Россия биринчи болуп жаныбарлар үчүн коронавируска каршы вакцинаны каттады

© Информационный портал "Ветеринария и жизнь" / Медиабанкка өтүүКоенго вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив
Коенго вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Препараттын клиникалык сыноосу былтыр октябрда башталып, ага ит, мышык, ак түлкү, кадимки түлкү, суусар жана башкалар тартылган.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Дүйнөдө жаныбарлар үчүн коронавируска каршы вакцина биринчи жолу Россияда катталганын РИА Новости жазды.
"Карнивак-Ков" вакцинасы Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жаныбарлардын ден соолугун чыңдоо борбору тарабынан иштелип чыккан.
"Препараттын клиникалык сыноосу былтыр октябрда башталган. Ага ит, мышык, ак түлкү, кадимки түлкү, суусар жана башкалар тартылган. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен вакцина зыянсыз жана анын иммуногендик активдүүлүгү жогору деп айтууга болот. Анткени коронавируска каршы эмделген жаныбарлардын бардыгында коронавируска каршы антителолор иштелип чыккан", — деп билдирген мекеме.
Учурда россиялык окумуштуулар жаныбарларга препарат сайылгандан кийин канча убакытта иммунитет иштелип чыгарын изилдеп жатышат.
Вакцина массалык түрдө апрелде чыгышы күтүлүп жатат. Препарат алууну азырынча Россия жана Греция, Польша, Австриядагы чарба ээлери пландап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0