Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМосквадагы тазалоо кызматынын ишкери. Архив
Москвадагы тазалоо кызматынын ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин миграция саясатына тиешелүү суроолоруна жооп берди.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Россияга ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатат. Жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалып жатканын маалымат жыйыны учурунда Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Акыркы учурларда мигранттар азайды. Мунун кесепетинен ири пландарыбыз ишке ашпай турат. Ошол эле курулуш, айыл чарба тармактарына жумушчу күч керек. Мигранттар аз болуп жатат", — деди Песков.
Ошондой эле ал журналисттердин миграция саясатына байланышкан суроосуна жооп берип жатып, Россия мамлекет катары мигранттарга жана алардын балдарына тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керектигин айтты.
Калининград шаарындагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
"Улуттар аралык мамилелер боюнча кеңешмеде мигранттардын балдары тууралуу сөз болду. Көп улуттуу, көп кырдуу Россия коомуна көнүп кетүүсү үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Учурда тиешелүү кызматтар мигранттардын балдарынын саны боюнча тактоолорду жүргүзүп жатат", — деди маалымат катчы.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө боюнча сөз кылып, Россияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны бар экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0