Володин: Россия доллар көз карандуулугунан арылып келе жатат

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры России и США
Денежные купюры России и США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Россияда бир катар аткаминерлер доллардын рыноктогу маанисин азайтуу керектигин айтып, кайсы тармактарда АКШ акчасы мурдагыдай "бийлик" жүргүзө албай калганын билдиришти.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия акырындык менен доллардан көз карандуулукту жеңип келе жатат. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Мисалы, ЕАЭБдин алкагында улуттук валюталар менен эсептешүү 74 пайызга чейин өстү. Ошондой эле Кытай жана Түркия менен өз валютабызды колдонуп соодалашууга өтүп жатабыз", — деди ал.
Мындан тышкары, ал Россия февраль айында Улуттук жетиштүүлүк фондунун каражаттарынын валюталык түзүмүн өзгөртүп, япон йенасы менен кытай юанынын кошулганын айтты.
"Ошол эле учурда доллар менен евронун көлөмү 45 пайыздан 35 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ал эми фунт стерлинг мурдагыдай 10 пайыз бойдон калды", — деди Володин.
АКШ долларлар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Стратегиялык кадам: Россия АКШ облигацияларына миллиард салды
Буга чейин Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новости агенттигине маек берип жатып, Россияда Америка акчасы дагы деле жүгүртүүдө экенин, бирок андан экономикалык көз каранды болуудан кутулуу керектигин айткан.
Ошондой эле ал Россиянын алтын валюта резерви дагы доллардан азыраак көз каранды боло баштаганын кошумчалаган.
Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да ушундай эле позицияда. Ал "Блумберг" басылмасына берген маегинде доллардын ролун бардык операцияларда азайтууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0