БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцина алууда эмнеге башка дүйнөлүк лидерлер сыяктуу видеого тартылбаганын айтып берди.
Путин ушул жума эмдөөдөн өткөн. Анын администрациясы президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон. Кремль мамлекет башчысынын эмдөөдөн өтүп жаткан видео жана сүрөтүн таратпай тургандыгын билдирген.
"Эми биз сөзсүз эле башкалар кылган нерсени жасашыбыз керекпи? Жок, биз антпейбиз. Эгер ушундай деңгээлде кимдир бирөө жалган нерсени көрсөткүсү келсе, ал кыйын деле эмес да. Ийнени көрсөтүп туруп кошулманы, жадагалса айран менен апельсин ширеси сыяктуу деле бир нерсени сайып койсо болсо керек... Албетте, тамашалап жатам, жөн гана витаминдер болушу мүмкүн. Менимче, бул олуттуу эмес", — деген президент "Россия 1" телеканалына берген маегинде.
Мындан тышкары, президент вакцинанын кайсы түрүн алганын атайын ачыктабай турганын айткан.
Президент иммунитетин чыңдоо үчүн муздак жана ысык сууга жуунуп жатканын, бул ден соолукту бекемдей турганын айткан.
Ошондой эле буга чейин Россияда чыгарылган "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" вакциналарын дүйнөдөгү эң мыкты препараттар деп атаган.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.
Трамп Путинге жагарын белгилеген.
"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.
НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.