БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров кытайлык кесиптеши Ван И менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Брюссель Москва менен болгон алака-катнашын жойду деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Министр Европада улуттук кызыкчылыкты туу тутуп, Россия менен өнөктөштүк ымаласын сактаган өлкөлөр аз эле калгандыгын, калганы болгон механизмдерин жок кылгандыгын белгиледи.
"Азырынча Батыш фронтубуз өзгөрүүсүз, ал эми Чыгышта биздин күн тартип өтө тез ылдамдыкта кетип, ар бир жыл улам маңыздуу боло баштады", — деп кошумчалаган ал.
Муну менен катар эле Лавров эгерде Европа жаратып алган кемчилигин жойсо, Москва байланышты калыбына келтирерин айткан.
Акыркы учурда Евробиримдик менен Россиянын ортосундагы карама-каршылыктар Алексей Навальныйдын айланасындагы кырдаалдан улам курчуп кетти. Брюссель Россияга каршы санкцияларды киргизди. ТИМден муну "туңгуюкка кептелген жана туура эмес жол" деп атап, ага жооп кылууга убада кылды.Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлдегилер Москвага карата санкциялар максатына жетпесин бөркүндөй көрүп тургандыгын айтты.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиядагы Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун вирусологу, профессор Анатолий Альтштейн "360" телеканалына КР Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19га каршы "Ысык-Көл тамырын" пайдалануу боюнча сунушуна пикирин билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту бул же тигил каражат менен дарыласа болорун клиникалык изилдөөдөн кийин гана айтууга болот.
"Бизде пайдаланса болот делген каражаттар толтура. Эгер дарыгерлер кайсы бир препаратка ишенип жатса, аны клиникалык сыноодон өткөрүп көрүү керек. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз", — деди адис.
Вирусолог кошумчалагандай, элдик медицинада ар кандай каражаттар колдонула берет. Бирок аларды изилдеп көргөн мисалдар аз.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.
Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.
Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты
Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок
Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү
Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү
Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду
Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан
Сууктан коркпогон катышуучулар
Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат
Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо
Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат
Катышуучу аял
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.