Путин 2020-жылы канча акча тапканы айтылды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание по вопросам наращивания производства вакцин и вакцинации населения РФ
Президент РФ В. Путин провел совещание по вопросам наращивания производства вакцин и вакцинации населения РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Путиндин былтыркы кирешеси башка жылдарга салыштырмалуу өтө көп деле эмес. Президент үчүн 2017-жыл кирешелүү болгон. Анда чоң аяттагы жерлерин сатып 19 миллион рублга жакын пайда көргөн.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 2020-жылы 9,994 миллион рубль киреше тапкан, бул мурдагы жылдагыдан 270 миң рублга көп акча. Маалыматты РИА Новости таратты.
Президенттин өткөн жылдагы киреше-чыгашасы, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланган.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Мурдагыдай эле Путиндин декларациясында аянты 77 чарчы метр батир жана гараж жазылган. Ал эми колдонууда аянты 153,7 чарчы метр болгон дагы бир батир жана 18 чарчы метрлик гаражы бар. Ошондой эле "ГАЗ М21" жана "Нива" унаалары менен "Скиф" чиркегичи жазылган.
Путин 2019-жылы 9,726 миллион рубль тапкан, 2018-жылы кирешеси 8,648 миллион рублди түзгөн болчу.
Ал эми 2017-жылы эң көп делген 18,7 миллион рубль пайда көргөн. Ошол убакта чоң аянттагы жерлерди сатканы үчүн кирешеси көбөйгөнү белгилүү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0