Крым Республикасынын лидери Сергей Аксенов

Крымдын тизелөө ниети жок. Аймактын лидери Аксенов менен маек

213
(жаңыланган 16:58 18.03.2021)
Крым жана Севастополь жарым аралынын Россия курамына киргенине жети жылдын жүзү болду. Мындан улам Крым Республикасынын лидери Сергей Аксенов аймактагы абал тууралуу айтып берген.

Баарлашуу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланды.

— Сергей Валерьевич, Коомдук пикирди изилдөөчү жалпы россиялык борбордун жакындагы эле сурамжылоосуна ылайык, россиялыктардын 81 пайызы Крымдын Россия менен биригишин оң баалай турганы белгилүү болду. 40 пайызы муну тарыхый адилеттүүлүк жагынан акталды деп эсептейт. Бул жыйынтыктарды сиз кандай баалайсыз?

— Тарыхый адилеттүүлүк, ошондуктан колдоонун жогорку деңгээли. Крым дайым Россиянын жери болгон. 1954-жылы Хрущев бир өлкөнүн алкагында чечим (Крымды УССРдин курамына өткөрүү жөнүндө) кабыл алган, ошондуктан адамдар анын айырмасын сезбей калышкан. Ал кезде бирдиктүү рубль эле, каалаган республикага жалпы жарандык паспортсуз баруу көйгөй жаратчу эмес.

Ошондуктан эл буга көңүл бурган эмес, дегеле согуштан кийин элдин түйшүгү башка эле. Эгер эмне болорун алдын ала көрө билсе, калк ошол кезде эле бул чечимге каршы болмок. Ал эми 2014-жылы крымдыктардын эрки менен президент тарабынан кабыл алынган чечим тарыхый болуп калды. Ал калктын басымдуу бөлүгү "макул" экенин көргөн, жарандарды коргоо биригүү жөнүндөгү бул чечимдин негизи болгон.

Глава Республики Крым Сергей Аксёнов во время встречи с президентом РФ. 19 марта 2020 года
© Sputnik / Алексей Дружинин
Крым Республикасынын лидери Сергей Аксенов: согуштан кийин элдин түйшүгү башка эле. Эгер эмне болорун алдын ала көрө билсе, калк ошол кезде эле бул чечимге каршы болмок. Ал эми 2014-жылы крымдыктардын эрки менен президент тарабынан кабыл алынган чечим тарыхый болуп калды.

— 2014-жылдын 7-мартындагы украиналык телеканалда видео байланыш аркылуу сүйлөгөн даңазалуу сөзүңүз крымдыктардын эсинде. Ал убакта Украинанын экс-президенти Леонид Кравчук камылгасы көрүлүп жаткан референдумдун мыйзамдуулугу боюнча сураган. Ошондо референдумду өткөрүү мүмкүн экенин, анткени бул сиздин жеке пикир эмес, Крым парламентинин чечими экенин айткансыз. Азыр ошол боюнча эмне дээр элеңиз?

— Дал ошондой, бул мыйзам чыгаруучу орган. Ал дайым жарандардын кызыкчылыгында, ушундай демилгелерди киргизе алат. Юридикалык жактан баары туура аткарылган.

Кравчук мырзага мен ушуну айткам. Жоопкерчиликти алар-албасымды сураганында: "Ооба, жоопкерчиликти алам", – деп жооп бергем. Анткени биз баарын туура жасап жатканыбызды так түшүнгөм.

— Владимир Зеленскийдин "сууруп алынган жүрөк" жөнүндөгү билдирүүлөрү жана "Крым платформасы" саммитин өткөрүү пландарынан Украина менен мамилени жакшыртуу мүмкүндүгү барбы?

— Мындай аянтчалардын баары ойдон чыгарылган, болгону саясатчы сөрөйлөр булар туурасында жар салат. Бул орундалгыс тилек экенин алар билишет, бирок жашоо деңгээли төмөндөп, тарифтер өсүп турганда кандайдыр бир аракет көрүп жатканын элге көрсөтүү керек эмеспи.

