Сый кетти. Сергей Лавровдун Россия — АКШ алакасы тууралуу маеги. I бөлүк

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РФ тарап жагдайдан чыгуунун жолун кандай көрөрүн, америкалык саясатчылар ага даяр болуп-болбогонун РИА Новости агенттигине берген маегинде айтып берди.
Соңку убакта Россия менен Кошмо Штаттардын мамилеси каатчылыкта экени анык: америкалык санкциялар биринин артынан бири салынып, дипломаттар чыгарылып, ага Россия тарап да чара көрүүгө аргасыз. Ал эми Вашингтон кайра-кайра Москваны “жазалоону” убада кылууда.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров ушул таптагы эки тараптуу алакалар “кансыз согуш” маалындагыдан да начар экенин, эгер Америка “кызыл чийинден” өтүүгө аракет кылса, Россия кандай жооп кайтарарын түшүндүрдү.
— Мындан ары эмне болот? Окуя кандай нук алышы ыктымал?
— Эгер бул тек гана бизден көз каранды болгондо кадимки мамилеге кайтмакпыз, АКШдагы Россиянын дипломаттарынын ишин чектөө боюнча көрүлгөн чаралардын баарын жокко чыгаруу алгачкы кадам болмок.
Буга үндөш эле аракетибиз ага карата көрүлгөн чара болгон. Муну Байден кызматына киришери менен администрациясына сунуштаган элек. Бул тууралуу Блинкендин да эсине салгам. Барак Обама кызматынан кетерден эки-үч жума мурун баштап кеткендердин баары токтотулса, нормалдуу иш алып баруу үчүн көрүнүктүү кадам болмоктугун айткам. Россиялык менчиктин Вена конвенциясын бузуу менен камакка алынышы, россиялык дипломаттарды чыгарып салуу өңдүү ал кездеги аракеттер ошол менен токтоп калган жок.
Айтмакчы, биз бир топ сабыр кылдык, андай кадамдарга чара көрүүдөн оболу 2017-жылдын жай мезгилине чейин күтпөдүкпү. Анткени Трамптын администрациясы мурдагы кесиптештери кетип жаткандагы туруксуз көрүнүштөргө көңүл бурбай турууну өтүнгөн эле.
Анткен менен Трамптын администрациясы да жагдайды жөнгө сала албады, ошондуктан биз да жооп кайтарууга аргасыз болгонбуз. Бирок америкалыктар тим калган жок. Байдендин администрациясы да ошол нукта жол улап баратканына күбө болуп турабыз.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Путин кайсы жерге кызыл чийин чийгенин Батыш жакшы билет
Инаугурациядан көп өтпөй Путин менен Байдендин баарлашуусунда, кийин мамлекеттик катчы Блинкен менен сүйлөшкөнүмдө деле Россия менен мамилеге терең сереп салынып жатканы, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында көп нерсе түшүнүктүү болору айтылган. Бирок ошол сүйлөшүүнүн корутундусу жаңы санкциялар болуп чыкты. Аларга жараша гана эмес, мурда биз далай ирет эскертип келгендей акыры ассиметриялык жооп кайтарууга аргасыз болдук.
Ал эми биздин алакалардын стратегиялык жактан алып карасак, Вашингтондогулар да биз сымал эле дүйнөдөгү стратегиялык туруктуулук үчүн жоопкерчилигин түшүнөт чыгар. Булар – РФ менен АКШнын, жарандарыбыздын турмушун, алардын байланыштарын, бизнес жүргүзүү жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну бир топ кыйынчылыкка тушуктурган гана эмес, сөздүн кеңири маанисинде эл аралык коопсуздукту олуттуу тобокелдиктерге кептеген көйгөйлөр.
Жо Байдендин ABC каналындагы дүң болгон маегинде айтылган пикирлерди кандай кабыл алганыбызды билесиздер. Кошмо Штаттардын президентинин жолугушуу өткөрүү боюнча сунушуна Путин кандай жооп кылганынан да кабардарсыздар. Биз туура эле кабыл алдык.
Мындай демилгенин бардык аспектилерин түшүнгүбүз келет, азыр аны талдоо менен алекпиз. РФ президенти федералдык кайрылуусунда белгилегендей, эгер АКШ үстөмдүк кылуу (суверен) позициясы менен аракет этүүнү токтотсо, эгер бир полярдуу дүйнөнү калыптандыруунун келечеги жок экенин аңдаса, батыш өлкөлөрү баш ийген кандайдыр бир түзүмдү жаратуудан жана бүтүндөй батыш лагери өз тууларынын алдына ар кыл континенттеги бөлөк өлкөлөрдү Кытай жана Россия Федерациясына каршы тукуруу аракеттеринен баш тартса, эгер АКШ акыры БУУнун Уставында жазылгандай суверендүүлүктү, территориялык бүтүндүгүн сыйлоо, мамлекеттердин ички иштерине жана суверендик теңдигине кийлигишпөө өңдүү принциптери тегин жерден жазылбаганын түшүнсө, жөн эле уставдык милдеттенмелерин аткарып, кызыкчылыктардын балансын таап, ошонун негизинде башка өлкөлөрдөй эле биз менен да өз ара сый диалог жүргүзсө... Антпесе колубуздан эч нерсе келбей калат. Президент өз кайрылуусунда так айткандай эле, эгер биздин кызыкчылыктарга жооп берсе, биз эң кеңири макулдашууларга даярбыз. Анан, албетте, буга чейин айтылгандай эле өзүбүз аныктай турган “кызыл чийинден” өтүүгө кандай гана аракет болбосун катуу чара көрөбүз.
