Руслан Ан-124 учагы. Архивдик сүрөт

"Руслан" Ан-124. Россия эмне себептен авиагигантын кайра чыгарууга ниеттенди?

859
30 жылдан бери сериялык аналогдордун эң ири жана мыктысы болуп келген ыраак аралыкка багыт алчу Ан-124 "Руслан" оор аскердик-транспорттук учагына Россия экинчи өмүр бермекчи.

Өз классындагы эң ири бул аппарат заманга бап жаңыртылат. РФте, тагыраагы, Ульяновскидеги "Авиастар-СП" ишканасынын 2-мартта өткөн жыйынында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Ан-124 "Руслан" учагын кайрадан чыгарууну сунушташты. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко учактын таржымалына жана болжолдуу келечегине көз чаптырган.

2004-жылга чейин Ульяновскидеги авиазаводдо ушул типтеги 56 машинанын 36сы чыгарылган, 2020-жылы мында Ан-124 учагынан алты бирдик оңдолгон. Ишкананын технологиялык деңгээли кыска убакыт аралыгында "Русландардын" сериялык өндүрүшүн жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Ульяновдук авиакуруучулардын сунушу жөнөкөй маселе эмес, себеби мындай демилгени бир топ жыл мурун РФтин Коргоо министрлиги да көтөргөн. Бирок бир нерсе дайым бул долбоорго тоскоол болуп келген. Ошентип, 2006-жылдагы Ульяновскидеги корпорацияда "Русландарды" Украинадагы ишканалар менен сериялык өндүрүшүн жандандыруу сунушун четке кагууга туура келген, анткени 8 жыл ичинде украиналык тарап кыймылдаткыч менен жабдыган эмес.

РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинде Ан-124 учагын чыгарууга курч зарылдык болгон эмес, себеби ээлик кылган парктын ремонту "Русландарды" 2040-жылдардын аягына дейре (учактын иш жөндөм ресурсу – 50000 саат, учуш мөөнөтү – 10000 ирет же 45 жыл) пайдаланууга жол ачат.

Экинчи жагынан ошол эле мекеме алдыдагы жылдарда Ан-124кө окшогон россиялык өтө оор транспорттук учактын өндүрүшүн баштамакчы. Дал ушул тапта "Русландын" жана россиялык аскердик-транспорттук авиациянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жаралууда.

Соңку жылдарда Сирия, Тоолуу Карабах жана планетанын кооптуу бөлүктөрүндөгү адамзатты тынчсыздандырган окуялар күчтөрдү, курал-жарактарды жана материалдык каражаттарды жеткирүү үчүн оор аскердик-транспорттук авиациянын компоненттеринин маанилүүлүгүн далилдеген.

Эске салсак, "Руслан" базалык аскердик-транспорттук учагы саатына 850 чакырым ылдамдыкта 4800 чакырым аралыкка 120 тоннаны көтөрүүгө (80 тонналык жүк менен 7500 чакырымга чейин учат) жөндөмдүү. Мунун америкалык аналогу Lockheed C-5 Galaxy жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча кыйла артта калат.

РФтин Коргоо министрлигинде он чакты гана Ан-124 колдонулат. Жаңы чакырык жана коркунучтар аскердик-транспорттук авиациянын сандык жана сапаттык өсүшүн талап кылат.

Тарыхта алгач ирет...

Сирияда аскердик-саясий абал чыңалган бойдон. Кырдаал мобилдик бекемдөөнү талап кылышы ыктымал, ошондуктан аталган мамлекетте аймагында Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн ыкчам аэродромдорунун түйүнү кеңейтилүүдө. Америкалык The Drive басылмасынын маалыматы боюнча, Хмеймимдеги учуп-конуу тилкеси 3,2 чакырымга узартылды. Бул "чоң жүк салынган" "Руслан" Ан-124 оор аскердик-транспорттук учактарын кабыл алууга жол ачат.

