнө каршы келип жатканын билдирген.Өткөн жумада Москва макулдашылбаган митингге катышкан Швеция, Польша жана Германиянын дипломаттарын нон грата персонасы экенин жарыялаган. Алар жакында Россиядан чыгып кетишет. Жооп катары бул үч мамлекет россиялык дипломаттарды өлкөсүнөн чыгарганы жатат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
Россиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы Иневка дарыясына тоңгон муздарды жардырганын RT маалымдады.
Аскердик инженерлер музду оюп, жардыргыч заттарды суунун алдына коюп жаткандыгын видеодон көрүүгө болот. Маалыматта аталган иштер кылдаттыкты жана так эсептөөлөрдү талап кылары жазылган.
Адистер туурасы бир чакырым болгон дарыянын нугун муздан арылтуу үчүн 200 кг жардыргыч заттарды пайдаланган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.