— Алар муну түшүнүп, сюзерендик позициядан баш тартары канчалык реалдуу? Себеби үмүт — жакшы нерсе, бирок реалдуулук таптакыр бөлөк эмеспи.
— Үмүт артканым жок. Кандай шарттарда биз сүйлөшүүгө даяр экенибизди санадым.
Репетиция учурунда танктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Аскердик кубаттуулукту арттырууга чыгым өсүүдө. Дүйнөлүк тенденцияга сереп
— Эгер андай болбосочу?..
— Анда бул – алардын тандоосу. Демек, сиз айткандай, же “кансыз согуш”, же андан да начар шарттарда жашоого өтөбүз. Менимче, “кансыз согушта” чыңалуу болгон, албетте, анан калса абдан олуттуу, тобокелдүү кырдаалдар, кризистик жагдайлар көп эле түзүлгөн. Бирок ал кезде азыр бизде таңсыктыгы сезилип турган өз ара сый сакталган эле.
Жакында эле Ак үйдүн расмий өкүлү Россияга карата санкциялар улантыларын, алар Вашингтон болжогон эле натыйжаны берерин, санкциялар АКШ менен Россиянын мамилесиндеги чыңалууну төмөндөтүүнү көздөй турганын билдирди. Буга бир пикир айтуудан да алысмын. Мындай маанидеги билдирүүлөр Ак үйгө аброй алып келбей турганы баарына түшүнүктүү болсо керек.
— Дипломаттар начар иштейт, мамиле түзө алышпайт, биз өжөрлөнө беребиз, РФтин позициясы таптакыр ийкемдүү эмес, ошондуктан алакабыз начар деген пикирлерди да кулагым чалганы бар.
— Мындай пикирлерди мен да окуп калам, дагы жакшы бизде сөз эркиндиги бар, батыштын көп өлкөлөрүнө, ошол эле АКШдагыга караганда бизде кыйла корголгон. Оппозициялык интернет-ресурстарды, газеталарды окуйм, алар өз көз карашын билдирүүгө акысы бар. Аларда негизинен “Батыш менен тирешпесек, азыр бизде пармезан (сырдын түрү – ред.) да, чындап жетпей жаткан дагы көп нерселер болмок” деген ойлор камтылат. Эми бул тар, бир тараптуу көз караш. Түшүндүрбөй туруп Батышта азык-түлүк сатып алууга бөгөт коюлган кезде бул жооп катары көрүлгөн чара болгон. Тек гана биз сырттан сатып алууну токтотуп салдык, импорттун ордун толтуруу менен алектендик.
— Блинкен менен кезигериңизди болжоп турасызбы? Жолугушуу качан болушу ыктымал? Дегеле ал жакын арада ишке ашырылышы мүмкүнбү?
— Телефон аркылуу байланышканыбызда дипломатиялык этикетке ылайык мен аны куттуктадым. Кырдаалды баалоо боюнча пикир алмаштык.
Менимче, жай, достук жана прагматикалык баарлашуу болгон. Америкалык кесиптештер мамлекеттик департаментте өз штатын курап бүткөндө дипломатиялык миссиялардын иштешинен тарта стратегиялык туруктуулук жана башкаларга чейинки көптөгөн маселелер боюнча өз ара пайдалуу макулдашууларды издеп, байланыштарды калыптандырууга даяр болорубузду белгилегем.
Заместитель председателя Совета безопасности РФ Д. Медведев провел заседание МПС МШУ Сколково - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Тарыхтын эстен чыккан сабактары. Медведев РФ менен АКШнын алакасы тууралуу
Америкалык жана россиялык бизнес кызматташуусун кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу өткөндө эле Америкалык-россиялык соода палатасы бизге маалымдады. Ыңгайы келсе кайра сүйлөшүүгө мүмкүн болчу талаада кандайдыр биргелешкен көп тараптуу иш-чаралар болоруна токтолдук. Азырынча Кошмо Штаттар тарабынан эч кандай сигнал түшө элек.
Иш-чаралар календары жөнүндө айтсак, үч аптадан соң Россия Арктикалык кеңештеги төрагалык эстафетаны Исландиядан өткөрүп алмакчы. Рейкьявикте, билишимче, 20-21-майда министрлердин кезигүүсү пландалууда. Эгер америкалык делегацияны мамлекеттик катчы баштап келсе, анын кызыкдарлыгы болсо мен сүйлөшүүгө даярмын.
Арктикалык кеңешке эки жыл төрагалык кыларыбызды эске алуу менен исландиялык кесиптештерибизге алдыдагы министрлердин жолугушуусуна катышарымды кабарлагам.
Жаңылыктар түрмөгү
0