Менимче, азыркы жетекчиликтин тушунда (Киевдеги – ред. тактоосу) алакалардын жакшырышын күтүп болбойт. Акыры украиналыктар башка чечим кабыл алышат, балким адилеттүү чечимдерди кабыл ала турган жетекчилерди тандашар. Бирок Украинанын радасында азыркы саясатчылар турганда, абалдын оңолушу, ынтымактуу коңшулук мамилени түзүү, менимче, мүмкүн эмес.

Глава Республики Крым Сергей Аксёнов перед встречей президента РФ с общественностью в музейно-выставочном комплексе Константиновская батарея в Севастополе. 18 марта 2020 года
© Sputnik / Валерий Мельников
Сергей Аксенов: Украинанын радасында азыркы саясатчылар турганда, абалдын оңолушу, ынтымактуу коңшулук мамилени түзүү, менимче, мүмкүн эмес.

— Сиздин оюңузча, украиналык бийлик тарабынан олуттуу жаңжал тутантуу, Крымга Кара деңиз аймагындагы НАТО өлкөлөрүн тартуу аракетинде аскердик чагымчылдыктарга жол берилеби?

— Америкалыктар үчүн жаңжал чыкканы жакшы, бирок ага өздөрү катышпайт эмеспи. Бүгүнкү күндө аскердик планда Россия менен мамилени териштирүүгө эч ким даай албаса керек. Эч кандай коркунучтун жоктугуна ишенем. Кимдир бирөө ниеттенген күндө да Россиянын күчү жетишерлик. Америкалыктар Украинаны, менимче, украиналык бийликти буга шыкактайт. Коргонуу жагынан Крым да бүтүндөй Россия сымал эле кол тийгис.

Жер-жерлерде, чек арада, Донбасс, Луганск элдик республикасында чагымчылыктар болот. Бизге белгилүү бир тапшырмалар менен ар кандай диверсиялык топтор да келген. Бул улана берет, кандайдыр бир жол менен кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышат.

— "Бирдиктүү Россия" партиясынын крымдык бөлүмү РФтин Мамдумасына шайлоого камынып жатабы? Крымдан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жаңыртылабы?

— Ооба, өзгөртүүлөр болот, 1-апрелге дейре бардык талапкерлердин аты-жөнү жарыяланат. Саясий кеңеш карап чыгууга тийиш, ошондуктан азыр атабайм.

Глава Республики Крым Сергей Аксёнов выступает на торжественном собрании в Госсовете Крыма, приуроченном к седьмой годовщине воссоединения Крыма с Россией.
© Sputnik / Константин Михальчевский
Сергей Аксенов: Жер-жерлерде, чек арада, Донбасс, Луганск элдик республикасында чагымчылыктар болот. Бизге белгилүү бир тапшырмалар менен ар кандай диверсиялык топтор да келген.

— Сергей Валерьевич, аймакты жети жылдан бери жетектеп келесиз. Бул мезгил аралыгында жеке өзүңүз үчүн кайсы окуя өтө оор болду?

— Керчь. Бул абдан татаал убак болгон. Канчалаган балдар, педагогдордон айрылдык, кайтара албайт экенсиң. Орду толгус жоготуу. Армянск, суу, электроэнергия жагдайын баштан кечирдик. Бир топ кыйнады, бирок кырдаалдан татыктуу чыга алдык. Бирок Керчь — өзгөчө, бул чоң апаат. Калгандарынын баарын оңдой алабыз. Крымда өзгөчө кырдаалсыз бир да жыл өтпөдү. Көпчүлүгүнө даяр жооп жок эле. Биз баарын, анын ичинде суу чыгаруучу орнотмолорду да биринчи ирет жасадык. Өлкө мындай тажрыйбага ээ эмес эле. Ал түгүл КМШ аймагында да болгону Казакстанда гана бир орнотмо бар экен.

— Крымдын эл аралык аренада тааныла электиги коюлган максаттарга жетишүүгө тоскоолбу?

— Санкциялык режим жолтоо болууда, бирок биз баары бир аракет көрүп келебиз. Салыктын негизин бүгүн бюджеттик инвестициялар түзөт. Албетте, бизнес азыркыдан да өнүксө болмок, бирок канткен күндө да бюджеттик инвестициялардын ошол эле көлөмү алдыга жылуубузга көмөкчү болууда. Жагдай жөнгө салынат, андан шек санабайм. Биз эффективдүү аракеттебиз, тизелөөгө ниетибиз жок.

— Сиз —аймактагы социалдык медиада активдүү лидерлердин бирисиз. Батыштык социалдык медианы пайдаланууда кооптуулукту сезбейсизби? Маселен, корпорациялар тарабынан тескелген, айрым белгилүү саясатчы жана таанымал инсандардын ишин чектей алган Facebook жана Instagram.... Буларды иште пайдалануудан баш тартуу зарыл деп эсептейсизби?

— Жеке пикиримде, батыштык корпорациялар тарабынан көзөмөлдөнгөн социалдык медиа жүргүзгөн саясатта коомго анын пайдасынан зыяны көп. Социалдык медианы иш жүзүндө курал, геосаясий инструмент катары адамдардын аң-сезимин манипуляциялоо жана бурмалоо, жек көрүү, цензура жана каршы пикирдегилер менен күрөштү тутантуу үчүн пайдаланышат.

Көрүнүктүү мисал – ойлоп табылган себептерди же россиялык каналдардын, анын ичинде "Крым" ТРКсын эч түшүндүрмөсүз бөгөттөө. Мындан тышкары, социалдык медиа оозуна келгенин жарыялай берген ар кыл чагымчылардын, кээде акылынан тайган адамдарга көп миллиондуу аудиторияга чыгууга чексиз жол ачып берет.

Глава Республики Крым Сергей Аксёнов во время осмотра многопрофильного медицинского центра Крымской республиканской клинической больницы имени Н. А. Семашко.
© Sputnik / Константин Михальчевский
Сергей Аксенов: Санкциялык режим жолтоо болууда, бирок биз баары бир аракет көрүп келебиз. Салыктын негизин бүгүн бюджеттик инвестициялар түзөт.

Мындай жагдайда чындап эле эң катаал, керек болсо, жабууга чейинки чараларды көрүү абзел. Анан албетте, атамекендик маалыматтык платформаларды жаратуу зарыл. Бул тармакта импорттун болушунча ордун толтурууга тийишпиз. Маселе чечилерине ишенем.

Крымдын бийлик органдары туурасында айтсак, социалдык медиа бутактары коомчулук менен кайтарым байланыштын инструменти болуп саналат. Бул – көйгөйлөрдү аныктоо, ыкчам маалымат алуу үчүн түз баарлашуу инструменти. Бийликтин тигил же бул чечимдери жана аракеттерине коомчулуктун реакциясына көз салууга мүмкүндүк берет.

— Сергей Валерьевич, сиз менен мындан мурун, 2019-жылы Ялта форумунда маектешкенбиз. Ал эми былтыр пандемиядан улам баарлаша албай калдык. Быйыл форум эмне болот?

— Бул боюнча жыйын өттү, кырдаалга көз салып, маалымдайбыз. Катышуучулардан ким келип, скайпка ким чыгат, форматын аныктайбыз. Бул вице-премьер Марат Хуснуллиндин көзөмөлүндө. Ал киши уюштуруу комитетин жетектейт.

213
Белгилер:
Россия, Крым, Севастополь, санкциялар, Украина, Медиа
Тема боюнча
Көңүл Крымга бурулду. НАТО Байденге кантип ыңгайлашууда
Аял китеп окуу учурунда. Иллюстративдик сүрөт

Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди

86
(жаңыланган 11:01 18.10.2021)
Сомнолог беймаал уйкусуроодон кандай учурда өз алдынча кутулса болорун, кайсы мезгилде дарыгерге кайрылуу зарыл экенин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Күз канчалык жаанчыл болуп, күн бүркөлүп турса адамды ошончолук уйку басат. Мындай абалды жеңүүнүн жолдорун сомнолог Михаил Полуэктов Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Дарыгердин пикиринде, түнкү уйкудан калып же ооруп жатпаган учурда уйкуңуз келсе, бир чыны кофе эң сонун жардам берет.

"Кофеин уйкуну ачарын баарыбыз жакшы билебиз. Ал адамдардын гана эмес, чычкандардын, курт-кумурскалардын жана балыктардын уйкусун ача алат. Эгер бир нече күн катары менен күндүз уйку басса, демек, уктоо режимин бир аз өзгөртүү керек. Жок дегенде мурдагыдан 1-2 саат көбүрөөк уктаганга аракет кылыңыз", — деди дарыгер.

Ал эми көп уктап, ойдогудай эс алган учурда дагы уйку канбаса, анда дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени бул күздө курчуй турган психологиялык оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Мисалы, депрессияга күзүндө жер жүзүндөгү адамдардын 10 пайыздан ашыгы кабылат. Бул илдет көпчүлүк учурда адамдын алын кетирип, уйкусун келтирет.

86
Белгилер:
күз, уйку, ден соолук, дарыгер
Тема боюнча
Күздө иммунитетке кантип кам көрүү керек. Эндокринологдун кеңеши
Дарыгер. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 120дан ашуун медик россиялык адистердин вебинарына катышууда

29
(жаңыланган 10:23 18.10.2021)
Вебинар ноябрдын ортосуна чейин уланат. Анда өзгөчө көңүл алыскы райондордогу медиктердин иш тажрыйбасын жогорулатууга бурулмакчы.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 120дан ашуун дарыгер Россиядагы адистердин вирустук гепатитти дарылоо боюнча вебинарына катышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. 

12-октябрда башталган вебинар 13-ноябрда аяктайт. Ага өлкөдөгү инфекционист, гепатолог, үй-бүлө дарыгерлери катышат. Өзгөчө көңүл алыскы райондордогу медиктердин иш тажрыйбасын жогорулатууга бурулмакчы.

Лекцияны Москва облусундагы Илим-изилдөө клиникалык институтунун гепатология бөлүмүнүн улук кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Наталья Воронкова менен H-Clinic университеттик клиникасынын дарылоо боюнча консультанты Роман Ледков окумакчы.

Вебинарды "Гепатитке жол жок" коомдук бирикмесинин жетекчиси жана координатору, активист Нургазы Батырбеков демилгелеп, Ден соолук, укук, гендер жана сексуалдык ар түрдүүлүк боюнча Евразия коалициясы техникалык колдоо көрсөткөн.

29
Белгилер:
Кыргызстан, дарыгер, гепатит, вебинар
Тема боюнча
Медик: коронавирустан ооруп айыккандарга шиш така кийүү кооптуу
Эртең менен эмне кылбаш керек? Медик ден соолукка зыян адаттарды атады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Жүк ташуучу автоунаалар көбөйтүлөт. Акылбек Жапаров "Торугартка" барды

0
Жапаров учурда Нарында жумушчу сапары менен жүрөт. "Торугарттан" тышкары, Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайына  барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыккан.

"Ал мындан ары жүктөөлөр Арка аймагында  (Арка — Кытай менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы нейтралдуу аймак) эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлө турганын белгилеген.  Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, анын инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жапаров Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышкан.

0
Белгилер:
Нарын облусу, 'Торугарт' көзөмөл өткөрүү пунку, Акылбек Жапаров, жумушчу, сапар, тапшырма
Тема боюнча
Президенттин администрациясында бөлүмдөрдүн ордуна 4 башкармалык болору айтылды