Мурда аскердик-транспорттук авиация (анын ичинде Ан-124 учактары) Россиядан Арменияга ыкчам түрдө Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу контингенттин курамындагы 1960 аскер кызматкерин жеткирген. Алар штаттык курал-жарак жана техника, атап айтканда, 90 бронетранспортер, 380 автомобилдик жана атайын техника бирдиги менен жабдылган. Аскердик-транспорттук авиациянын мындай операцияларына алдын ала машыгып резервдик учак, экипаж, маршрут жана аэродромдор зарыл.

Брянск областында январдын ортосунда (Россиянын тарыхында алгач ирет) Сеща жана Тверь авиациялык полкторунун экипаждарынын биргелешкен окуу-машыгуучу учууларына күбө болдук. Ага бир эле убакта алты "Руслан" Ан-124-100 стратегиялык аскердик-транспорттук учактары катышты. Бул иш-чара алыс аралыкка аскердик бөлүктөрдүн ички курамын штаттык курал-жарак жана аскердик техника менен чогуу жеткирүүгө экипажды машыктырууну көздөгөн. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, алты "Руслан" бортунда 3000дин айланасындагы аскер кызматкерин же 48 зооттолгон техника бирдигин ташый алат.

Күтүүсүз согуштук жаңжал жагдайында РФтин бардык аймагында жайгашкан күчтөр бирдиктүү организм сымал уюшуп, кырдаалдын кандай өзгөрүшү болбосун ыкчам аракет эте алат. Бул үчүн аскердик-транспорттук авиациянын ондогон жана жүздөгөн учактары керектелет, андыктан жакын арада Ульянов авиазаводунда иш көбөйөрү шексиз.

Кайра кайтышы

"Руслан" Ан-124-100 учагы абага 120 тоннага чейин жүктү, атап айтсак, толук жабдылган 880 аскер кызматкери же Ми-8 төрт тик учагы, узундугу 18 метрлик ракетаны же 18 жеңил автомобилди абага көтөрө алат.

Коргоо министрлигинен тышкары Россиянын ар кыл структураларында ушундай дагы 20 учак пайдаланылат ("224-учуучу отряд" мамлекеттик авиакомпаниясы, "Волга – Днепр" компаниясы). Салыштыра турган болсок, украиналык "Антонов авиажолдору" ишканасында болгону 7 гана ушул типтеги машина бар. Россияда Ан-124 тибиндеги оор машиналардын саны көбөйөөрү турулуу иш.

Санарип модернизация, НК-32 же ПД-14 өңдүү россиялык жаңы кыймылдаткычтар, авионикадагы олуттуу өзгөрүүлөр жана шасси конструкциялары башкача аталыштагы оор аскердик-транспорттук учактарын чыгарууга өбөлгө болушу ыктымал. Мисалга, НАТОдо Ан-124тү эзелтен бери эле "Кондор" деп аташат. Ульянов заводунда оор аскердик-транспорттук учактарын кайрадан чыгарууга чоң тоскоолдук жок.

ANTONOV мамлекеттик ишканасындагылар Украина катышпаса өндүрүштү кайра жандандыруу мүмкүн эмес деп эсептешет, бирок РФ Өнөр жай жана соода министрлиги

ANTONOV Ан-124 учактарына болгон сертификат ээси катары Россиядагы машиналардын учуш мөөнөтүн узартуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай, ошондуктан бул ишке россиялык өнөр жайды тартууга туура келерин билдирген эле.

Ульяновдогу "Авиастар-СП" ишканасы бир топ жылдардан бери "Русландарды" сервистик жактан тейлеп, аларды Ан-124-100 (Аскердик-транспорттук авиация варианты) жана Ан-124-100-150 (максималдуу жүк – 150 тонна) тибине заманбапташтырат.

