РФ министрлиги "Спутник Лайтты" изилдөөнүн экинчи фазасы аяктаганын жар салды

© Фото / Российский фонд прямых инвестиций (РФПИ) / Медиабанкка өтүүМедик ыктыярдуу кызматкерге "Спутник Лайт" вакцинасын сайып жатат
Медик ыктыярдуу кызматкерге Спутник Лайт вакцинасын сайып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Эмделген адам кайра ооруп калган күндө да COVID жеңил өтөт, анткени вирус козгогуч өпкөгө түшпөйт. Таасирин күчөтүү үчүн үч айдан кийин кайра вакцина сайдырып койсо болот.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россияда "Спутник Лайт" вакцинасынын клиникалык сыноосунун экинчи фазасы соңуна чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого таянуу менен РИА Новости жазды.
"Ушу тапта маалыматтар эксперттик баалоого жөнөтүлдү", — деген министр журналисттерге.
Билдирүүдө үчүнчү фазаны өткөрүүгө уруксат бар экени, тиешелүү кагаздар февралда эле берилгени белгиленди. Изилдөө иштери плацебону пайдалануу менен эки тайпада жүргүзүлөт, 2022-жылдын 28-январында аягына чыгышы керек.
"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.
РФПИнин башчысы Кирил Дмитриев "лайт-версия" негизинен оору күч болуп турган тышкы рынокко багытталганын, ал эми Россияда флагман болуп "Спутник V" каларын белгиледи.
COVID-19 чегинүүдө: КМШ өлкөлөрүндө жаңыдан жугузгандар азайып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
COVID-19 чегинүүдө: КМШ өлкөлөрүндө жаңыдан жугузгандар азайып жатат
Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгиледи. Анын айтымында, эмдөөдөн кийин иммунитет үч-төрт айга чейин калыбында болуп, натыйжалуулугу 85 пайызды түзөт.
Мында "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти пайдаланылып, бир гана жолу ийне сайылат. Эмделген адам кайра ооруп калган күндө да COVID жеңил өтөт, анткени вирус козгогуч өпкөгө түшпөйт. Таасирин күчөтүү үчүн үч айдан кийин кайра сайдырып койсо болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0