Дүйнөлүк банк Россия калыбына тез арада келерин божомолдоодо

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМоскванын Казань вокзалындагы жүргүнчүлөр. Архив
Москванын Казань вокзалындагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Россиянын экономикасы кризистен кийин тез убакытта калыбына келет. Мындай бүтүмгө Дүйнөлүк банктын эксперттери келип жатат.
Дүйнөлүк банктын жаңы божомолу январь айына караганда бир топ эле түзүк. Россиянын өсүп-өнүшүнө эмне таасир этип, кандай тоскоолдуктар болорун РИА Новости жарыялаган материалдан таанышууга болот.

Чектөөлөрдү алуу жана вакцинация

Дүйнөлүк банк өлкөнүн ИДПсы 2021 жана 2022-жылдары 2,9 жана 3,2 пайызга өсөт деп боолголоп жатат. Январда 2,6 жана 3 пайыз тууралуу айтылган. "Калыбына келүү процесси пандемия таасиринин алсырашы менен ылдамдайт", — дешкен Европа жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасы тууралуу докладдын авторлору.
2020-жылы ИДПнын жоготуусу 3,1 пайызды түзүп, башка мамлекеттерге салыштырмалуу аз болду. Дал ушул жагдай божомолду өзгөртүүгө негиз болуп берген.
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Эки тоонун чөбүн эңсеп... АКШ россиялык мунайды рекорддук көлөмдө сатып алды
Өсүүгө чектөөлөрдүн алынышы да себеп болууда. Россия коронавирустун экинчи толкуну башталганда локдаун жарыялаган эмес, бул кризистен тезирээк чыгууга шарт түздү. Дүйнөлүк банк коронавирустун үчүнчү толкуну өлкөнү кыйгап өтөт деген ниетте.
Эксперттер өсүп-өнүүнү россиялык вакцина менен эмдөөнүн башталышы өбөлгөлөйт деп санашууда. Ошол эле учурда тобокелчиликтерди да көрсөтүп, эмдөө жай жүрсө эпидемия уланарын белгилешти.
Буга Батыштын санкциялары да терс таасирин тийгизери бышык. Банк сектору күмөнсүнүүнү жаратууда. Экономисттердин баалоосу боюнча ипотекалык рынок толуп, бул өз кезегинде активдердин сапатын начарлатып, финансы уюмдарынын кирешесин азайтат.

Жакырчылыктын деңгээли жана бюджет

Дүйнөлүк банктын эсебинде өлкөдө жакырчылыктын деңгээли былтыркыга караганда кыскарып, бирок 2022-жылга чейин паднемияга чейинки көрсөткүчтөн жогору болот. Докладдын авторлору бийликтин көрүп жаткан социалдык чаралары элдин таптакыр итке минип калуусун алдын ала алган.
Бул тууралуу декабрь айында ДБнын Россиядагы өкүлү Рено Селигманн да айтып, өкмөттүн антикризистик аракеттерине баа берген.
Мамлекет бизнес жана калкты колдоого багытталган каражатты көбөйттү. Буга Борбордук банктын финансы резервин кошсок болот. Антикризистик чараларды эксперттер ИДПнын төрт пайызына теңеди (болжол менен төрт триллион рубль). Дал ушул нерсе өлкөнү жакырчылыктан сактап калды.
Кремльдын жанындагы Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
"Россияны жазалоо": РФ менен ЕБ алакасы 90-жылдардагы абалдабы?
Эмгек министрлиги буга чейин жакырчылыктын 13-деңгээли тууралуу айтып келишкен. Бул дээрлик 20 миллион адам дегенди түшүндүрөт.
ДБ бюджетке да божомол берди. Былтыркы жыл 4,1 триллион рубль чегиндеги же ИДПнын 3,8 пайыз дефицити менен жыйынтыкталган. 2021-жылы 1,8 пайыз болот деп боолголонуп жатат. Ал эми 2022-жылы профицит болору айтылууда.

Рецессия соңуна чыкты

Марттын орто ченинде "Экономиканын жогорку мектеби" улуттук изилдөө университетинин эксперттери рецессия аяктады деп эсептөөгө болорун жар салышты. "2020-жылдын соңунда эки кварталда негизги макрокөрсөткүчтөр 2021-жылдын башына карата Россияда рецессия жыйынтыкталды деп айтууга негиз берет" дешкен изилдөөчүлөр атайын даярдалган материалда.
Экономисттер ИДП үчүнчү жана төртүнчү кварталда 4,2 жана 1,7 пайыз кошуп, негизги капиталга инвестициянын көлөмү 1,2 жана 0,4 пайызды түзгөн.
Эксперттер инвестициялык активдүүлүк жай ыргакта төмөндөгөнүн белгилешти. Бул дагы Россиянын башка өлкөлөргө салыштырмалуу кризистен көп кыйналбаганын көрсөтүп турат. Постсоветтик тарыхта мындай көрүнүш биринчи жолу кездешүүдө.

Келечеги кең рынок

Аналитиктер 2020-жылы Россиянын ИДПсы каатчылык катуу болгон 2015-жылга (2%) караганда көбүрөөк, ал эми 2009-жылга (7,8%) салыштырмалуу азыраак кыскарганын айтышты.
Маскачан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Европанын алсырай түшкөн өз алдынчалыгы. Бекемдеп берчү барбы?
Февралдын башында РФ бийлигинин пандемияга каршы көргөн чараларын Эл аралык валюта фонду да жогору баалады. 2021-жылы өлкөнүн ИДПсы үч пайызга, ал эми кийинки жылы 3,9 пайызга жогорулап, АКШ менен еврозонадагыга караганда көп болору боолголонду. Муну массалык вакцинация, калк менен бизнестин мамлекет тарабынан колдоого алынышы, ири резерв жана карыздын аздыгы өбөлгөлөй турганы айтылууда.
Россияны келечеги кең рынок экенин Bloomberg агенттигинин аналитиктери да белгилешти. Алар экономикалык жана финансылык туруктуулуктун 11 көрсөткүчүнүн негизинде 17 мамлекетти изилдеп чыгышкан. Россия рейтингде экинчи орунду ээлеген.
Эксперттер өлкөнүн ишенимдүү бюджеттик профилин, 30 пайыздык чектеги инвенциялык позициясын жана 587,1 миллиард болгон эл аралык валюта резервин көрсөтүп жатышат. Дефолт тобокелчилиги жокко эсе. Bloomberg Россиянын экономикасы 2021-жылы бир топ алдыга жыларын боолголоп, үч пайыздык ченди көрсөтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0