Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин эмдөөдөн кийинки пландары тууралуу айтты

(жаңыланган 23:03 25.03.2021)
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эмдөөдөн кийин Путиндин абалы жакшы экенин айткан.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинадан антитело иштелип чыккандан кийин иш сапарларынын географиясын кеңейтип, ар түрдүү мекемелерге, анын ичинде маданий жайларга барарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Шейшемби күнү Кремль Путин Россиядан чыккан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алганын кабарлаган. Экинчи доза өлкө башчысына болжол менен үч жумадан кийин жасалат.

Бүгүн РФ президенти маданият кызматкерлеринин күнүнө карата маданият, өнөр, адабияттын жаш ишмерлери үчүн сыйлыктын лауреаттары менен видео байланыш аркылуу жолугушуу өткөргөн. Ал жерден катышуучулардын бири, мамлекеттик балдар китепканасынын жетекчиси Мария Веденяпина Путинди китепканага келип кетүүгө чакырган.

"Мария Александровна, рахмат. Өзүңүз билгендей, эмделдим. Бара турчу жерлеримдин географиясы кеңейет. Анын ичинде маданий мекемелер, китепканалар дагы бар. Баса, бүгүн Москвадагы театрлардын биринин жаңы имаратына барып келейин деп жатам", — деген президент.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эмдөөдөн кийин Путиндин абалы жакшы экенин айткан.

Белгилер:
билдирүү, жолугушуу, коронавирус, эмдөө, Владимир Путин
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1375)
Тема боюнча
Министрлик: Кытай вакцинасынын кыйыр таасири катталган жок
COVID: жакында балалуу болгусу келгендер эмделиши керекпи? Адистин пикири
COVID-19га каршы эмдөө жүрчү жерлер. Министрлик даректерин айтты

АКШнын Россияга каршы санкциялык тизмесинде жоктор "кимге иштейт"?

(жаңыланган 16:28 17.04.2021)
АКШнын антироссиялык санкциялары "гегемон чаралары" деп аталды. Мындай аныктаманы Кытай жаңы чектөөлөргө комментарий берип жатып айткан.

Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?

Белгилер:
аракет, жооп, санкциялар, Кытай, Россия, АКШ, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Бизнесмендерге чыккан туумдар, салык санкциялары жоюла турган болду. Шарттары
Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин чыгып кетиши керек

(жаңыланган 15:28 17.04.2021)
Россия ИИМинин маалыматы боюнча, ушул тапта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин саны жарым миллиондон ашып кетти.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин чыгып кетиши керектигин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 52-жыйынында коронавирус пандемиясы учурундагы миграция маселелери тууралуу сөз болду.

Горовойдун айтымында, буга чейин Россияда мигранттарга бир топ жеңилдиктер берилди. Бирок ушул тапта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин саны жарым миллиондон ашып кетти.

"Эгер бул санды азайтпасак, 15-июндан тарта президенттин жарлыгына ылайык, мыйзамсыз жүргөндөргө өлкөдөн чыгарып салуу же чек араны жаап алуу сыяктуу чараларды колдонууга туура келет. Ар бир өлкөдө ЖМКлар аркылуу бул нерсе айтылса жакшы болмок", — деди Горовой.

Постсоветтик өлкөлөрдөн келип, уруксатсыз жүргөн мигранттардын саны:

  • 332 миң — Өзбекстан;
  • 247 миң — Тажикстан;
  • 152 миң — Украина;
  • 120 миң —Азербайжан;
  • 115 миң — Кыргызстан;
  • 61 миң — Армения;
  • 56 миң — Молдова;
  • 49 миң — Казакстан.

Министрдин орун басарынын айтымында, пандемия башталгандан бери мигранттарга Россияда жүрүү мөөнөтү автоматтык түрдө төрт жолу жылдырылды. Акыры мөөнөт 15-июнда соңуна чыгат.

Белгилер:
министр, чара, Кыргызстан, мыйзамдар, миграция, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын мигранттардын эсебинен сатып алууну көздөөдө
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы