Россиянын Саламатык сактоо министрлиги каттаган КовиВак деп аталган COVID-19дун үчүнчү вакцинасы

Россияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина каттоодон өттү

65
(жаңыланган 16:15 20.02.2021)
Вакцина 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагыларга сунушталат, экинчи фазадагы сыноолордон кийин улгайып калгандарга да уруксат берилиши мүмкүн.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россиянын Саламатык сактоо министрлиги "КовиВак" деп аталган COVID-19дун үчүнчү вакцинасын каттады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өкмөт башчы Михаил Мишустинге шилтеме кылып жазып чыкты.

Премьер-министрдин айтымында, жаңы вакцина алгач 127 миң адамга жеткидей болуп даярдалып, март айынын ортосуна жарандык коргонууга жөнөтүлөт.

Вакцинаны Илимдер академиясынын иммунобиологиялык дары-дармектерди изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенген М.П.Чумаков атындагы илимий борбору жасап чыккан. Буга чейин жасалган "Спутник V", "ЭпиВакКоронадан" кийин үчүнчүсү, ага атайын күбөлүк берилген.

Аталган изилдөө борборунун директору Айдар Ишмухаметовдун пикиринде, "КовиВак" коронавирустун мутацияланган штаммына ыңгайлаштырылган жана ага да каршы тура алат.

Анын клиникалык сыноолору өткөн жылдын октябрь айында башталып, терс жактары байкалган эмес. Жакында экинчи фазадагы текшерүүлөрдөн өтүп, андан соң 3000дей ыктыярчыга сайылат.

Вакцина 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагыларга сунушталап, экинчи фазадагы сыноолордон кийин улгайып калгандарга да уруксат берилиши мүмкүн.

65
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1310)
Тема боюнча
ДССУ коронавирус менен ооругандарга вакцина алып коюуну сунуштады
Биолог: вакцина алган кишилер COVID-19ду башкаларга жугузуп жүрө бериши мүмкүн
Солдаттар кытай желегинин жанынан өтүп жатышат. Архив

Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди

48
(жаңыланган 13:13 26.02.2021)
Мамлекет башчысы атасы Нуркожо Жапаров 30 жашында, 1960-жылдары, бабаларынын жери — Ысык-Көл облусуна кайтып келгенин айтты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.

Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.

"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.

Президент Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.

48
Тема боюнча
Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты
Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты

194
(жаңыланган 13:14 26.02.2021)
Мамлекет башчы Кыргызстанга тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын айтты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен жашап калган. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.

Журналист Жапаровдун элдик толкундоолор менен бийликке келгенин эске салып, акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун "юридикалык эмес" механизми Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланганын айтты. Ал эмне үчүн мындай болуп жатканына кызыккан.

Мамлекет башчы бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөрүн, андан башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе экенин билдирген.

"Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракетинин баары ийгиликсиз аяктайт. Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин", — деди Жапаров.

Бирок ал тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын белгилеп, Жээнбековдун эмнеден жазганын айткан.

Президент Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган. Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси", — деди президент.

Ошондой эле ал учурдагы кырдаалдан мамлекетти татыктуу алып чыгып кетүү милдети турганын кошумчалаган.

194
Белгилер:
бийлик, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп