РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив

Песков: Россия АКШнын күчкө салып сүйлөшүүсүнө жол бербейт

17-март күнү Байден ABC News каналында маек куруп жатып Путин "шайлоого кийлигишкени үчүн жооп берерин" айтып, аны кыйыр түрдө "жан алгыч" деп атаган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. АКШнын Россияны күчкө салып сүйлөштүрүүгө дарамети жетпейт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун "Аргументы и факты" басылмасына айтканын РИА Новости жазды.

Ал Москванын Вашингтон менен дипломатиялык мамилелерди үзүү ыктымалдуулугу тууралуу суроого жооп берген.

"Бул мүмкүн эмес. Америкалыктар ким менен гана болбосун күч позициясынан туруп сүйлөшөрүн улам кайталап жатат. Путин да, жетекчилик кызматтагылар да эч кимге биз менен минтип сүйлөшүүгө жол бербейт. Бул талкууланбай турган маселе", — деди Песков.

Маалымат катчы Москва ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан Вашингтон менен диалогду улантуу зарыл деп эсептей турганын белгилеген. Песков мисал кылып АКШ лидери Жо Байдендин одоно сөзүнө Владимир Путиндин жообун келтирди.

17-март күнү Байден ABC News каналында маек куруп жатып Путин "шайлоого кийлигишкени үчүн жооп берерин" айтып, кыйыр түрдө "жан алгыч" деп атаган.

Путин ага чың ден соолук каалап, "башка кишиге баа берүү — күзгүгө карангандай эле кеп" экенин белгилеген. Мындан тышкары, РФ президенти Байденге талкууну түз эфирде улантууну сунуштап, сүйлөшүүнү узакка калтырбоого чакырган. Ынанарлык жооп болгон эмес.

"Анын (Путин — ред.) жообунун өзөгүндө сүйлөшүү тууралуу демилге жатат, бирок бул сунуш жоопсуз калды. Биздин пикирибизде ушу тапта эки өлкөнүн мамилесинин мындан да начарлоосуна жол берилбеш кажет. Ансыз деле көп зыян келтирилди, кандайдыр бир жолдор менен калыбына келтирүү керек. Ошондуктан ийри отуруп, түз сүйлөшүү зарыл", — деди Кремлдин өкүлү.

Песков "азыркы түзүлгөн кырдаалда" президенттер кантип, эмне жөнүндө сүйлөшөрү чынында эле кызык экенин кошумчалады.

"Ошентсе да экинчи тарап үчүн чечим кабыл алуу мүмкүн эмес да. Тангону да эки киши бийлейт", — деп сөзүн жыйынтыктады Песков.

Россия менен АКШнын мамилеси илгертеден эле татаал. 2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш жана Крымдын кайтарылышынан соң бир топ начарлап кеткен. 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоодон кийин Вашингтон Москванын кийлигишүүсү тууралуу айтып, кине коюп келет. Россия айыптоолорду бир нече ирет четке какканына карабай АКШ РФ жарандарына, компанияларга, керек болсо бүтүндөй экономикалык секторлорго санкция киргизүүдө.

Ортодогу алака Байдендин орунсуз сөзүнөн кийин татаалдашып, Москва Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антоновду акылдашуу үчүн чакыртып алган.

Белгилер:
саясат, АКШ, билдирүү, Жо Байден, Владимир Путин, Россия, Дмитрий Песков
Тема боюнча
"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?
Байден Путинди климат маселесин талкуулоого чакырды
РФ президенти Владимир Путин. Архив

Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды

(жаңыланган 16:33 14.04.2021)
Россия башчысы биринчи вакцинасын 24-мартта алып, өзүн жакшы сезип, дароо ишке чыккан. Администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.

Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.

Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия, Владимир Путин
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат
Россия илимдер академиясынын жана Роскосмостун космосту изилдөө институту түзгөн асмандын интерактивдүү рентгендик картасы

360°. РФ окумуштуулары космостун интерактивдүү картасын түзүп чыгышты

Рентгендик картадан квазарларды, активдүү галактикалардын өзөгүн, Күндөн миң эсе жарык жылдыздарды жана башка объектилерди көрүүгө болот.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия илимдер академиясынын жана Роскосмостун космосту изилдөө институту асмандын интерактивдүү рентгендик картасын түздү. Бул тууралуу мамлекеттик корпорациядан билдиришти.

Билдирүүдө панорамалык картадан 360 градустук көрүнүш менен квазарларды, активдүү галактикалардын өзөгүн, рентгендик пульсарларды, Күндөн миң эсе жарык болгон таажылуу жылдыздарды көрүүгө боло тургандыгы айтылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Роскосмос // Roscosmos (@roscosmosofficial)

Карта "Спектр-РГ" россиялык-германиялык орбиталык обсерваториясында жайгаштырылган телескоптун жардамы менен түзүлгөн. Ал жакында объектилерди белгилөө функциясы менен толукталмакчы.

Белгилер:
күн, карта, жылдыз, космос
Тема боюнча
Аалам кооздугу кадрларда. 14 сүрөткө сыйган космос жаңылыктары
ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров. Архив

Министр Бейшеналиев ТИМ кызматкери эмнеден каза болгонун айтты

(жаңыланган 17:42 14.04.2021)
Министр дипломатка кичинекей балдар жаткан жерден тамчылатма ийне саюу чоң катачылык болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.

Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.

"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу. Ошон үчүн ал каза болуп калды", — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, өлүм, кызматкер, ТИМ
Тема боюнча
ТИМ кызматкеринин ооруканадагы өлүмү. Милиция окуянын чоо-жайын айтты