Советтик конструктордук ойду "менчиктештирүү" аракеттери майнапсыз, ал эми Ан-124түн "теги украиналык" деген киевдик дооматтар суу кечпейт. Ан-124 Советтер союзунда Воронеж, Ульянов, Киевдеги авиа ишканалар кооперациясында чыгарылган. 1991-жылы бул машиналар менен Советтик армия куралданган.

Башында бул аппараттар континенттер аралык баллистикалык ракеталарды мобилдүү кое берүү орнотмолорун аба аркылуу жеткирүүгө багытталган. Билишибизче, көз карандысыз Украинанын мындай ракеталары жок.

Ульяновскиде 56 "Русландын" 36сы чыгарылган, украиналык ANTONOV фирмасынын төрт өндүрүмүнүн тизмегине Ан-124 тегин жерден кирбей калган эмес.

Украиналык авиа өнөр жай тармагынын абалынан улам канаттуу алп аппараттарды чыгаруу кыял гана бойдон калышы ыктымал. Технологиялык деградация – постсоветтик мейкиндикте Россия менен бир тараптуу мамилесин үзгөн өлкөлөрдүн баарына таандык көрүнүш.

Айтмакчы, дүйнөгө белгилүү советтик авиаконструктор Олег Антонов Москва губерниясынан чыккан, Саратов жана Ленинградда окуган, конструктордук чыйырын Москвада баштаган. 1946-жылдан тарта РФтеги Сибирь илим изилдөө авиация институтун жетектеген, кийин, тагыраагы, 1952-жылы аталган илимий жай Киевге көчүрүлгөн.

859
Белгилер:
учак, сервис, курал, ракета, Авиация, Россия
Тема боюнча
Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?
Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салды деп шектелип жаткан Ильназ Галявиев

Казань: мектепте окуучуларды аткылады деп шектелген бала 2 айга камалды

177
(жаңыланган 23:29 12.05.2021)
Шектүүгө айыбын угузуп жатканда ал эч эмоциясыз, унчукпай турду. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, күнөөсүн мойнуна алды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салды деп шектелип жаткан Ильназ Галявиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай баш коргоо чарасын тергөөчүлөр Казань шаарынын Совет райондук сотунан өтүнүшкөн.

“Сот Галявиев эркиндикте жүргөндө башка мыйзамсыз иштерди кылышы мүмкүн деген бүтүмгө келди. Айыбын угузуп жатканда ал эч эмоциясыз, унчукпай турду. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, күнөөсүн мойнуна алды”, — деп жазылат кабарда.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, Казанда 19 жаштагы бала мектеп окуучуларын көздөй ок чыгарган. Мунун кесепетинен жети бала көз жумган.

177
Белгилер:
соттук чечим, шектүү, өлүм, окуучу, мектеп, Казань
Тема боюнча
Мектепке куралдуу кол салуу: Садыр Жапаров Татарстан элине көңүл айтты
Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео
Colonial Pipeline мунай компаниясынын резервуарлары. Архив

Америкалыктардын майга акчасы түгөндү: күнөө орустарда

298
Күлүшүңүз мүмкүн, бирок Америкада кайрадан орус хакерлери табылыптыр. Бу жолу алар Техастан Нью-Йоркко чейин созулган, бир күндө 2,5 миллион баррель нефть өткөргөн Colonial Pipeline түтүгүн бууп салышкан имиш.

ФБРдеги аты аталбаган тараптардын Аssociated Press басылмасына берген маалыматына ылайык, кайсы бир зыяндуу компьютердик программа Colonial Pipeline компаниясын мунай өндүрүүнү токтотууга мажбурлаган. Ушу тапта хакерлер компания жетекчилиги менен "келишүүгө макулдашып" жаткан имиш. Акыркы үч күн нефть түтүгү иштеген жок, мындан улам бензин кымбаттап, мындан ары да нарк жогорулай бермекчи.

Демократиялык партиянын CNN телеканалы киберчабуулду Darkside тобунун хакерлери жасаганын жар салышты. Бул топ, ооба, таптыңыз, орустар менен байланышта экен.

Далилби? Албетте, бар. Darkside —  которо келгенде "караңгы тарап" дегенди түшүндүрөт. Демократиялык дүйнөнүн караңгы тарабында ким турат? Албетте, орустар. Darkside тобунун өзүнүн расмий сайты, байланыш телефондору бар экен, америкалык журналисттер алар менен байланышууга да аракет жасап жатышыптыр. Сайты, контактылары жарыяланган эмне богон хакерлер деп сураарсыз. Эми бул орустун табышмактуу, көпчүлүк түшүнө бербеген жан дүйнөсү окшойт да.

Эң эле бетке чапкан "далили" — "ыплас хакерлердин" постсоветтик мейкиндиктен тыш иштегени. Бул логика менен, мисалы, хакердин чабуулу Люксембургда жасалбаса, демек, ал так ошол Люксембургда жашайт. Тилекке каршы, америкалыктар көп ойлонбой сүйлөөгө көнүп калышкан.

Чынында хакерлер тууралуу жомок Байден доорунун экономикалык кейиштүү абалын актоо үчүн ойлоп табылган. Анткени Трамптын убагында бензин өлкөдө орточо эсеп менен галлонуна эки доллардан (литрине 0,5 доллар) болуп келген. Бүгүн галлон 3,5-4 долларга чейин кымбаттап кетти. Бул болжол менен катардагы калифорниялык киши бензиндин бир литрин 100 рублден ашыгыраак акчага сатып алып жатканын түшүндүрөт.

Colonial Pipeline менен түшүнбөстүктөр (болсо да, болбосо да) мунайдын кымбатташына жакшы себеп болуп бермекчи. Эмне менен бүтөрү деле дайын. Жол кире наркынын өсүшү, дегеле бардык нерсенин — авиабилеттен баштап азык-түлүккө чейин кымбатташын шарттайт. Кыскасы, акция жана кыймылсыз мүлккө катып койчу инфляция бучкактап турган учур.

Кызыгы — бул каатчылыкты атайылап бирөөнүн жасаганында. Ак үйдүн босогосун аттаары менен Байден сланец нефтисин өндүрүүнү чектеп, Keystone XL нефть түтүгү боюнча долбоорду токтотуп, акча жашыл энергетикага салынарын убадалап салды. Мунун баары коронавируска чейинки көлөмдү калыбына келтирүүгө тоскоол болду.

Кара алтындын баасын түшүрүп, орус нефть иштетүүчүлөрүн жок кылабыз деген ой ишке ашпай калды. Тескерисинче, 2020-жылы америкалык сланецчилер өздөрүн өздөрү жок кылышты. Азыр пандемиянын күчү кайтып калган кезде саякатчылар көбөйүп мунайга болгон суроо-талап өсүүдө. Бирок муктаждык жабылбай турат. Демек, бензиндин баасы асман чапчып жатканына таң калбай деле койсо болот.

Цивилизациялуу өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн ар кыл финансылык инструменттер бар. Мисалы, Россия көп жылдан бери демпфердик механизмди колдонуп келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө майдын баасы дүйнөдөгү арзан нарктын бири болуп саналат.

Бирок прогрессивдүү делген АКШда Грета Тунбергдин кыялын ишке ашырууга ыктап келет: америкалыктар ушу тапта үйдө отурушат, анткени учак билети оголе кымбат, жашылчасын терезеде өстүрүп жатат, анткени тамак-аштын баасы өсүп кетти.

Демократиялык партиянын жетекчилиги дал ушундай жашоо образын сунуштап жатат. Бир жыл мурун, нефтинин баасы тарыхый минимумга жетип калган учурда, солчул демократтардын жылдызы Александрия Окасио-Кортес Twitter аккаунтуна "Сиздер муну жакшы көрөсүздөр. Биздин нефть тармагыбыз алдан тайды" деп жазган.

Ошол учурда өндүрүштө иштегендер жапырт ишинен айрылып, компаниялардын чоңу да, кичинеси да жакырланып жаткан эле. Бир аздан кийин конгрессвумен жазганын өчүрүүгө мажбур болгон. Бирок интернет эч нерсени унутпайт эмеспи: Демпартияны каржылаган олигархтардын бирден-бир максаты — Американын нефть тармагын тыптыйпыл жок кылуу.

Colonial Pipeline компаниясына жасалган чабуулдан кийин эле биржа аналитиктери кардарларына киберкоопсуздук боюнча иш алып барган интернет-гиганттардын акцияларын сатып алууну сунуштап жатат.

Санарип корпорацияларга ээлик кылган америкалык олигархтар америкалык нефтичилерди сызга отургузууга кызыкдар. Ал эми мындан миллиондогон жөнөкөй адамдар запкы тартып жатканы — корпоративдик экономикалык согуштун "коштоочу зыян" гана. "Санарипчилер" өндүрүш өнөр жайына каршы, электрокарлар бензин кыймылдаткычтарына каршы, соя этин өндүргөндөр мал чарбачылыгына каршы. Согуштук аракеттердин театры АКШнын өзүнүн аймагында, бирок элдин кыйналып жатышына Вашингтон орустарды күнөөлөп келет.

Албетте, калпты чындай урдуруу Россия менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүсүнө көпүрө болуп бере албайт. Бирок аны кысым жасоого пайдаланууга болот. "Сүйлөшөбүз, мен президент Путин менен жолугууну пландап жатам, — деди Байден. — Биздин атайын кызматтар Россиянын тийиштүүлүгүн (Colonial Pipeline компаниясына жасалган киберчабуул) аныктай элек, бирок опузалоочу программа Россияда экенин көрсөткөн далилдер бар. Бул үчүн жооп бериши керек..."

Америка бийлиги кыйналып-кысталса эле "орус хакерлерин" алып чыга калып жатып мемге айлантып жиберишти. Орус программисттерин эмнеге гана айыпташкан жок! Бирок бир да жолу ынанарлык далил келтире алышкан эмес.

Ал арада дал ушул жылдары АКШ компьютердик кылмыш боюнча дүйнөлүк лидер болду. Акыркы он жылдыкта киберчабуулдарды жасаган дал ушул америкалыктар. Айрымдары кадимкидей эле аскердик диверсия болчу.

Россия АКШга эл аралык киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жөнгө салууну сунуштап келет. Бирок америкалыктар дайым баш тартат, болбосо эреже менен ойноого туура келип калат да. Андан көрө өлкөнүн алсызданып, элинин жакырланышын орус хакерлерине оодара салуу кыйла оңой эмеспи.

298
Белгилер:
коопсуздук, кибер чабуул, Жо Байден, хакерлер, Россия, АКШ
Тема боюнча
Элчилик россиялык хакерлер чабуул койду деген АКШнын айыптоосуна жооп берди
Индияылк ишкер Сандип Бижауат

Чет өлкөлүктөрдүн кайсы адаты кыжырга тиет. Бишкектеги индиялык ишкердин маеги

0
(жаңыланган 19:49 13.05.2021)
Кыргызстанда Индиядан келген студенттер кандай күн көрөт, мекендештер чет жерден келгендердин кандай жүрүм-турумун көтөрө албайт? Ошондой эле Бишкекте "чоочун" кишинин бизнес жүргүзүшү канчалык оор? Бул суроолорго ишкер Сандип Бижауаттан жооп алдык.

Индиялык Сандип Бижауат Кыргызстанга он жыл мурун медициналык билим алуу үчүн келген. Жаш жигит дарыгер болуп чыккан жок, анткен менен музыкалык топ түзүп, баш калаада жергиликтүү музыканттар да автордук чыгармаларын аткара алчу жай ачууга үлгүргөн.

— Кыргызстанга эмнеге көчүп келдиңиз эле?

— Ата-энем мени медик болсо дешчү. Индияда бул кесип келечектүү болуп эсептелет. Жогорку билим алуу үчүн келгем, бирок медицина көңүлүмө төп келбегенин билчүмүн.

Чыгармачылык менен алектенгим келчү, Болливудду кыялданар элем. Дал ушул себептен Бишкекте бир жыл жашап, мекенге кайткам. Мумбайда өзүмдү сынап көрүүнү пландагам. Атам менен апам мунумду жактырган жок. Көп өтпөй медициналык жогорку билимимди тастыктаган диплом алуу үчүн кайра Бишкекке кайттым. Окууну аяктап, ата-энеме дипломду карматкан соң жан дүйнөм каалаган музыка жана чыгармачылыкта чыйыр саларымды макулдаштык. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Индиялык Сандип Бижауат Кыргызстанга он жыл мурун медициналык билим алуу үчүн келген

— Бишкекке көнүш кыйын болдубу?

— Алгач сентябрь айында келгем, кыйла салкындап калыптыр. 17 жашымда бейтааныш калаада жалгызмын десеңиз. Анда орусча таптакыр билбейм, англис тилдүүлөр менен да тааныша элек кезим.

Бардык нерседе – соода кылууда, маршрутка же такси менен барар жериңе жетип алышта да түшүндүрө албай кыйналасың... Азыр эми ар бир экинчи киши англисче сүйлөйт, он жыл мурун башкача болчу. Мындай шартта бачым көнөсүң, орусчаны үйрөнүп, кыргызчаны чала-була сүйлөп калдым. Албетте, укмуш билбейм, бирок баарлаша алам. Баса, адеп келгенде батирди ижарага алуу да өзүнчө бир машакат эле. Үйдү ижарага берүүчүлөрдүн көбүнө телефон чалып чыктым. Бирок индиялык бир же бир нече студент издеп жатканын угушканда батир эбак берилгенин айта салышат.

Бир жолу менин жолум болбой жатабы же кеп Индиядан келген студенттерге өзгөчө мамиледеби текшерип көрүүнү чечтим. Ижарачылардын бирине кайрадан телефон чалып, турак жайды издеп жаткандар америкалык балдар экенин айттым. Эртеси эле күнү батирди берүүгө даяр болушту!

Азыр баары жеңил, жаңы келген студенттерге калаада мурдатан жайгашып калган чет өлкөлүктөр көмөктөшөт. Албетте, акысыз эмес, бирок адамдар эмне үчүн төлөп жатканын түшүнсө төлөп берүүгө даяр. Ошондой эле үйдү ижарага берген жергиликтүү жашоочулар сырттан келген студенттер пайдалуу кардар экенин билишет. Анан да мындай ижарачылар көпчүлүк учурда акыны толук көлөмдө беришет. Алар окууну аяктаганча сиздин батириңизде жашагандыктан жаңы тургундарды издеп убара тартпайсыз. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сандип Бижауат: дарыгерлик – табият даарыган кесип, ири жоопкерчилик, андайды өз мойнума алууга даяр эмесмин 

— Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугу тууралуу маселе көп көтөрүлөт. Дал ошол себептен студенттер топтошуп алып, санаалары тынч жүрөрүн айтышат. Сиз андай жагымсыз жагдайларга кабылган жоксузбу?

