Коронавируска каршы "ЭпиВакКорона" вакцинасынын коргоочу үч линиясы айтылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү"ЭпиВакКорона" вакцинасын өндүрүү боюнча лабораториянын кызматкерлери
ЭпиВакКорона вакцинасын өндүрүү боюнча лабораториянын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Буга чейин 18 жана 60 жаштагы ыктыярчыларга жасалган клиникалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланган. Вакцинанын экинчи дозасын алгандан 21 күн өткөн соң бардык ыктыярчыларда антитело пайда болгон.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык "ЭпиВакКорона" үч эселенген иммундук коргоону түзөт. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдиргенин РИА Новости жазды.
Препараттын иштөө принциптери ведомствонун расмий сайтына жарыяланды.
Россия коронавируска каршы КовиВак вакцинасын өндүрө баштады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Россия коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасын өндүрө баштады. Видео
Антителолор SARS-CoV-2нин S-белогунун клетка рецепторлору менен аракеттешүүсүнө жолтоо болот дагы биринчи коргоо линиясы түзүлөт.
Экинчи коргоо линиясында антителолор вирус кабыгынын клеткалык мембрана менен кошулушуусуна каршылык көрсөтөт. Эгер патоген баары бир клеткага кирип кетсе, коргонуунун үчүнчү линиясы ишке кирет. Тагыраагы, иммундук системанын макрофагдар, нейтрофилдер жана киллерлер сыяктуу элементтери активдешет.
"Антителодон сырткары "ЭпиВакКорона" Т-клеткалык иммундук жоопко түрткү берет", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин "Инфекция жана иммунитет" журналы 18 жана 60 жаштагы ыктыярчыларга жасалган клиникалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, вакцинанын экинчи дозасын алгандан 21 күн өткөн соң бардык ыктыярчыларда антитело пайда болгон.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Путин эмдөөдөн кийинки пландары тууралуу айтты
"ЭпиВакКорона" — Россияда каттоодон өткөн экинчи ("Спутника V" вакцинасынан кийин) коронавируска каршы вакцина. Анын курамында тирүү вирустар жок жана иммунитет синтезделген жасалма пептиддерди колдонуунун негизинде пайда болот.
Россияда мындан башка дагы эки вакцина бар. Алар Гамалея атындагы борбордон чыккан "Спутник V" жана Чумаков атындагы борборго тийиштүү "КовиВак".
Жаңылыктар түрмөгү
0