— Башында санааркачумун, кээде бейтааныш адамдар негизсиз доомат айтып калышчу. Бир-эки ирет мушташып калган жайым да бар. Кийин андайлар токтоду. Менимче, болгону жашоого болгон мамилемди өзгөрттүм, бир убакта оор сезилген кырдаалдар саламаттык үчүн арзыбай турганын түшүндүм окшойт. Чындап эле Индия жана Пакистандын көп жарандары топ-топ болуп сейилдөөнү ылайык көрөт, анткени ушундай жүргөн коопсуз. Менимче, адамдар бул жакта канчалык узак жашаса, ошончолук жагымсыз жагдайларга кабылбоого тырышат. Балким, бул көбүнесе чет өлкөлүктөр да жергиликтүү маданиятка ыктап калгандыктан болушу мүмкүн. Мисалы, Индияда ушундай маек куруп жатсам, үнүмдү бийик чыгармакмын. Биз телефондон, видеобайланышта катуу сүйлөгөндү жактырабыз. Ал эми бул жакта андай нерсе натуура көрүнүш, чет өлкөлүккө "акырын болуу" эскертилет. Бишкектиктер катуу сүйлөп, алардын тынчтыгын бузгандарга кыжырданат.

— Былтыр чет өлкөлүктөрдүн билим сапаты боюнча маселе абдан курчуду. Кеп Пакистан жөнүндө, КР окуу жайларынын бир тобу кара жана боз тизмеге киргизилген. Сиз медиктерди даярдоо деңгээлин кандай баалайсыз?

— Жеке менин мисалым анчейин ылайык болбос, себеби башынан эле бул кесипти каалаган эмесмин. Дипломду гана колго алып, ата-энеме тапшыруум керек болчу. Улуу муундун өкүлдөрү да, алар качандыр бир анын пайдасы тиерине ишенишет. Жакындарымды кыйбай Индияда медициналык квалификациямды тастыктай турган экзамен тапшыргам. Эки жолу кулап калдым. Дегеле кызыгуум жок эле, дарыгерлик – табият даарыган кесип, ири жоопкерчилик, андайды өз мойнума алууга даяр эмесмин. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сандип Бижауат: биз телефондон, видеобайланышта катуу сүйлөгөндү жактырабыз. Ал эми бул жакта андай нерсе натуура көрүнүш, чет өлкөлүккө "акырын болуу" эскертилет. Бишкектиктер катуу сүйлөп, алардын тынчтыгын бузгандарга кыжырданат

— Журналисттер ар бир чет өлкөлүк жаранга бере турган суроону сизге да узатайын. Кыргызстан менен мекениңиздин жарандарынын кандай окшош жагы бар?

— Мекенимдегилер шаан-шөкөттүү салтанаттарды жактырышат, бул жакта тойлор өтөт эмеспи. Индиялык үй-бүлөлөрдө, кыргызстандыктардай сымал эле жаштар баш кошкондо кыздын төркүнү сеп берет. Ачыгы, Индияда бул салт терс кабыл алынчу болду, анткени кыз тарап көп оокат берүүгө тийиш. Турмушка чыккан кыз ата төрүнөн узаган соң кийин алар алдан тайып карыганда да бага албайт. Ушундай көрүнүштөрдөн улам кыздуу болорун билишкенде аялдардын бир далайы бойдон алдырышкан. Кайсы бир убакта кырдаал жетер чегине жетип, мамлекеттик деңгээлде медиктерге уул же кыз төрөлөрүн жубайларга алдын ала айтууга тыюу салынган. Азыр кыздарга сеп чогултууда терс жагдай жок. Жаш бүлөгө жардамдашууга жакындарынын чама-чаркы келсе гана көмөктөшөт.

— Frunze Streeets тобун түзүпсүз, ошондон кеп салсаңыз.

— Музыкага кызыгып келгем. Кыргызстанда өз демилгелеримди биргеликте ишке ашыра алчу санаалаштарды кезиктирдим. Биз ырдын сөзүн жазып, обон жаратабыз, клип тартабыз. Булардан тышкары, музыкалык тобубуз бар, Бишкекте автордук ыр жазган жамааттарды өз чыгармаларын аткара алчу арт-кафе ачтык.

Каверлерге эч кандай каршылыгым деле жок, кээде биздин музыканттар түп нускасынан кем калбагыдай аткарышат. Бирок мен дайым өзүмдөн чыккан чыгармаларды сунгум келет. Ушундай жол менен гана угармандын жүрөгүнөн түнөк тапчу жаңы бир нерсе жаратууга болот.

— Айрым музыканттар Бишкектеги эс алуучу жайлардын кардарлары автордук музыканы жактырышпайт, көпчүлүгү алигүнчө "Despasito" ырын коюну сурана беришет деп даттанып калышат.

— Баары ошол жай жана анын меймандарына жараша. Өз ырларын аткарышы үчүн музыканттарды атайын чакырабыз. Дал ошолордун ырларын тыңдап, чыгармачылыгынан ырахат алчу адамдар келет. Барды жаңыдан ачып жатканда анын концепциясы кардарларга ушунчалык жагарына анчалык ишенген эмесмин...

Былтыр жайда бар өрттөнүп кетти. Баарын өз колубуз менен жасап, статуэткалар көп эле, эмеректер да кол эмгеги болчу... Бүт күлгө айланды.

Кире бериштеги жазуу жана дубалга тартылган карыянын сүрөтү гана калыптыр. Ошол тушта борбор калаада кафе жана башка көңүл ачуучу жайлардын ишине тыюу салынган. Ошол кырсык биздин ишти жөнгө салып кетүүгө болгон үмүтүбүздү да өчүрүп салды. Социалдык медианы пайдалануу жолу менен тыйын топтоочу аянттардын бирине барды калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп жарыя жайгаштырдык. Автордук ырлар аткарыларын түшүндүрдүк.

Бир нече апта аралыгында 6 миң евронун тегерегиндеги каражат чогулду. Кубанычымда чек жок эле! Акча дүйнөнүн булуң-бурчунан жыйналды: биздин кафени сүйгөн кардарлар, ал түгүл Бишкекке аяк баса элек адамдар да тыйын которушту. Элге арт-кафе концепциясынын өзү жакты.

Биздин музыкалык топ мен үчүн чоң мааниге ээ. Анан да Бишкек мага аябай жагат, бул шаардын руху бар. Биздин эс алуучу жай да сонун. Адамдар Кыргызстанды баалабай бекер кылышат. Бул өлкөгө куштар тааныштарым бар Индияда. Алар кинематограф менен алектенишет, бул жакка тасма тартууга да бир нече ирет келип кетишкен.

Аларга процессти уюштурууга, актёрлорду, массовка жана башкаларды издөөгө көмөктөшкөм. Бул жактын жаратылышы индиялык кинематографтын форматына төп келип калат. Ошондуктан Болливуд режиссёрлору бул жакта иштегиси келет. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сандип Бижауат: Кыргызстандын жаратылышы индиялык кинематографтын форматына төп келип калат. Ошондуктан Болливуд режиссёрлору бул жакта иштегиси келет

— Кыргызстанда чет элдик жаранга бизнес жүргүзүү канчалык кыйын?

— Чынын айтсам, көптөн бери өзүмдү чет элдик деп эсептебейм. Менден качан жана дал эмнени күтүшөрүн так билем. Албетте, Индияда иш алып баруу жеңилирээк болмок, бирок бул жакта мыйзамдарды жакшы билсең, салыкты маалында төлөсөң, документтерди өз жайында жүргүзсөң, жашоо кыйла ыңгайлуу.

— Индия менен Пакистандан келген балдардын кышында жупжука кийинип алганын көп көрүп калам! Эмнеге?

— Ачыгын айтайын, ошону билбейм. Аба ырайына карап кийинүүгө аракет кылам, Кыргызстанда айрыкча кышкысын аябай суук. Менин мекенимде ал маалда орточо +15 градус, ал эми Бишкекте –20га чейин жетиши ыктымал!

0
Белгилер:
диплом, медик, кинематография, кафе, ыр, жаратылыш, Кыргызстан, ишкер, Индия
Тема боюнча
Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги